@naziraaytbekova : «Кечирип койгула!»
Тырмагы өсүп, ичине көң толгондор же кулагынан кулкусу чыгып калган эркектер, кечирип койгула!
Тер жыттанып, байпагы былжып кеткендер, силер да кечирип койгула!
«Кат жазды бала атага. Катасы өлө толтура…» Силер да ары тургула! Кыздар сабатсыздарды сүйө бербейт.
Атырга жуунуп, маникюрга барып, шуруну моюнуна салып алгандар, кыскасы, менин жанымда турганда кимибиз кыз экенибиз билинбегендер, кечиргиле!
«Сеп» этип коймой жайы барлар, бөтөлкөнү көргөндө кыз көргөндөй жайнагандар, кечирип койгула!
Битин сыгып канын жалагандар өлө жакпайт да. Официант менен эсептешип жатканда акыркы тыйынын кошо сала кетет го! Калчылдап эсептешип, ар бир тыйын үчүн жанын бергендер, силерден өзгөчө кечирим сурайм!
Сүйлөгөндө асмандан айды алып берип, кыларга келгенде алма бактан алма үзүп бере албагандар да кечиргиле!
Оозун ачса эле өрдөгү уча бергендер, көркөм тилди, анан кыргыз фольклорундагы калп жанрын сүйгөндөр да кечирсин!
Ал эле, бул эле, апийимдин гүлү элелер, ушакташканды бизден талашпай эле койгула!
Ары жаткыла, айланайындар!
Коркунуч келсе көйнөктүн алдына жашына калгандар да кечиргиле!
Назира Айтбекова: «Мен каалагандай мырзанын табыларына эч ким ишенбейт»
Назира айым, дээрлик ар бир постуңуз кызуу талкуу жаратат. Китеп жазсаңыз бестселлер болот го?
— Негизи, өзүм жашоону анализдегенди абдан жакшы көрөм. «Эмнеге, эмне үчүн?» деген суроолордун үстүнөн көп ойлонуп, ошол суроолордун артынан кууп жүрүп ар кандай жоопторду таап алам. Анан ал жоопту жүрөгүмө салып, май-талканын чыгарып туруп анан элге тартуулайм. Балким, жүрөктөн чыккан нерсе элдин да жүрөгүнө жетип катуу талкуу жаратып жатса керек. Күйөрмандарымдын көбү «биздин көкүрөгүбүздө жатып, айта албай жаткан ойлорду жазасың» деп айтышат. Ойлонуп көрсөм, биз, кыргыздар, жараатыбызды жарганды билбейт экенбиз. Сыртынан эле бир нерсе менен каптап коюп, жабылуу аяк дайыма жабылуу бойдон калат экен бизде. Ошол жараларды «эл эмне дейт, уят» деген сөздөргө терикпей ачыкка чыгарганым элге көбүрөөк жагып жаткандыр.
Сиздин постторуңуз кимдир-бирөөнүн жашоосун, көз карашын өзгөртүп, пайдасын тийгизген учурларды уктуңуз беле?
— Статистикам боюнча менин катталуучуларым 25тен 70жашка чейинкилер. Айымдар менен мырзалардын саны бирдей. Улуу муундагы эжелер, байкелер «кызым, сен менин жашоого болгон көз карашымды өзгөрттүң» деген каттарды көп жазышат. «Сиздин постуңузду жолдошума окутсам ал ыйлады”, “постуңуздан кийин жан дүйнөм өзгөрүлүп иштей баштадым”, “жолдошум менен ажырашкандан кийин депрессияга кирип кеттим эле, чыйралдым» дегендер да болот. Улуу муундагы адамдар «ушул жашка келгенче ушуну ойлонбоптурмун» дегенде сыймыктанам. «Менин көйгөйүм бар эле, угуп, чечип берсеңиз» деп чайга чакыргандар болот. Аларга адистерге барууну сунуштайм. Бир келиндин иштөөсүнө жолдошу уруксат бербей, үйдө отурчу экен. Менин постумду күйөөсүнө окутуп анан иштөөгө уруксат алган. Ошону аябай сүйүнчүлөп жазганы бар, мен аны пост кылып да жазгам. Айтор, күнүгө ар кыл каттар келип турат. Көп кыздардын арыз-муңун угам. 700 миңден ашуун катталуучум бар, алардын ар бирине көңүл бөлүүгө убактым жетпей калат. Ошондуктан келген суроолордун үстүндө ойлонуп, жалпы бир пост жазам.
“Кечирип кой” деген постуңуз көп эле эркектердин намысына тийди окшойт?
