Социалдык тармактар үй-бүлөнү кантип бузат?
Социалдык тармактар адамга жаңы, кызыктуу маектештерди табуу үчүн керек. Бирок айрымдар ага өтө эле көп убакыт бөлүп, башка максатта колдонушат. Социологдор ажырашып жаткандардын 50 пайызы өздөрүнүн үй-бүлөсүнүн бузулушуна дал ушул социалдык тармактарды күнөөлөшөрүн айтышат. Минтип отурса жакында ажырашуулардын негизги себеби болуп калары деле талашсыз. Негизи, социалдык тармактар үй-бүлөнүн бузулушуна кандай таасир этет?
Түгөйүн башкалар менен салыштырат.
Социалдык тармактардагы лентаны барактап отуруп андагы адамдардын баары укмуш бактылуу болуп жыргап жашап жаткандай сезим келет. Кымбат кийим кийип, жакшы машина айдап, иш кылбай эле эс алып жүргөндөй адамдарды көргөндө аялда “эмнеге жолдошумдун мени ушинтип эс алдырганга мүмкүнчүлүгү жок?” деген ой кетиши мүмкүн. Ал эми эркек социалдык тармактардагы келбеттүү, боёнгон айымдардын тазаланган сүрөттөрүн көргөндө “эмне үчүн менин аялым ушулардай болуп өзүн карабайт?” деп ойлошу мүмкүн. Мындай салыштыруулар эртеби, кечпи, сыртка чыгып, жубайлар бирин-бири ачык эле сындоого өтүшөт.
Соцтармактарга өтө эле көп убакыт кетет.
Ушунчалык көп болгондуктан, реалдуу жашоого эч канча убактыңыз калбай калат. Атүгүл өмүрлүк жарыңыз менен күн бою билдирүү аркылуу сүйлөшөсүз да, кечинде экөөңүздөр эки бурчта телефон кармап отурасыздар. Адамдардын ортосунда жандуу сүйлөшүү болбогон кезде алар бири-биринин жан дүйнөсүн түшүнбөйт. Сүйлөшүү, маектешүү аркылуу мамилени бекемдеп, жаңылап турууга болот. Ал эми түгөйлөрдүн бири соцтармактарда “жашап”, экинчиси андан алыс болгон шартта андан да жаман. Реалдуу жашоого басым жасаган түгөй өзүн жалгыз, ташталган адам катары сезет. Натыйжада өзүнө болгон көңүл бурууну сырттан издей баштайт.
Жубайлардын бири-бирине болгон ишеними кетет.
Интернеттеги жөнөкөй эле сүйлөшүүлөр да ал адамдын түгөйүндө кандайдыр бир терс эмоцияны, кызганычты жаратат. Мындан улам ал адам түгөйүнөн сыр катып, башкалар менен жазышкандарын өчүрүп, гаджетине сыр сөз коюп алат. Бул болсо андан бетер шек жаратат.
Түгөйүнүн көзүнө чөп салуу. Кадимки эле учурашуудан башталган маектешүү үй-бүлөлүк жашоонун астын-үстүн болуп кетишине чейин жеткириши мүмкүн. Сүйүү романын адам виртуалдуу жашоодон бир күнү сөзсүз реалдуу жашоого айландыргысы келет.
Онлайн-маектеш реалдуу маектешке караганда жакшы.
Көпчүлүк адамдар реалдуу жашоодо батынып айта албаган нерсесин жазып айта алышат. Мындан улам түгөйүнө айтпаган сырларын виртуалдуу жашоодогу маектешине айтып жүрүп кантип жакындап кеткенин өзү деле билбей калат.
Тиричиликтин көйгөйлөрүнөн кутулгусу келет.
Социалдык тармактардагы кооз жана таасирдүү сүрөттөр адамды турмуш-тиричиликтеги көйгөйлөрдү убактылуу унуттурууга жардам берет. Интернеттен баш көтөрсө эле көйгөйдүн баары башталып, аны жаратып жаткан адам түгөйү болуп жаткандай сезим болот да, натыйжада түгөйүнө болгон кыжырдануу пайда болот. Бара-бара тиричиликтеги маселелерден, кыжырына тийип жаткан түгөйүнөн биротоло кутулууга болгон каалоо жаралат.
Мурункуларды эске салат.
