Экинчи өнөрү ачылган таланттар
Бири алып баруучу, бири актриса, куудул катары өнөрүн тартуулап жүрүп, сахнада жаңы таланттары ачылган инсандарды таптык. Алар азыркы тапта шоу дүйнөсүнө билек түрө киришпесе дагы, чыгармаларды жаздырып, ырчылык өнөрүн өркүндөтүүнүн үстүндө иштеп жатышат.
Гүлсина Чотонова, актриса: “Эки анжы ойдо турам”
— Кээде достордун арасында ырдап жүрчүмүн. Бирок ырчылыкка олуттуу
киришүү оюмда болгон эмес. Жакында Расул Маматкулов ырдап чыгууну
сунуштап, өзүнүн “Кызгалдак“ аттуу ырын берди. Ырдайын десем өзүмдүн
колумдан келчүдөй эмес. Анан биргеликте ырдоону сунуштадым. Негизи,
бул ырды тар чөйрө үчүн эле деп ойлогом. Эл кандай кабыл алат экен деп
“Ютубга” чыгарып койсок жылуу пикирлерин айтып жатышат, аларга рахмат.
Азыр ушул ырды суранып тойго чакыруулар болуп жатат, бирок мен каршы
болуудамын. Ушундан улам азыр “ырчылыкка киришсем болот окшойт”
деген ойго келгеним менен так чече элекмин. Бир чети элдин сынынан
өтпөй калсам кандай болот деп кооптонуп жатам. Ушундай эки анжы
ойдомун.
Назира Айтбекова, алып баруучу: “Өзүмдү алдап сахнага чыккам”
— Мен музыканттын үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Бала кезимде комуз, фортепиано
ийримдерине бардым, музыкалык мектепте окудум, ар кыл фестивалдарга
катышып жүрчүмүн. Айтор, ата-энемдин мени музыкант кылуу аракети чоң
болду. Бирок менин көңүлүм такыр тартпай койгон, “мен музыкант болбойм,
ырдабайм” деп башка чөйрөнү тандап кеткем. Үйдө апам экөөбүз отуруп
калганда же отуруштарда апам комуз чертип, мен ырдап калчумун. Апам
“үнүңдүн тембри жакшы, ырда” деп далай айтып жүрчү эле. Алып баруучуга
вокалдык сабак керек деп Улукмырза Полотов, Айжан Газиева өңдүү вокал
адистерине дайым барчумун. Алар да менин үнүмдү баса белгилеп
айтышчу. А менин ырдагым келчү эмес. Ырыс Окенованын түрткүлөөсү
менен Илим Карыпбеков экөөбүз “Бакытка карай“ деген ырга дуэт
жаздырганбыз. “Ютубга” чыгарып көрсөк, дароо эле 50 миң угуу топтоптур.
Биринчи жолу сахнага ырдап чыкканда “мен актрисамын да, азыр ырчы
кыздын ролун ойнойм” деп өзүмдү алдап чыккан элем. Элдин кол чабуусун
укканда өзүмө келгем. Азыр өзүм алып баруучу болгон тойлордо ырдап
коём. Бирок баары бир жүрөгүмдө “бул меники эмес, мен ырчы эмесмин”
деген сезим тура берет.
Гүлжайна Атаканова, куудул: “Вокалдан кийин гана клип тарттырам”
— Негизи, ырчылык талант менин канымда бар, атам бул жаатта чымыны бар
инсан. Анын сыңарындай, мен да кээ бир концерттерде ырдап коёр элем.
Жакында эле өткөн “Сахнада 15 жыл” аталышындагы жеке концертиме
атайын 3-4 ыр жаздырып, алгачкы жолу ырчы катары сахнадан тушоомду
кестим. Эл жакшы кабыл алды. Себеби ырларымдын арасында ыйлатканы,
ойлонткону, кубантканы да болду. Өзүмө таандык ырлар да бар. Ушуну
менен ырчылык талантымды да элге тартуулоону чечтим. Өзүмдү “укмуш кыйратып ырдайм” дебейм, колумдан келишинче аракет кылып жатам. Эми
вокалга сабакка барып профессионалдуу түрдө ырдоого аракет кылам.
Андан соң гана клиптерди тарттырып каттуу иштей баштайм.
Айпери Адамкулова, телеалпаруучу: “Жар-жар” айтууну эл сунуштады”
— Элдин, жакын туугандарымдын сунушу менен “Жар-жар” ырын ырдай
баштадым. “Турмушка чыктың, сага ырдаганга болот” деп көптөр айтышчу.
Анан эл айтты деп эле чыгып калган жокмун, албетте, өзүм кичинемден эле
эл алдына ырдап чыкпасам да, тар чөйрөдө, достордун арасында ырдап
эле жүрчүмүн. “Жар-жар” айтып калганымдын дагы бир себеби,
кайнилеримдин бири үйлөнүп, жеңелик кылып “Жар-жар” айтып чыктым.
“Жар-жар” тойдун башында ырдалчу ыр болгондуктан, элдин баары сени
карайт экен, сүрөткө, видеого тартат экен. Эң жоопкерчиликтүү жер ошол
жер экен билинбегени менен. Ырдаган видеолорду социалдык түйүндөргө
жүктөгөндө “сен эле калдың эле ырдабаган” деп жазышат го дегем. Бирок
андай терс комментарийлерди окуган жокмун. Тескерисинче, “жакшы
ырдайт экенсиң, азамат” деген жылуу сөздөрдү гана угуп жатам. Азыр
күнүгө болбосо да эки күндүн биринде чакыруулар болуп жатат. “Жар-
жардан” башка дагы бир ыр бар. Буюрса, дагы жаздырайын деген
пландарым бар.
Айзада Жамгырчиева, алып баруучу: “Ырчылыкка биротоло киришейин деген оюм жок”
— Менин үй-бүлөмдө ырчылыкка жакын адам жок, ошондой болсо дагы мен
кичинекей кезимден эле ырдачумун. Атүгүл вокалдан да сабак алгам. Бир
жыл мурун эски ырга жаңы көйнөк кийгизип, клип тарттырып, ырчылык
өнөрүмдү күйөрмандарыма тартуулаган элем. Андан кийин жаңы ыр
жаздыра элекмин. Эгерде көңүлүмө туура келген ыр болсо ырдайм, болбосо
эргүүнү күтүп жүрө берем. Азыр өзүм алып баруучу болгон тойлордо эле
“эми ырдап койбойсуңбу, жакшы ырдайсың го” деген суранууларды четке
какпай созуп коём. Ырчылык – менин хоббим. Ошондуктан убактым
болгондо гана ырдайм, биротоло киришейин деген оюм жок. Бул менин
бала кезимдеги кыялымдын бири.
Айгерим Токтобай кызы
(макаланы уруксаатсыз көчүрүп орнотууга тыюу салынат)