Окумуштуулардын изилдөөсү боюнча, адам баласынын кулк-мүнөзү, жүрүм-туруму анын жылдыз белгисиндеги мүнөздөмөгө 90 пайыз төп келет. Ал тургай, жылдыз белгилерге карата айымдардын кандай кожойке жана кимиси кандай диета кармашы керек экендиги да далилдениптир. Эмесе, жылдызыңыз сизге эмне сунуш кыларын билип алыңыз.
⬇️КОЙ
Кой жылдызында төрөлгөн айымдар табиятынан ачык-айрым, ызы-чуулуу, конок тосконду жактырган мыкты кожойкелерден болушат. Өз курсагы үчүн кам көрбөстөн, келген коноктору үчүн эч нерсесин аябай дасторконун экзотикалык тамак-аштар менен жайнатып тосуп алышат. Жашоодо өтө жигердүү, кубаттуу, кыймыл-аракетүү болушкандыктан буларга диетанын деле кажети жок.
⬇️БУКАЧАР
Букачарлар конок тоскондон да конокко барганды жактырышат. Конок тоссо да даяр нерселер менен дасторконду түрлөшөт. Ашканада жандарын кыйнагылары келбейт. Өздөрүнүн ден соолугуна, өң-келбеттерине өтө көңүл бурушат. Бул жылдыздагы айымдар таттуу тамак-аштардан алыс болбосо, ашыкча салмак арттырып алышат. Булар үчүн суюктукту арбын ичүү пайдалуу.
⬇️ЭГИЗДЕР
Аталган жылдыздагы айымдар дайыма акылы жана колунун учу менен иш жасагандыктан конок тосууну, ашкананы, тамактанууну экинчи планга коюшат. Ар кандай жыйындардан, чогулуштардан энергия алышат. Ишке арнаган нерв клеткаларын толуктап, мээни азыктандырыш үчүн кальцийге бай сүт азыктары менен диета кармаса организмин таарынтпайт.
⬇️БӨЙӨН
Ичинде таарыныч, күмөн саноо көп жашагандыктан Бөйөн жылдызындагылар өздөрүнөн-өздөрү стресс алып келет. Окумуштуулар бул жылдыздагыларды көп нервтенбей, ачуулуу болбой, кубанычтуу жашоодо жашоолору үчүн конокко барып же конок тосуу шартын сунушташат. Диета кармоо үчүн майлуу тамактардан, нан азыктарынан жана шекерден алыс болуулары кажет.
⬇️АРСТАН
Арстан жылдызындагы айымдар жаратылыштын кучагында конок тоскондон өздөрүнө дем-күч, энергия алышат. Мындай кырдаалда рахаттануу менен конокторуна жагымдуу маанай менен узатып алардын эсинде калат. Булар эт азыктарына жакын келишет. Андыктан диетага олтуруу маалында эт азыктарынан алыс болушуп, бирок калориялуу жумуртка, сыр азыктарын колдоно берсе болот.
⬇️БИЙКЕЧ
Бийкечтер күтүүсүз келген конокторду жактыра беришпейт. Конок тосуу үчүн алдын ала өзүн даярдап, андан соң чечим чыгарат. Конокторуна өз колу менен тамак жасап күйпөлөктөгөндөн көрө акчанын жардамы менен дасторконун жайнатат. Ал эми диета маселесинде оорудан коркуп, бул нерселердин алдын алып дарыгерге тез-тез кайрылышып, ошол себептен диетага көп маани беришпейт.
⬇️ТАРАЗА
Табиятынан тынчтыкты сүйгөн адамдар болгондуктан бир калыптагы, жүрөгүнө жаккан адамдар менен сылык сүйлөшүп бир дасторкондо отурууну баалашат. Ошондон улам көп конок чакырбастан, чакан конокторду тосконду жактырышат. Булар ун азыктарынан жасалган десерт жана ачуу соустарга жакын келишет. Бирок ден соолукка зыян экенин эске алып диета кармоодо ушулардан четтөөлөрү керек.
⬇️ЧАЯН
Абдан энергиялуу, сексуалдуу айымдардан болушкандыктан өз колу менен жасаган сүйүктүү тамак-аштарын айтып бирөөлөр менен ой бөлүшкүсү келет. Конокторунун мактоосуна арзуу үчүн бардык тамак-аштын түрүн жасоого даяр турушат. Бул эмгектери текке кетпейт. Чаян жылдызындагы айымдар диета кармоодо жалаң жашылча-жемиштерди колдонсо жыйынтыгы натыйжалуу болот.
⬇️ЖААЧЫ
Жаачы жылдызында төрөлгөн айымдар коногун маанайына жараша кабыл алышат. Маанайы суз убакта күтүүсүздөн келген коногу ага нааразы болбой деле койсо болот. Себеби убагында көңүлүн ала албаган адамын кийин коноктоп өз кемчилигин жоюп кетүүгө жөндөмдүү келишет. Булардын организми туздуу азыктарды талап кылат. Бирок диетада жашылча-жемиштерге өтүүсү шарт.
⬇️ТЕКЕЧЕР
Тамашаны сүйгөн тамашакөй Текечерлер конок тоссо да, конокко барса да көпчүлүктүн көңүлүн алууга жетишишет. Сырттагыларга бул айымдар мыкты кожойке экени таасын байкалат. Коногу үчүн энергиясын да, каражатын да аябайт. Конок тосуп, конокту өзү каалагандай узатып алмайын жаны жай албайт. Булар үчүн алкоголдук ичимдиктер, шоколад жана майонез сунушталбайт.
⬇️СУУПЕРИ
Эмгекчил, аракетчил айымдардын катарын толукташат. Себеби конок чакырса конокторго эле даярданбастан, үй-жайын да тазалап чыгуудан эринбеген, тазалыкты сүйгөн кожойкелерден болушат. Булардын дасторконунда дайыма алма, алмурут, апельсин, лимон, ананас болуусу кажет. Анткени бул жемиштер алардын организмине өтө пайдалуу экенин жылдыздар эскертишет.
⬇️БАЛЫК
Жоктон бар кылган өтө мыкты кожойкелер. Конок тоспосо да дасторконун гүлдөтө алышат. Конок чакырса заматта өз колу менен тамак-аштын түрүн жайнатат. Бирок мүнөздөрү татаал келет. Ачуусуна тийген адамдын ошол замат катыгын беришет. Ак көңүлдүгү кармаса булардан өткөн кожойке жок. Диета кармоодо булар үчүн жүзүм, бадыраң, редиска, кулпунай пайдалуу.