Негизгиге Адамга адам тирек Беш жыл мурун кордукка кабылган Ибрагим жардамга муктаж

Беш жыл мурун кордукка кабылган Ибрагим жардамга муктаж

286

Беш жыл мурун кордукка кабылган Ибрагим жардамга муктаж

Туура мындан беш жыл мурда болгон, төбө чачты тик тургузган окуя азыр да коомчулуктун эсинде. 2015-жылдын 11-январында Чүйдө 2 жаштагы Ибрагим туугандары тарабынан аёосуз кордолгон. Наристе сабалып, зордукталып, оор абалда Бишкектин №3 балдар ооруканасына түшкөн болчу. Ошол кезде эс-учун жоготуп комада жаткан наристенин тагдыры көпчүлүктүн зээнин кейитип ыйлаткан. Ибрагимдин амандыгын тилеп ага жардам көрсөткүсү келгендер да болгон эле. Быйыл 8-январда Ибрагим 7 жашка чыкты. Башка балдардай чуркап, ойноп, мектепке бара турган кезинде арабага байланып майып болуп жатат. Азыркы тапта ал жамбашына жасала турган операцияга муктаж. Ибрагимди күнү-түнү караган апасы Диана Сайимова баласы тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди.

“Ажырашпаганыбызда мындай окуя болбойт эле деп өкүнөм”

Мен мындан жети жыл мурда досторубуз аркылуу Ибрагимдин атасы менен таанышып калдым. Жылдызыбыз келишип баш коштук. Жашообуз жакшы эле башталды. Ал кезде Ибрагим эки айлык ымыркай болчу. Өз энеси төрөп туруп таштап кеткен экен. Анткени башында эле Ибрагимди төрөгүсү келбей, боюнан алдырам дептир. Бирок ага жолдошум көнбөптүр. Кыркылыгы чыккан бала күйөөмдүн колунда калыптыр. Көп өтпөй экөөбүз кыздуу болдук. Ибрагимди да өз баламдан кем эмес жакшы көрүп калдым. Өзүмдүн кызымды кандай карасам, аны да ошондой мээрим төгүп карап жаттым. Тилекке каршы, бир жарым жылдан кийин күйөөм экөөбүз тил табыша албай баштадык. Акыры ажырашмак болдук. Ошондо жолдошума: “Баланы мага калтыр”,- дедим. Бирок ал: “Баланы өзүм карайм, байкем жардам берет”,- деп мага бергенден баш тартты. Ал кезде Ибрагимге 1 жаш 8 ай болгон. Эгер ошондо ажырашпаганда кызым экөө эгиздей эле тең чоңоюп, азыр мектепке барып калмак деген өкүнүч азыр деле бар менде. Күйөөм айткандай эле баланы агасына алып барып таштаган экен. Ал агасы менен жолдошумдун аталары бир тууган экен. Эки айдан кийин эле Ибрагим оор абалда экенин уктум. Дароо ооруканага жетип бардым. Доктурлар абалы оор дешти, туугандары болсо мени баланын үстүнө киргизүүгө каршы чыгышты. Ага да карабай жандандыруу бөлүмүн айланчыктап жүрдүм. Абалы жакшырып келатканын укканда доктурга: “Эсине келгенде ал тааныган адамын көрүш керек, мага уруксат бериңиз”,- десем макул болду. Уулумдун ошол кездеги абалын айтып берүү мага азыр да оор. Ал күндөрдү көз жашсыз эстей албайм…Маңдайына барсам алсыз жылмайды, ыйлады, “денем ооруп жатат” дегенсип үн чыгарып даттанып жатты. Бети-башынан тамтык жок, оозуна түтүк салынган араң жан баланы көргөндө нес болуп калдым.

