Гүлмира Жаркынбаева: “Уулумдун өрттөлгөн сөөгү азыр да көз алдымда”
Өткөн аптада Токмок шаарынын тургуну Гүлмира Жаркынбаева Бишкекте коомчулукка маалымат жыйынын өткөрдү. Максаты – мындан үч жыл мурда жалгыз уулун өлтүрүп, өрттөп, Кегети капчыгайына таштап кеткендерге татыктуу жаза берүү. 11-октябрда Токмок шаардык соту кылмышка шектүүлөрдү сот залынан бошотуп жибергенине эненин өзөгү өрттөнүп турат.
“Уулум шылуун аял менен мамиле түзүп алыптыр”
— Мен Токмок шаарында турам. Жолдошум 2008-жылы каза болуп калган. Бир уул, бир кызыбыз бар. Кызым ошол эле аймакка турмушка чыккан. Мен болсо уулума эл ташыган кичи автобус алып берейин деп Москвага иштегени кеткем. Балам үйдө жалгыз жашачу. Куулук-шумдугу жок эле. Жеңил унаасы бар болчу, ошол менен шаардын ичинде кардар ташып иштеп жүрдү. Ошол учурда Бурулсун деген өзүнөн 17 жаш улуу аялды ташып, таанышып калыптыр. Ал кезде мен чет жакта иштеп жатканыма эки жыл болуп калган. Чогулткан акчама эл ташыган унаа алып берип жергиликтүү каттамда иштеп калды. Мен уулума көз сала жүргүлө деп туугандарыма дайындагам. Бир жолу алардан Жакшылыктын Бурул менен мамилеси бар экенин, сотко чакырган кагаздар келе баштаганын уктум. Уулумдан сурасам ал аял ишкер экенин, шаарда ишканасы бар экенин, ишенимдүү аял экенин айтты. Санаам тынбай 2016-жылы 21-майда Москвадан келдим. Ошондо ал аялдын “ишенимдүү” ишкерлиги тууралуу уктум. Көрсө, кичи насыя бере турган иши бар экен. Элге насыяны карматып, жашаган үйүнүн техпаспортун алып, башка жарандарга каттатып алчу экен. Үй ээлеринин насыя алып жатканда өз колу менен жазып берген тил катынын негизинде алардан үйүн тартып алган шылуун экен. Ошондой арты таза эмес үйдүн беш-алтоосун менин баламдын атына каттатыптыр. “Бул жөн эле документ, эч кандай жоопкерчилик тартпайсың” деп баламды алдап пайдаланып жүргөн. Качан гана батирдин ээлери менен соттошуп баштаганда менин балам да сотко чакырылып жатыптыр. Мен балам менен ачык сүйлөшүп, ал аял менен мамилеңди үз, батирлерин өзүнө бер, ишеним катыңды жокко чыгар десем макул болгон. Ал тургай сот отурумуна барып, болгон чындыкты айтып бермек. Бирок жетишпей калды…
“Баламды өз керебетинен өлтүрүп, анан өрттөп салышыптыр”
— 2016-жылы 11-июнда Жакшылык унаасы менен жумушка чыккан. Мен болсо кызыма, неберелериме учурашканы кеткем. Ал күнү балам үйгө келбептир, телефонуна чалсам өчүк. Жүрөгүм жамандыкты сезип издей баштадык. Унаасы менен жоголуп кеткенине ишенбей жаттым. Айлам кеткенде туугандар Бурулсунга чалышты. Ал Жакшылыкты бир ай мурда көргөнүн айтты. Ошентип, баарылап шаардын ичине баламдын сүрөттөрүн чаптап, сураштырып кымгуут болуп жатып калдык. 13-июнда милиция Кегети капчыгайында күйгөн унааны, анын ичинен кишинин сөөгүн тапты. Баламдын денеси эки чыканагы, тизесине чейин күйүптүр. Бирок мен аны бет түзүлүшүнөн, орсок тишинен тааныдым. Энелик жүрөгүм менен менин балам экенин билдим. Уулумдун сөөгүн туулуп-өскөн айылына жерге берип, кыркылыгына чейин ошол жакта болдук. Өзүбүздүн үйгө келгенде уулум уктаган керебеттин башында аялга тиешелүү көз айнекти, дубалга, полго, жуурканга чачыраган кандын тактарын көрдүк. Мындан улам баламды өз үйүбүздөн өлтүрүп, сөөгүн өзүнүн унаасына салып барып капчыгайдан өрттөп салышканын билдик. Мунун баарын бир адам жасай алмак эмес, себеби баламдын салмагы 100 килограммга жакын болчу. Экспертиза өрт унаанын ортосунан чыкканын аныктаган. Андыктан мотордон же башка тетиктен өрт чыгуусу мүмкүн эмес экени, атайын өрт коюлганы далилденди. Ал эми уулумдун сөөгү боюнча соттук-медициналык экспертиза “сөөк дээрлик толугу менен күйүп кеткендиктен, анын кандай жараат алып каза тапканын аныктоо мүмкүн эмес. Бирок аны өлтүрүп туруп өрттөгөнү анык” деген бүтүм чыгарып беришти. Ошентип, балам ашыкча маалымат билгенинин кесепетинен 28 жашында жарыкчылык менен кош айтышты.
“Бурулсун күнөөсүн күйөөсүнө оодарды”
— Башында уулумдун өлүмүнө Бурулсундун күйөөсү Эсен Ногоев шектелип жаткан. Ал аял болушунча күнөөнү күйөөсүнө оодарганга аракет кыла баштады. Жакшылык экөөнүн мамилесин билип калып кызганып өлтүрүп тынды деген вариант каралып жаткан. Эсен аялынын мончосун иштетчү экен. Бир жолу ал мончого бети канжалап, кийими баткак болуп келет. Ошол жакта иштегендерге ага кыйнап арак ичиришкенин, эч кимди өлтүрбөгөнүн айтыптыр. Ошондон көп өтпөй жүрөгү кармап, менин уулумдун артынан кете берди. Бул окуядан кийин Бурулсун Чылпакбаева менен анын тууганы Тургунбек Бегиш уулу сурак бере баштады. Мурда бул окуяга күбө катары суралып жатышса, кийин жетиштүү далилдер чогулуп, шектүү катары суракка алынып камалышты. Ал аялдын Тургунбек деген тууганы анын кара иштерине аралашып калган экен, мурда органда иштептир. Мына, үч жылдан бери күндө жумушка баргандай сот отурумуна барып өмүрүм өтүп келатат. Чылпакбаева соттун баарын сатып алыптыр, болбосо күнөөсү далилденип турса да сот залынан бошотуп жиберишет беле? Токмок шаарынын соту Астаркулов деген акыркы чечимди угузарда киши аз келүү үчүн болушунча аракет кылды. Биринчи күнү саат үчтө болмок, киши көп болгонун көрүп, эртеси күнкүгө – саат тогузга жылдырды. Ага карабай киши көп келди. Сот мындай чечим чыгарат деп күткөн эмесмин. Жок дегенде 20-25 жылга кесет деп күткөм. Буга чейин Чылпакбаеванын туугандары көп жолу мага киши жиберишти. “Бишкектен, Токмоктон үй, унаа алып берем, ишти жабалы” дегенде уулумдун арбагы мени тынч койбойт деп макул болгон эмесмин. Баары мыйзамдуу сот аркылуу чечилсин десем, соттун кылганы бул. Мен буга чейин акыйкаттык издеп барбаган жерим калган эмес. Эми облустук сотко арыз жазып, аягына чейин барам.
Аймээрим Курманалиева