Данияр: «Келинчегим оорукчан кызы менен үч айлык ымыркайын таштап кете берди»
Эки кыздын атасы Данияр бир жыл мурун келинчегинен айрылган. Учурда батирде эки кызы жана апасы менен жашайт. Анын азыркы көйгөйү – кара курсак үчүн азык-түлүк табуу.
Элсому: 0706 88 66 69
Адреси Военно-Антоновка, Октябрьская-Дружба, 53-үй✔️
Бир кызы оорукчан, экинчиси кичинекей. Аларды өзү багып жаткан Данияр өз тагдырын мындайча баяндайт:
“Атам каза болуп жогорку билим алган жокмун”
Мен Кочкор районунун Чолпон деген айылынан болом. Жашым 35те. Үй-бүлөдө улуу баламын, менден кийин эки иним жана бир карындашым бар. Ата-энем карапайым эле адамдар болушкан. Мен 11-класста окуп жүргөн кезде атам каза болуп калган. Андан көп өтпөй эле таянган чоң атам да бизди таштап кете берди. Ошентип, жашоодогу эң керектүү, таянар адамдарымды удаа жоготтум. Атам каза болгондон кийин эле үч баласын багуу милдети апама жүктөлгөн. Бизди элден калбай өстүрөйүн деп апам түрдүү жумуштарда иштеди. Тилекке каршы, жашообуз жомоктогудай болуп кеткен жок. Өп-чап турмушубузга байланыштуу жогорку окуу жайда окуп,кыялданган кесибиме ээ боло алган жокмун. Үйдүн улуусу катары өзүмдөн кичүүлөрдү багууга апама жардам берүүмда керек болчу. Ошондуктан мектепти аяктап,аскерге баргандан кийин эле борборго келип курулуш жаатында иштеп баштагам. Ошол күндөрдүн биринде болочоктогу жубайыма жолуктум. Келинчегим Кара-Балтадан болчу, аты Мээрим. И.Арабаев атындагы окуу жайда мугалимдик кесипке ээ болгон. Экөөбүз 2009-жылы борбордон таанышып, бири-бирибизди жактырып калып турмуш курганбыз. Баш кошкон соң мен баягыдай эле куруучу болуп, жубайым болсо мектепте башталгыч класстын мугалими болуп иштеп жаттык. Экөөбүз сегиз жылда эки кыздуу болдук. Бирок…
“Тун кызыбыз оорукчан болуп төрөлдү”
Кудайым бизге наристе жытын искей турган күндү бат эле буюрду. Тогуз айдан кийин ата-эне болорубузду уккандан кийин бардык үй-бүлөлөрдөй эле тиешелүү анализдерден өтүп, жубайым дайым доктурдун көзөмөлүндө болду. Ай сайын тапшырылчу анализдерин да калтырбай тапшырып, жыйынтыгы жакшы чыкчу. Кош бойлуу кезинде ден соолугуна даттанган да, кыйналган да эмес. УЗИге түшкөндө баланын кыймылдап турганын көрчү. Бир гана жубайымдын кан басымы жогору болуп турчу, ошол себептен доктурлар «операция жолу менен гана төрөсүн» дешкен.Ошентип, ай-күнүнө жеткенде жубайым кесарево жолу менен кыз төрөдү. Бирок кызыбыз төрөлгөндө эле алсыз болду, ошондуктан бир ай вакуумда жатты. Доктурлар «бала болбойт» деп да айтышкан. Кудайдын жардамы менен кызыбыз жашап кетти. Бирок доктурлар «тубаса ДЦП оорусу менен ооруйт” деген диагноз коюшту. «Эмнеге мындай болуп төрөлүп калышы мүмкүн?» деген сурообузга доктурлар жооп таба албай коюшкан. Биз балабыздын ден соолугу үчүн, албетте, тынчсызданганбыз, анткен менен оорусун бат эле кабыл алып, «бул да биздин балабыз» деп шүгүр келтиргенбиз. Айыгып кетеринен үмүтүбүз үзүлбөй барбаган жерибиз калган жок. Азыркыга чейин алты ай сайын ооруканага жатып дарыланып турабыз. Тилекке каршы, таптакыр жылыш жок. Мына, кызым тогузга чыкты, бирок баса албайт, көзү көрбөйт, сүйлөбөйт, кыймылсыз эле жата берет. Денеси кадимки балдардыкындай эле өсүп жатат, буту-колу түз, бешенеси жарык.Катуураак үнүң чыкса калчылдап калат. Сүйүнүчүн да, кайгысын да ыйлап билдирет.