— Ооба, көп мырзаларга таасири тийди. Көп мырзалардан каттар келип түштү. «Назира, ушул постуңдан кийин байпактарымдын баарын жууп чыктым, тырмак-башымды алып, өзүмдү абдан карап калдым» деп тамашалагандар, «постуңдан кийин кайра-кайра жыттагылап өзүмдөн күмөн санап калдым» дегендер да болду. Албетте, сөгүп, жаман көргөн, басынткандардан да куру калган жокмун. Акыйкат менен беттешүү кыйын, аларды туура эле кабыл алдым.
Сиздин идеалыңыздагы мырза кандай болуусу керек? Турмушуңузда андай мырзаны жолуктурдуңуз беле?
— Менин идеалымдагы мырзаны дайыма пост, статустарымда сүрөттөйм. Анда эркектер «андайды жомоктон эле издеп таппасаң…» деп тамашалашат. Мен сүрөттөгөндөй мырза табыларына кызы да, эркеги да ишенишпейт. Анткен менен андай мырзалар менин айланамда бар, бирок алар социалдык тармактарда отуруп, өзүн жарнамалап же бош отурган адамдар эмес. Алардын баары күнү-түнү иш, үй-бүлөсү менен алек болгон адамдар. Менин досторумдун бардыгы мырзалар деп көп айтам. Жанымда жүргөн мыкты мырзаларды көргөнүм үчүн аларды сыпаттап, бар экендигин айгинелеп жазып жатам.
Сиз азыр уулуңузду «чыныгы мырза» кылып тарбиялоого кандай аракеттерди көрүп жатасыз?
— Мен болгон күчүмдү уулума салып, чыныгы мырза кылам деп тарбиялаган жокмун. Балам эркин, каалагандай өсүп жатат. Уулумду Кудайга тапшырдым. Жаратканым кандай адам чыгарса дагы, анын тарбиясында болсун. Баланы тарбиялаардан мурун өзүмдү тарбиялоом керек деген ойдомун. Кааласам, каалабасам дагы балам мени көрүп өсөт. Өзүң туура эмес жолдо жүрүп, балаңа акылдуу кеңештерди айтсаң жугумдуу болбойт. Анткени бала көргөнүн кылат. Ошондуктан азыр өзүмдү тарбиялап жаткан учурум менин. Баламдан өзүмдүн кандай экенимди аныктайм.
Уулуңуз атасы менен канча убакытта бир жолугуп турат?
— Балага атанын да, эненин да тарбиясы керек, ошол себептен уулум атасы менен канчалык көп жолукса, мага ошончо жакшы. Мен баламдын келечегин, тагдырын ойлойм, ошондуктан атасы менен бат-баттан жолугуп туруусун аябай каалайм. Баласын атасынан алып качып, бала аркылуу жазалайм дегендер акылсыз аялдар деген ойдомун. Уулум атасы менен канча убакытта жолугары атасынын убактысынан көз каранды. Ал жумушунан бошобой жолукпай калган учурлары көп болот. Бир-эки жолу каникул учурунда үйүндө бололу деп суранганбыз, бирок шартка байланыштуу андай учур боло элек азырынча. Балам көп акылдуу суроолорду берет. Кээде ал суроолоруна жооп таба албай калам. Андайда «атаңдан сурасаң» деп атасы менен бириктиргенге, байланыш түзгөнгө шарт түзүп турам.
Атасы балалуу болсо бир тууган катары балаңызды катыштырасызбы?
— Балам азыркы учурда “ини же карындашым болсо” деп көп айтат. Өзүмдүн азыр турмушка чыгып, төрөгүм келип турган жайым жок. Ошон үчүн эгер атасы балалуу болсо, баламдын инилүү же карындаштуу болгонуна мен кошо кубанам. Энеси эки башка болгону менен каны бир, сөзсүз катышуусу керек. Жубайы акылдуу чыгып, баламдан атасын кызганбай, балдары менен катышууга шарттарды түзүп берип турса абдан кубанам. Бул да атасы тараптан көз каранды.
Мурунку жолдошуңуздун бактылуу сүрөттөрүн социалдык тармактардан көрүү сизге оор эмеспи?
— Жок, муну так кесе айта алам. Жолдошумдун бактылуу сүрөттөрүн көргөндө мен эки эсе бактылуумун. Эгерде мен аны бактылуу кыла албасам, демек, ал менин кемчилигим. Уулумдун атасы бактылуу болуп жатса, бакыттын нуру уулума да чачырайт, демек, мага да тиет. Эмнеге менин ичим тарышы керек? Атасы чоочун киши эмес, тогуз жыл чогуу түтүн булаттык, үйлөнгөнчө беш жыл ага-карындаштык мамилебиз бар эле. Дегеле экөөбүздүн 15 жылдык тарыхыбыз бар, бири-бирибизди жакшы билебиз. Анын иши жүрүшүп ийгиликтүү, бактылуу болуусуна тилектешмин.