Кызыгуу – адамдагы кадимки сапаттардын бири. Алгачкы сүйүүңүздүн кандай жашоодо жашаганы, кимге баш кошкону, кайсы жерде иштегенин билүүгө кызыгуунун да эч кандай жаман жагы жок. Бирок соцтармактар аркылуу аны менен байланыш түзүүгө жасаган аракетиңиз аны шектендириши мүмкүн. Демек, азыркы түгөйү тигил же бул жагынан канааттандырбайт деген ой жаратат. Эгер анын жашоо-турмушу сиздикинен жакшы болсо кандайдыр бир өкүнүч жаралып, бул да болсо үй-бүлөнүн бузулушуна себеп болот.
«Үй-бүлөм бузулуу алдында турат, эмне кылам?»
— Биздин үйлөнгөнүбүзгө, болгону, 5 жыл болду. Ортобузда 4 жана 2,5 жаштагы уул-кызыбыз бар. Мен ушул убакка чейин өзүбүздү бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарына кошуп келгем. Бирок жакындан бери дүйнөдө менден өткөн бактысыз аял жоктой, өзүмдү тебелендиде калгандай сезип жатам. Эмне үчүн дейсизби?
Жолдошум социалдык тармактардын фанаты. Колунан бир мүнөткө да телефону түшпөйт. Бирок бул адатын азыркы жаштардын “оорусу” катары кабыл алып, бир да жолу трагедия кылган эмесмин. Анткени өзүмдун деле инстаграмсыз жашоом кызыксыз болуп каларын билем. Бир жолу жолдошум кимдир бирөө менен жазышып жаткан. Менин сүйлөгөнүмө маани бербей кызуу жазышып жатканынан карасам, көздөрү күлмүңдөп, жүзүндө башкача бир бактылуулук бар экен. Буга чейин эки кайталаган сөзүмдү жүзүнө тигилип туруп дагы бир ирет кайталадым. Жок. Айланасында эмне болуп жатат, ага бирөө сүйлөп жатабы, эч нерсе менен иши жок. Телефонго биротоло кирип кетиптир. Төртүнчү жолу үнүмдү бийик көтөрүп сүйлөгөнүмдө гана “селт” этип башын көтөрүп, маңдайында турган мени көрүп калдастап калды. Ушул окуядан кийин күйөөмдөн шек санай баштадым. Аны мынчалык бактылуу кылган ким экенине кызыктым. Өзү ачкан кезин аңдып жүрүп эки күн дегенде телефонунун сыр сөзүн билип алдым да, уктагандан кийин акырын телефонун алып аңтара баштадым. Көп кыздар менен эрмектешиптир. Алардын арасынан бирөөсү менен жазышкан сөздөрү мени нес кылды. Көрсө, ал бойдок кездеги таанышы экен. Жөн эле таанышы эмес, экөө тең ошол кезде эле бири-бирин жактырышарын моюндашыптыр. Анысы азыр Орусияда экен. Эки айдан бери байланышат экен. Күндөн-күнгө мамилелери жакындап отуруп ушул күндөрү бири-бирисиз жашай албай калгандай деңгээлге чейин жетип калышыптыр. Ушунчалык узун экен, мага булар уктабай, иштебей эле күнү-түнү жазыша бергендей таасир калтырды. Ызама муунуп окуп отура берип таң атайын деп калганын деле билбей калыпмын. Акырында Орусиядан жакында келерин, аны менин күйөөм чыдамсыздык менен саат санап күтүп жатканын билгенде көз жашымды токтото албай калтырап жатып калдым.
Эртеси алыстан сөз баштасам деги эле өзүн актап жакындаткысы жок. Акыры чыдабай кетип болгонун болгондой айттым. Мен жолдошумдан жөн эле эрмектеп койгонун, анда жазылган сөздөрдүн баары жүрөгүнөн чыкпаганын, чындыгында мени сүйөрүн айтып кучактап, кечирим сурашын күткөм. Тилекке каршы, анткен жок. Муздак гана унчукпай туруп берди. Ыйласам жашымды сүртүп койгонго да жарабады. Тескерисинче, “ырас болуптур, бирөөнүн телефонун уруксатсыз алып аңтарсаң ушундай болот” деп келекелегендей карап отурду.
Андан бери он күндөй убакыт өттү. Бирок мамилебиз оңолуп кеткен жок. Балким, мен ага кызыксыз болуп жатамбы деп көңүл бурганым, түрлөп тамак жасап бергеним, төшөккө кызыктырууга жасаган аракетим текке кетүүдө. Өзүн күнөөлүү сезип деле калган жок. Тигиниси менен жазышуусун улантып эле жатат. Мен болсо кызганычтан ичим өрттөнүп, өзүмдү коёрго жер таппай жүрөм. Күйөөмдү сүйөм, аны башкага тарттырып жибергим келбейт, балдарымдын болсо атасыз калышын эстегенден корком.
Айназик Раимкулова