Негизгиге Ааламда Венера Сатылганова: Уулумдун ден соолугун күндө тилейм

Венера Сатылганова: Уулумдун ден соолугун күндө тилейм

843

Венера Сатылганова: «Уулумдун ден соолугун күндө тилейм»

Venerasatylganova:
Он сегиз жаш,
Тоодо тунук булак белең,
Болбосо андан учкан бубак белең…

Актриса жана ырчы Венера Сатылганова менен Мурат Мамбетовдун жалгыз уулу 2-октябрь күнү 18 жашка толду. Чыгармачыл үй-бүлө уулунун туулган күнүн белгилеп, Нурданды эң жакын адамдары куттуктап келишкен.

Венера айым, Нурдандын туулган күнү кандай өттү?

— Жакшы, рахмат. Негизи, жылда эле атайын эч кимди чакырбайм. Куттуктап келебиз дегендер өздөрү эки-үч күн калганда чалышат. Атайын дасторкон даярдап коём. Анан эле кайын журтум, менин төркүнүм болуп жатып үйгө киши толуп кетет. Жыл сайын бапырап туулган күндү көңүлдүү өткөрөбүз. “Балам, 18 жашка чыгып жатасың, туулган күнүңдү кафеден өткөрбөйлүбү?” десек макул болгон жок. Дайыма өзү жакшы көргөн оливье салатын жасайм. Бул жолу өзгөчөлүк катары Кара-Балта шаарынан күйөрманым келди. Көптөн бери телефон чалып: “Сизди “Он сегиз жаш” деген ырды ырдап чыккандан бери жакшы көрүп сыйлайм”,- деп калчу. Уулумдун туулган күнү экенин билип алып белектерин көтөрүп келиптир. Кубанып калдым. 18 жаш деген тортту да ошол күйөрманым жасатып келиптир. Мен да ага чейин уулума “Костюм кийип атайын сага “Он сегиз жаш” деген ырды ырдап берем”,- дегем. Бирок ырдай алган жокмун.

Нурдан бул жылы кандай белек тандады?

— Жылда туулган күнүнө арнап белек алабыз. Өзү дайыма компьютерде отурат, туугандар буга чейин Sony PlayStation деген оюндун улам жаңы чыккан версиясын сатып беришчү. Өзүбүз болсо кичине кезинен белек алып берип жаттык. Жыл сайын каалоосу, тандоосу өсүп жатты. Ошондо атасы экөөбүз: “Уулум, Аяз ата деген жок, белектерди сага биз сатып берчүбүз”,- десек күлүп жатпайбы. Аяз ата жок экенин билчү экен, бирок мындай белектерди буйрутма берсең өкмөт берет деп ойлоптур. Эгер мурда эле өзүңөр алып берип жатканыңарды айтсаңар кымбат белек буйрутма бермек эмесмин деген. Бул жылы уюлдук телефонун жаңыртып бердик. Жалгыз эрмеги компьютер, телефон, китеп болуп жатса кантели…

Баса албаса да мектептеги сабактардан артта калбай билим алыптыр…

— Негизи, уулум алты жарым жашынан баштап ооруп калды да. Бакчадан жыгылдым деп келди, эртеси буту шишип кетти. Доктурга алып барсак “муун оорусуна кабылган” дешти. Мен айыгып кетсе кийинки жылы деле мектепке барат деп бир жыл кеч окуп калды. Оорусу мынчалык созулуп кетет деп ойлогон эмесмин. Мектепте, болгону, эки ай гана окуду. Кийин үйгө мугалимдер келип сабак бере баштады. Эжелери “балдардын баары ушинтип сабагын мыкты окуса кана” деп калышат. Буюрса, өзү компьютерге байланышкан окууга тапшырам деп жатат. Бирок азырынча кайсы кесипке ээ болорун так чече элек. Атасы экөөбүз тандаган окуу жайына тапшыртканга даярбыз.

Улам чоңойгон сайын сизге багууга күч келип жатса керек?

— Ооба, мурда го, көтөрүп алчумун. Азыр үйдө эч ким жокто дааратканага алып баруу кыйын. Кытайдан коляска сатып келип алгам, ошол да жакшы жардам берип жатат. Мурда шаарда 9-кабатта жашачубуз. Күндө сейилдегенге, массажга алып баруу оор болуп калат экен. Ойлонуп көрүп жер үйгө көчөлү дегенбиз. Үйүбүздү саткандан кийин шаардан ал суммага ылайыктуу үй ала албай койдук. Анан бардык шарты менен издеп отуруп Маевкадан жер үй алдык. Азыр сыртка чыкканга бир аз жеңил болуп калды.

