Негизгиге Пайдалуу кеңеш Бетке маска коюудагы айымдардын катачылыктары

Бетке маска коюудагы айымдардын катачылыктары

1404

Бетке маска коюудагы айымдардын катачылыктары

Үй шартында жасалган масакалар бизди көптөгөн көйгөйлөрдөн арылтат:
беттеги кара чекиттерден, шишиктен, ашыкча кургактыктан же теринин көп
май бөлүп чыгуусунан. Бирок кээде маскадан көңүлүңүз калган учурлар кездешет. Демек, тигил же бул жерин туура эмес кылып жатасыз.

1-катачылык: «Канчалык көп турса, ошончолук жакшы»
Масканын эрежесинде “15-20 мүнөт кармоо керек” деп жазылып турат. А биз “40
мүнөт кармайм, жыйынтыгы жакшы болот” деп ойлойбуз. Бул жаңылыштык. Эмне
үчүн? Маска кургаары менен ал бизге эч кандай пайда алып келбейт. Атүгүл кээде
зыяны тийип калат. Кургаган маска беттин нымдуулугун кайра өзүнө соро баштайт.
Сезимтал терилер мындан кийин аллергия боло баштайт. Андыктан маскаларда
убактысы бекеринен көрсөтүлбөйт, ага сөзсүз түрдө көңүл буруу зарыл.

2-катачылык: “Түнү менен калтырам”
Бир гана убактысынан көп койбой, бетиндеги масканы түнү менен калтырган
айымдар да кездешет. “Түндө тери эс алат, тешикчелери ачылат, демек, маска
жакшы таасир берет” деп ойлошот алар. Бирок бул таптакыр туура эмес. Түндө
коюлуучу атайын маскалар бар. А үй шартындагы маска үчүн тез бузулуучу
азыктарды же кислотасы бар жемиштерди колдонсоңуз, бул териңиз үчүн абдан
зыяндуу.

3-катачылык: Маска менен басып жүрүү
Бул дагы көп тараган жаңылыштык. Көпчүлүк айымдар убактысынын тартыш
экенин шылтоолоп масканы бетине койгондон кийин үй жумуштарын жасап ары-
бери басып жүрө беришет. Бирок кабат-кабат коюлган же ылай маскалары оор
болуп беттин терисин чоюп коёт. Андыктан масканы бетиңизге койгон соң
жагымдуу музыканы коюп, көзүңүздү жумуп жатыңыз. Ошондо гана териңиз
масканын пайдасын көрүп жыргайт.

4-катачылык: Өтө эле көп колдонуу
Айрымдар масканы өтө эле көп колдонушат, кээде күн сайын. Бирок масканын
курамында активдүү заттар бар экенин унутпашыбыз керек. Андыктан алар күн
сайын колдону үчүн эмес. Косметологдор белгилүү бир убакыт аралыгында
колдонууну сунушташат.

5-катачылык: Көчөгө чыгар алдында маска колдонуу
Сыртка чыгууга 1 сааттан аз убактыңыз калса, жүзүңүзгө маска коюунун кажети
жок. Айрыкча кыш мезгилдеринде. Кескин алмашкан температура маскадан кийин
бетке кызыл бүдүрлөрдүн чыгып кетишин шарттайт.

6-катачылык: Тоник колдонбоо
Көпчүлүк кыздар маска коёр алдында бетти тоник менен сүртүүнүн кереги жок деп
эсептешет да, бетин жууп туруп эле маска коюп алышат. Муну менен биз
масканын таасирдүүлүгүн жоготобуз. Айрыкча бул терини нымдаштыруучу маска
болсо. Тоник маскадагы активдүү заттардын териге сиңишин шарттайт. Мындан
тышкары суу түтүктөрүнөн чыккан сууда хлор жана башка териге керексиз
элементтер бар. Тоник болсо ушундай элементтерден терини коргойт.

7-катачылык: Масканы муздак же ысык суу менен жуу
Температуранын кескин өзгөрүшү теринин стресс алышынын бир себеби болуп
эсептелинет. Муну ар кайсы тери ар башкача кабыл алат. Мисалы, майлуу тери
мурдагысынан да майланышса, кургак тери андан бетер кургап, атүгүл түлөй
баштайт. Бетке коюлган кандай гана маска болбосун, аны жууда бөлмө
температурасындагы сууну колдонуу керек.

8-катачылык: “Кычыштыруусу – туура келбегени”
Маска койгон соң жагымсыз сезимдер болуп, бетиңиз билинер-билинбес кычышса,
буга тынчсыздануунун кажети жок. Масканын курамындагы активдүү
кошулмаларды сезимтал тери ушундай кабыл алат. Айрыкча масканы жуугандан
кийин бетиңизде эч кандай кызыл калбаса, кычышуу болбосо, анда баары жакшы.
А мурун мындай болбой, азыр эле пайда болсо, анда масканын курамындагы азык
сиздин териңизге жакпай жатат деп билсе болот.

9-катачылык: “Кремдин кереги жок”
Дагы бир кеңири жайылган катачылык – маскадан кийин азыктандыруучу кремди
четке кагуу. Бетти жуугандан кийинки крем масканын курамындагы азыктардын
таасирин күчөтөт, масканын пайдасын жогорулатат.

Күзгү азыктардан пайдалуу маскалар

Алмурут маскасы
Бул маска терини серпилгич, жылмакай кылат. Рецеби жөнөкөй: бышкан
алмурутту жакшылап эзип туруп бетиңизге коюп 20 мүнөт жатасыз. Андан кийин
жылуу суу менен жууп саласыз. Безеткиден жапа чеккендер да ушул масканы
колдонсо болот. Күн алыс 10 жолу койгондон кийин бетиңизде бир да безетки
калбайт.

Ашкабак маскасы
Ашкабак маскасы бет терисин витаминдер менен камсыз кылат, азыктандырат
жана тазалайт. Мындай масканы тазалоо үчүн ашкабактын кабыгын аарчып,
кыргычтан өткөрөсүз. Ага 1 чай кашык бал менен 1 жумуртканын сарысын кошуп
аралаштырасыз. Пайда болгон аралашманы бетиңизге коюп, 10-15 мүнөттөн
кийин жылуу суу менен жууп саласыз.

Сабиз маскасы
Сабиздеги витаминдер беттин жагымдуу түсүн калыбына келтирип, терини
жашартат. Сабизди кыргычтан өткөрүп, калың кылып бетиңизге жабасыз. 15
мүнөттөн кийин жууп саласыз.

Банан маскасы
Банандын курамында терини картайтпай турган витаминдердин,
микроэлементтердин топтому бар. Мындан маска жасоо үчүн жарым бананды
эзип, ага 2 чоң кашык каймак кошосуз. Каймактын ордуна айран кошсоңуз да
болот. Аралашманы бетиңизге коюп 15 мүнөт жатасыз. Андан кийин жууп саласыз.

Аймээрим Курбаналиева

СоӊкуГүлзаана: Жок дегенде кичүү кызымдын көзүн сактап калсам дейм
КийинкиДанияр: Келинчегим оорукчан кызы менен үч айлык ымыркайын таштап кете берди