“Келинчегим бизди таштап кетти…”
Оорукчан баланы багууда каржы жагынан да, моралдык жактан да жакшы эле кыйналдык. Бирок ушунусуна деле шүгүр деп жашап келгенбиз. Түшкө чейин жубайым иштесе, ал келгенден кийин мен кетип, кызыбызды алмак-салмак карачубуз. Азык-түлүк, дааратканага чейин ушинтип кезектешип барчубуз. Кызыбыз бат-баттан ооруп турчу. Андайда калтыратма оорусу кармап ооруканага жатчубуз. Мындан сырткары дары-дармектерине, укалоого да бир топ каражат керектелчү. Дагы келинчегимдин туугандарына рахмат, алар үйүн берип, чөнтөгүбүзгө жакшы эле жеңилдик болуп бекер батирде жашадык. Кочкорго көчүп кетели десек оорукчан бала менен шаарда жашоо ыңгайлуураак эле.Ошентип, келинчегим сегиз жылдан кийин кайра эле кесарево жолу менен экинчи кызыбызды жарыкка алып келди. Ошондон кийин эле ден соолугу жакшы боло албай койду. Тагыраагы,операциядан кийин төрөтканада он күндөй жатып, жакшы эле чыккан. Ошондон көп өтпөй эле “өпкөсүнө суук тийиптир» деп ооруканага жатып, өпкөсүндөгү сууну сордуруп алышкан.Улам айыгып чыгып келсе, кайра бир жери ооруп калчу. Акыркы ирет “боору ылдый түшүп кетиптир” деп жаткан болчу. Анда кызыма үч ай болгон эле. Бир күнү таң атпай доктурлар чалып документтерин алып келүүмдү айтышты. Оюмда эч нерсе жок эле документтерин алып баргам, анан жаман кабар угуп жатпаймынбы! Көрсө, жүрөгү чоңоюп кетип, аз убакыттын ичинде токтоп калыптыр. Мынчалык болот деп ойлогон эмес элем. Жаңы төрөп келгенде деле кыздарымды өзүм карап, ага эч нерсе кылдырчу эмесмин. Дааратканага гана барып, калган убакта башын бийик жаздап алып эле төшөктө жатчу. Кош бойлуулугунун жетинчи айына чейин кыйналбай эле иштеп жүргөн. Ошол кезде «ысып кеттим» деп сууга көп түшө берчү да, ушул да себеп болдубу деп ойлоп калам. Доктурлар деле өлүмүнүн себебин так айтып бере алышкан жок.
“Кыздарым мээримге тойбой чоңоюп жатышат”
Келинчегим ооруканада жатканда үйгө суранып бир-эки күнгө келип турчу. Акыркы жолу улуу кызыбыздын туулган күнүндө суранып келиптир. Жакшынакай отуруп, эртең менен өзү кеткен. Ошондо кыздарым апасын акыркы жолу көрүп калышты. Келинчегим ооруп баштаганда дароо эле кичүү кызыбызды эмчектен чыгарып, кошумча тамак берип өзүм бакчумун. Кызым же эне мээримине тойбой же сүтүнө тойбой калды. Улуусу болсо апасы мектепте иштеп жүргөндө деле сагынып ыйлачу. Телефондон үнүн угузуп койсом уктап калчу. Апасы келгенде сүйүнүп калар эле. Апасынан айрылгандан кийин куса болуп, эч бир тамакты оозуна албай ооруканага да жатып чыкты. Жубайымдын көзү өткөндөн кийин мага көп адамдар «улуу кызыңды балдар үйүнө берип сал» деп айтышкан. Бирок өз канымдан жаралган баламды берүүгө жүрөгүм чыдабайт, бул колумдан да келбейт. Эне мээримин албаганы аз келгенсип, ата мээриминен өксүп чоңоюусун каалабайм. Күйөөсү өлүп калса, аялдар чыдашат экен, ал эми эркек кишиге кыйын болот экен. Келинчегимдин көзү өткөндөн кийин Военно-Антоновкага батирге көчүп барганбыз. Азыр апам жаныма келген, экөөлөп кыздарды карап жатабыз. Мен жок болуп калсам апамдын эки балага алы келбей калат. Ошондуктан жандарынан жылбайм. Кичинекей кызым бир жашка чыкты, азыр бир-эки кадам таштап басуунун аракетин кылып калды. Улуу кызыма деп мамлекет тарабынан алган 5000сомду батирге төлөйбүз. Андан сырткары толтура чыгышаларыбыз бар: кызымдын бир дарысы 500сом, айына андан үчөө керектелет. Алты ай сайын ооруканага барганда кеминде он миң сом сарпталат. Мындан сырткары укалоо жасатып турушум керек эле, бирок ага акчабыз жок укалоо албай жатабыз. Чынында, азыр жашообуз кыйын эле болуп турат. Эң эле биринчи муктаждыгыбыз азык-түлүк болуп жатат. Улуу кызым дайыма дары ичип турушу керек, эки кызым тең такма жалаяк кийишет.Айтор, мунун баары акчаны талап кылат. Эки баланы карап,өзүм иштегенге шартым болбой жатат. Ошондуктан элден жардам суроого аргасызмын.
🖊️ — Айгерим Токтобай кызы