“Эки ай бою тынымсыз сабашканбы деп ойлойм”

Ибрагимди сабады деген күйөөмдүн аталаш тууганы Жаныбек жана аялы Айзада сыртынан караган кишиге зөөкүр экени билинбейт. Алар менен буга чейин бир дасторконго отуруп чай ичип, катышып эле жүрчүбүз. Буга чейин ал кишинин ичимдик ичип же баңгизат колдонгонун угуп-көргөн эмесмин. Шек санаганга деле негиз жок эле. Жакшынакай эле иштеген үй-бүлө болчу. Апасы кенедейинен таштап кеткен армандуу тагдырын билип туруп көрсөткөн кордугуна азыркыга чейин таң калам. Күйөөсү мерез болуп мыкаачылык кылса да, аялы кантип ошого колу барды? Эки айдан бери тынымсыз сабап келишкенби деп да ойлойм. Себеби доктурлар денесиндеги көк ала тактар мурда эле болгонун айтышты. Соттун чечими менен күйөөсү өмүр бою эркинен ажыратылып, аялы он беш жылга кесилген. Өзүнүн да кыздары бой жетип, асты окууну аяктап жатат деп уктум. Азыр анын кыздары кимдин колунда чоңоюп жатканын билбейм. Ошол окуядан кийин туугандарынан кол үзгөнбүз. Өздөрү деле кызыгып баланын абалын сурап же жардам берип коюшкан жок.

“Балам өмүр бою майып болуп калабы деп корком”

Ошентип, Ибрагимдин тагдыры бүт өлкөгө билинип, ага элдин көңүл буруусу күч алды. Төрт айдан кийин ооруканадан чыгармай болду. Ар кандай адамдар “бул баланы биз багып алабыз” деп жатышканын уктум. Дагы кандай бүлөгө туш болот деп чочулап, андан көрө өзүм багайын деп жолдошума кайра чогуу жашайлы деп сунуштагам. Ата-энем мени аяп бул чечимиме каршы чыгышты. Бирок мен Ибрагимди экинчи бөтөн бирөөнө карматкым келген жок. Жолдошум да макул болгондуктан, кайра бир үй-бүлө болуп жашап калдык. Ооруканадан чыгып келген алгачкы айлары абдан кыйналдык. Мээ клеткаларынын басымдуу бөлүгү өлүп калган дешти. Буту-колу кыймылдабай шал болуп калды. Алгачкы күндөрү түнкүсүн үч саат гана уктап, калган убакта кыйкырып, кээде ыйлап, түнү менен кыйналып чыкчу. Чоочун кишини көрсө коркуп, катуу үн чыкса элеңдеп чочуп жүрдү. Анысы азыр да кала элек. Өз алдынча тамак иче албайт, кашыктап берем. Беш жылдан бери такма жалаяк менен жүрөт. Башы тынымсыз ооругандыктан үзгүлтүксүз дары ичет, бирок ал деле жардам бербей калды. Үйгө балдар чогулуп калса алардын чуркап ойногонун көрүп кубанып, буту-колун тыбыратып калат. Көзү менен жаңдап суусап же курсагы ачканын түшүндүрөт. Мультфильм коюп берсең көрөт, бирок андан деле бат тажайт. Маңдайында отуруп сүйлөп, бетинен сылап эркелеткенди жактырат. Бош убактымда экөөбүз ошентип сүйлөшөбүз. Чарчап кетсе арабага да отурбай, жатпай, колго көтөр деп калат. Адамдын тулку боюн мээ башкарат эмеспи. Ибрагимдин мээсине катуу доо кеткендиктен, шал болуп денесин башкара албай жатат. Буту-колу ичкерип жакшы өспөй калган. Буттары чымырап кеткенде ушалап массаж жасап берем. Дайыма ортопеддин көзөмөлүндө болушубуз керек. Доктурларга тынымсыз каттап жатып азыр кол булгалаганга жарап калды. Жашы жетиде болгону менен 5-6 айлык балдар кылган аракетти гана кылат. Муну менен тең балдар быйыл мектепке барышты. Ошол каргаша болбогондо Ибрагим да эл катары ойноп, билим алып жүрмөк. Өмүр бою ушул бойдон калабы деген ойду ойлогондо коркуп кетем.

