Негизгиге Ааламда Ютубда эң көп көрүү чогулткан клиптер кайсылар?

Ютубда эң көп көрүү чогулткан клиптер кайсылар?

394

Ютубда эң көп көрүү чогулткан клиптер кайсылар?

Күнүгө Ютуб социалдык баракчасына миңдеген ырлар жүктөлүп турат. Ал жактан ар ким өзү каалаган чыгарманы угат, жакпаганына экинчи кайрылбайт.

Ырдын аталышы: «Ажырасак»

Аткаруучулар: Кызсайкал Кабылова, Зарлык Камбаралиев

Чыккан күнү: 2019-жыл 20-сентябрь

Кароо: 1 031 678

Кызсайкал Кабылова: «Ырды уккандан кийин ажырашпай калгандарды угуп кубандым»

— “Ажырасак” ырыбыздын сөзү жана обону Зарлык Камбаралиевге таандык. Дуэт болуп ырдоону мага Зарлык сунуштаган. Менин баракчама “ажырашуудан кийинки депрессияны кантип жеңдиң? Эмне кылышым керек? “ деген сыяктуу каттар көп келет. Ар бир катта айымдар өз тагдырын чагылдырышат. Клиптин сценарийин ошол келген каттардын негизинде жаздык. Клипти Нурсултан Кубатов тартты. Андагы эки кичинекей бала ырчы, алпаруучу Лутфилла Бусурманкул уулунун уулдары. Алар менен иштешүү кыйын болгон жок. Клипти жети күндө миллион кароо чогултат деп ойлогон эмеспиз. Мага баарынан жакканы, бул клиптен кийин ажырашууну ойлонуп жаткандар ал оюнан кайтып, ажырашкандар элдешип жатышыптыр. Муну мага дайрект аркылуу айтышып, ыраазычылыгын билдирип жатышат.

Ырдын аталышы: «Эми мага баары бир»

Аткаруучу: Алмаз Шаадаев

Чыккан күнү: 2018-жыл 4-март

Кароо: 20 589 248

Алмаз Шаадаев: «Ырым биринчилерден болуп миллион көрүүчү топтогон»

— 2017-жылы борбор калаабызда өтчү концертиме ыр керек болуп, автору Гүлжигит Сатыбеков байкенин уруксаты менен жаздырып калгам. Ал эми клиптин идеясын жардамчы эжем Индира, клипмейкер досум Эрнис үчөөбүз чогуу ойлоп тапканбыз. Клипте айдап бара жаткан унаа башка, ал эми кырсыкка учураган башка үлгүдөгү унаа эмеспи. Дал ушул жерди окшоштуруу бизге кыйын болгон. Бир жума бою “Кудайберген” базарынан кырсыкка учураган унаалардын арасынан издеп жүрүп окшошураагын араң тапканбыз. Бирок эмгегибиздин акыбети кайтып, көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Азыр Ютуб тармагы өнүгүп, миллиондор бат-баттан болуп жатпайбы, бир жыл мурда биринчилерден болуп жети күндө миллион кароо топтогон менин клибим болгон. Ал эми бүгүнкү күнү Кыргызстан боюнча бир жылда 20 миллион кароо чогултуп, рекорд коюп жатат. Ушундан улам азыр интернет булактарынан эң көп гонорар алган да менмин. 2018-жылы бул ырым он миллион кароо топтоп, төрт миң доллар алгам. Андан берки он миллиондукун ала элекмин.

Ырдын аталышы: «Дык кың дыш»

Аткаруучулар: Самат Эркинбеков, Кубаныч Курманбеков, Адилет Эркин

Чыккан күнү: 2019-жыл 24-январь

Кароо: 11 212 175

Самат Эркинбеков: «Ырдын хит болорун алдын ала айтышкан»

— “Ак-Өргө ситинин” балдары Рүстөм, Кубаныч үчөөбүз “Жер тоголок” аталышындагы тасмабызды тартууга Боом капчыгайы жактан орун издеп жүргөндө “Дык кың дыш” деген ырдын саптары жаралган. Анан бул саптар ырга айланды. Клиптин сценарийин алты күндө жазып, бир күндө эле түнү менен клипти тартып бүткөнбүз. Клиптин негизин бий түзөт эмеспи. ЦУМдун жанында Нурсултан аттуу бала бийлеп турчу. Аны досубуз Жаныш туурап бийлей берчү, досубузду туурап биз да бийлечүбүз. Клипте биз Нурсултандын кыймылдарына бир аз өзгөртүү киргизгенбиз. Ошентсе да клип бүткөндөн кийин Нурсултан менен жолугуп, тыйын-тыпыр берип ыраазы кылганбыз, азыр деле байланышып турабыз. Клип мынчалык көп кароо чогултуп, хит болуп кетерин билген эмеспиз. Бирок жаздыруу учурунда аранжировка жасаган байкелер популярдуу болорун айтышкан.

