Мындай өтө пайдалуу каражат мурдатан пайда болбогону таң калычтуу, себеби көптөгөн айымдардын макияжы сууга жуулуп кетип жатканына көп болду.
Showrshield деп аталган бет калкалагычтын жаратуучусу америкалык Шеридан. Ал өзү бул көйгөй менен илгертен тушугуп келатканын айтып, кээде макияжды сактап калуу үчүн колу менен калкалап, бирок андан майнап чыкпай келгенин эстейт. Ал эми бетке макияж жасоо канчалык убакытты алаары жана оңой эместигин ар бир айым билсе ке7рек.
Каражат кара жана кызгылтым түстөрдө чыгып, баасы 15 доллар тураары маалым болду.
Шериданды дагы бир кубандырган жагдай — анын каражатын бир нече жолу колдонсо болот. Азыркы экология үчүн бул өтө маанилүү экени талашсыз.