“Элге көрүнгүбүз келбейт, бирок жардам сураганга аргасызбыз”

Тилекке каршы, Ибрагим бүт өлкөгө белгилүү болду. Кийинки тагдырына бул окуя кандай кедергисин тийгизет, аны айта албайм. Кырсыктан кийин биздин үй-бүлөнү көзөмөлгө алгысы келгендер, “булар эми кандай оокат кылып жатышат?” деп кызыккандар көп болду. Ал тургай элден оолактаганыбызга карабай үйүбүзгө чейин келип жатышты. Мындай кырсыкты Кудай бир да баланын башына салбасын. Ошол жылдар биз үчүн, өзгөчө балама өтө оор болду. Элге кайра-кайра өзүбүз тууралуу эстетип чыга бергенден тартынабыз. Бирок ошол эле учурда баламдын дарылануусуна элден жардам сураганга аргасыз болуп жаткан кезибиз. Буга чейин Словениядагы “Adeli” деген реабилитациялык борбордо дарыланууга аракет кылганбыз. Ага жалпы 10 миң доллар керек болуп жардам сурап кайрылган элек. Акча бир аз чогулганы менен визадан маселе жаралды. Мен тууралуу “Баланы чет жакка алып чыгып кеткен бойдон кайтып келбейт” деген маалымат чыгып, ал өлкөгө бара албай калдык. Ушундай маселелер жарала бергенинен улам Ибрагимдин мыйзамдуу апасы болдум. Иликтеп көрсөм, Орусиянын Казань шаарында биздин каражатка ылайык келген жакшы реабилитациялык борбор бар экен. Акыркы жолу ошол жакка барып жамбашына операция жасатып, дарыланып келдик. Бир аз жылыш бар. Чет жак менен биздин медицинанын айырмасы асман менен жердей. Чет жактан дарыгерлер “дайыма ортопеддин, логопеддин көзөмөлүндө болуп, тынымсыз массаж алгыла” дешкен. Ушул нерсени үзгүлтүксүз жасасак жакшы жылыш болчудай. Бирок көп учурда акчанын жоктугунан курстарыбыз калып калууда. Ал эми биздин врачтарга көрсөтсөң такыр башка нерсени айтышат, ошол эле учурда бири-бирине жөнөтүп өздөрүнөн жоопкерчиликти оолактатышат. Ибрагимге иппотерапия (ат мингизип), дельфин менен суу терапиясы жакшы жардам берип нервин тынчтандырат дешти. Оюма койсо ар кандай ыкмаларды колдонуп баламды бастырып алсам дейм. Бирок баары барып каражатка такалат.

Жолдошум ар кандай жумушта иштейт. Тапканы күнүмдүк керектөөлөргө кетет. Ибрагим 4000 сом жөлөк пул алат. Ал дарысы менен такма жалаяктан ашпайт. Күйөөмдү карап отура бербей мен да чет тилдерден сабак берип иштеп көрдүм. Бирок Ибрагим менен кызым каралбай калат экен. Жардамчы табайын десең ага айлык төлөп бергенге күчүм жетпейт. Азыркы тапта Ибрагимдин реабилитациясына, дары-дармегине, массажына 600 миң рубль керек болуп жатат. Өз алдыбызча бул сумманы чогулта алчудай эмеспиз. Кайрадан элден жардам сураганга аргасызбыз. Баламдын тагдырына кайдыгер карабаган боорукер адамдардын колдоосун күтөм!

Ибрагимге жардам берүүнү каалагандар үчүн

Элсом номуру: 0700 207 505 жана

KICB банкындагы банктык эсеби: 1280016027811327.

Сбербанк 4817760200173528.

Алуучу Диана Сайимова.

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here