Ырдын аталышы: «Унутпа»

Аткаруучу: Нурлан Насип

Чыккан күнү: 2019-жыл 26-август

Кароо: 2 055 246

Нурлан Насип: «Тоодогу шамалга бетим күйүп калган»

— “Унутпа” деген чыгармамдын клибин тартуу үчүн атайын Төө-Ашууга барганбыз. Тоодо күн тийип турганы менен, ачуу шамал согуп турат экен. Чарчап барганга тоодо жатып уктап калсам бетим шамалга күйүп, дене табым көтөрүлүп кеткен. Бул ырдын идеясы толук клипмейкер досум Эрнис Сыдыковго таандык. Жай мезгилинин башында тартуу иштери башталган, ортодо улам бирибиз бошобой жатып жайдын акыркы күндөрү гана аяктадык. Бул ыр, негизи, айылдаш агам Руслан Нарынбаевдики. Кичинекей кезимде эле Руслан байкенин ырларын жакшы көрүп укчумун. Бир күнү инстаграм баракчама ырдап туруп видео киргизип койсом күйөрмандарыма жагып, качан чыгарын сурай башташкан. Ошентип ыр жазылып калган.

Ырдын аталышы: «Ырдалып бүтпөйт махабат»

Аткаруучулар: Нурлан Насип, Асел Кадырбекова

Чыккан күнү: 2018-жыл 24-декабрь

Кароо:  9 238 508

Нурлан Насип: “Клипти тартуу биз үчүн аябай эле кооптуу болгон”

— Бул клипти да Эрнис тарткан. Клипти кышында тартканбыз, бул мезгилде жубайым кош бойлуу болчу. Ошондуктан суукта тартуу биз үчүн аябай эле кооптуу болгон. Жеңил кийимчен жүрүп баарыбыз үшүп калганбыз. Эки миң доллардай чыгаша кылганыбыз менен, бул чыгарманын элге жагарын ошондо эле билгенбиз. Себеби үзүндүлөрүн инстаграм баракчабызга жүктөгөндө эле күйөрмандарыбыздан “эртерээк чыгарыңыздарчы” деген суранычтар көп келчү.

Ырдын аталышы: «Келчи, гүлүм»

Аткаруучулар: Талант Кадыров, Айя Садырова

Чыккан күнү: 2018-жыл 10-июль

Кароо: 9 022 290

Талант Кадыров: «Клиптин сценарийин жазуу үчүн элге кайрылганбыз»

— Негизи, бул ырды Айянын жалгыз ырдап чыгуусун каалап, ага сунуштагам. Ошентип, ырдын минус варианты даяр болгондон кийин Айянын апасы “чогуу дуэт болуп эле ырдап чыкпайсыңарбы” деп калды. Эгерде Айя өзү айтса, мен баш тартмакмын. Клип тартуу учуру келгенде видео аркылуу “эгерде кимде ким ушул ырга жакшы сценарий жазса, клипке катышат” деп элге кайрылуу жасаганбыз. Көп күйөрмандарыбыз өз сценарийлерин жазып жиберип жатышты. Арасынан ушул сценарийдин башы жагып тандап алдык да, калганын өзүбүз кошумчаладык. Өзүбүз ырдаган кадрды тартуу үчүн шаардын четине барсак, ал жакта жарык жок экен. Генераторлорду ижарага алып, ал да жетпей унаалардын жарыгы менен тартканбыз. Ал эми от жагуу үчүн он беш кап отун алып келгенбиз.

Айгерим Токтобай кызы

СоӊкуЭлбарчын Калилова: Ниетин билдирип, демөөрчү болом дегендерди жолуна салам
КийинкиАяна: Элдин берген тамагын ичип, кийимин кийип күнүбүз өтүп жатат