Бир жылдары элден жардам сурап кайрылдыңыз эле. Колдоо таптыңызбы?

— “Элим, барсыңбы?” деген фондго кайрылганбыз. Ал жактан 50 миң сом каражат чогулду деп беришти. Жардам көрсөткөн элиме ыраазымын. Ошол чыккандан кийин көп киши чалып кандай жардам керек экенин сурап, жөн эле ден соолук тилеп батасын берип жатышты. Бул моралдык жактан өтө чоң колдоо болот экен. Андан сырткары Азиз Мурадиллаевдин операциясына эл акча чогулткан экен. Ал өзүнөн арткан акчасын берүүгө бизди тандап алыптыр. Баламдын эсебине 6 миң доллар которгон. Азиз айыгып кетти, балабыз да айыгып кетер деп ырым кылып акчага тийбей, үстүнө кошуп Пекинге же Германияга дарыланууга баралы деп жатканбыз. Бирок кээде баланын дарысына акча таппай калганда ошол акчадан алып жатып аз эле калды. Мен иштебейм, Мурат эле айлыкка иштейт, ал жетпейт. Балама дары алыш керек, укалоо кылуу керек дегендей.

Балаңызды багууда жолдошуңуз жардам береби?

— Каражат жагынан жоопкерчиликтин көбү жолдошумда. Акча табуу үчүн 3-4 жерде тынымы жок иштейт. Бош убактысы болсо баласы менен сүйлөшөт, ойнойт. Аталык мээримин төгөт. Эгер укалоого же доктурга барыш керек болсо иштерин ошого ылайыктап жылдырат. Айтор, түйшүктү тең эле тартып келатабыз.

Ошентсе да аял катары чарчаганда жолдошуңузга катуу тийип алган учур болобу?

— Жок, мен антип жинимди эч кимден чыгарбайм. Кандай санаа болбосун ичиме катып, жүрөгүмдө сактап жүрө берем. Ушундан улам болуш керек, капа болгондо бети-башыма бир нерселер чыгып, теримдин түсү өзгөрө баштайт.

Көп эле жерлерге дарылатууга бардыңыз. Кантип эле бул ооруга даба табылбай жатат?

— Мен азыркыга чейин балама оорукана издөө менен алекмин. Операция жолу менен катып калган колу-бутун сындырып, кайра түздөсө болот дешти. Үрүмчүдөгүлөр да келгиле дешкен, эки бутуна 30 миң доллар керек болот экен. Буту бүткөндөн кийин анан колун көрөбүз дешкен. Баламдын буту-колу дайыма ооруп турат. Андыктан күн сайын ооруну басуучу дары ичип жүрөт. Эгерде операция жасагандан кийин деле ооруй берсе, бала кыймылдай албайт да, кайра эле катып калат экен. Андыктан биринчи оорусун басуунун жолун табыш керек, аны болсо эч бир оорукана таппай жатат. Кээде баламдын абалы оорлоп азыркыдан да жаман болуп кетет. Мындай учур эки жолу кайталанды. Ошондо Кудайга жалбарып “азыркысына да шүгүр, баламдын чымындай жанын сактай көр!” деп жалынган учурум болду. Азыр баарына шүгүр кылып, уулумдун айыгып кетүүсүнө үмүт артып келе жатам.

Тойго барам деп калдыңыз. Ырдап бер деген буйрутмалар болуп жатабы?

— Элдин эсинде болуш үчүн тынымсыз иштеп туруш керек да. Мен болсо такыр эле отуруп калдым. Ошого карабай буйрутма берип чакыргандар бар. Былтыр такыр эле жок болчу, быйыл шүгүр, анча-мынча тойлорго чыга калам. Акча деле ашыкча болбойт да. Баламдын дарысына жарап калат. Нурданды көпкө калтырып да кете албайм. Азыр туугандарыбыздын 17 жаштагы баласы биз менен жашайт. Экөөнүн дүйнө таанымы, кызыкчылыгы бир дегендей. Сүйлөшүп, уулума жакшы эрмек болуп жатат.

Убагында уулуңузга жолдош кылып төрөп албаганыңызга өкүнүч болсо керек?

— Болбогондочу! Башында болгон дитибиз уулумду айыктыруу болду. Чынын айтсам, андай ой ошол кезде келбептир. Кийин ойлонуп уулума жолдош болсун деп аракет кылганда жашым өтүп кетти.

🖊️ — Анара Дүйшөналиева

СоӊкуСоциалдык тармактар үй-бүлөнү кантип бузат?
КийинкиЭлүүнүн кырына келген кыргыз кыраандары