Негизгиге Менин наристем Балага тыюу салуууга болбой турган 9 нерсе

Балага тыюу салуууга болбой турган 9 нерсе

658
Эгерде балага карата тыюу салуулар өтө көп болсо, анда анын өнүгүүсү токтоп калат. Бала өзүнө ишенимсиз, көз каранды болуп чоңоюп жашоодо ийгиликсиз адамдардын катарын толуктайт. Наристеңизге көлчүккө секирип ойногонго, ашканада макаронду чачканга, итке өзү тамак бергенге уруксат бериңиз. Бактылуу, ачык-айрым, дүйнө таанымы кенен балдар дал ушинтип чоңоюшат. Айрыкча төмөнкү учурларда балаңызга эч качан тыюу салбаңыз.
☑️Бир нерселерди оюнан чыгаруусуна
Балдар болбогон окуяларды түстүү боёкторго боёп айтып бергенди жакшы көрүшөт. Бул калп эмес, болгону баланын фантазиясы. Мындай фантазиялар анын элестетүүсүн жана сүйлөө жөндөмүн өнүктүрөт. Баланын өзүнүн кыялдарынын жана жомокторунун дүйнөсү болууга тийиш, ата-эне ошонун бүткөн жерин жана калптын башталган жерин жакшы билүүгө тийиш. А калп айтууга балаңызга жол бербеңиз.
☑️Ката кетирүүсүнө
Бала жаман менен жакшынын айырмасын качан өзү көргөндө гана жакшы түшүнөт. Балага бул дүйнөнү изилдөөсүнө жол бериңиз: ал жыгылсын, жаңылсын, дагы бир жолу аракет кылып көрсүн… Бул – жашоонун өнүгүшү. Эгер балаңыздын ката кетирип алуусунан чочулап аны корголой берсеңиз, ал мажирөө болуп чоңоёт. Жашоодо кездешкен оор кырдаалдардан чыгуунун жолун билбей калат.
☑️Сүрөт тартуусуна
Баланын сүрөт тартуусу – сөз менен айта албаган эмоциясын жана сезимдерин чыгаруунун ыкмасы. Айрым ата-энелер дубалга же эмерекке чийип салуусунан чочулашып балдарына сүрөт тартууга уруксат беришпейт. Бул туура эмес.
☑️Шоктонуусуна
Албетте, коомдук жайларда баланын ары-бери чуркашы, кыйкырып сүйлөөсү, шоктонуусу башкаларга тоскоол болот. Бирок үйдө бала эмнени кааласа, ошону кылсын, эмоцияларын болушунча чыгарып, энергиясын коротсун. Атүгүл өзүңүз да кээде балаңыз менен кошо чын дилден ойноп алыңыз.
☑️Ыйлоосуна
Кичинекей баланын чоңдор сыяктуу эле өздөрүнүн таарынычы, кайгысы болот. Болгону бала эмоциясын башкарууну, башкаларга көргөзбөөнү билбейт. Бала ыйлаганда адатта бизден “чоң эле бала болуп туруп кыздарга окшоп ыйлайсың, уят болот” деген кепти угат. Жыйынтыгында балабыз баарын ичине салат, ага оор болуп турса да кыздарга окшоп калуудан уялып чыдайт. Андан көрө баланын “трагедиясын” бөлүшүп, аны сооротконго аракет кылыңыз.
☑️Сизге жардам берүүсүнө
Кээде бала ата-энесине, чоң энесине иш кылышып чын жүрөгүнөн жардам бергиси келет. Бирок ата-эне баланын идишти сындырып алуусунан, бир нерсени төгүп алуусунан же өзү жаракат алып калуусунан алдын ала корголоп, анын жардамын четке кагат. Мындай балдар чоңойгондо сурансаңыз да сизге жардам бербейт. Анткени балада “баары бир уруксат бербейт” деген ой калыптанып калат да, жардам берүүгө болгон кызыгуусу таптакыр жоголуп кетет. Баланын өзүн керектүү, сүйүктүү сезиши өтө маанилүү, а сиздин мактоолоруңуз анда бул сезимди курчутуп турат. Андыктан кичинекейиңиздин жардам берүү суранычын четке какпаңыз, туура эмес жасаса да ыраазычылыгыңызды билдирип коюңуз. Бир нерсе жасаганы бааланса, ал андан ары аракет кылат жана баарын үйрөнө алат.
☑️Ашканада ойноосуна
Ашканадагы идиш-аяк, азыктар, жашылча-жемиштер – бир сөз менен айтканда, сиз оюнчук деп эсептебеген нерселер балаңызды кээде өзүнүн куурчагы менен машинасына караганда көбүрөөк кызыктырат. Айрыкча балдарга күрүч, гречка сыяктуу азыктарды бир идиштен экинчи идишке төгүп ойногон жагат. Ушундай жол менен алар чачканды, кайра жыйнаганды, кармалап көрүү менен тааныганды, изилдегенди үйрөнүшөт.
☑️Суу менен ойноосуна
Мында да ата-эне баласынын үйдү суу каптатып жиберет деп чочулайт. Андай болушу да толук мүмкүн. Андыктан сиздин көзөмөлүңүз жана чогуу ойнооңуз талап кылынат.
☑️Өзү тамак жешине
Албетте, эненин баласын өзү тамактандырышы тез жана таза болот. А кашыкты туура кармоого үйрөтүү, төкпөй оозуна алпарууну өздөштүрүү оңбогондой күчтү жана сабырдуулукту талап кылат. Көпчүлүк энелер ага чыдабай баланын өзү тамактануусуна жол бербейт. Муну менен баланын эң биринчи аракетине, өзүн чоң сезип, өз күчүнө болгон ишеничине балта чапканын сезбейт.
СоӊкуАстрология боюнча эң мыкты кожойкени билип алыңыз
КийинкиАйнура: Башка менен ѳбүшкѳнүм үчүн күйѳѳм ѳлүм жазасын берди