Негизгиге Ашкана Тез даярдалуучу эртең мененки тамактар

Тез даярдалуучу эртең мененки тамактар

940

Тез даярдалуучу эртең мененки тамактар

Лаваш-омлет

Кандай азыктар керек?

Лаваш: 1 даана

Жумуртка: 3 даана

Сүт: 1 чоң кашык

Кайнатылган колбаса: 50-60 г

Катуу сыр: 30 г

Өсүмдүк майы: 1-2 чай кашык

Туз

Кантип жасалат?

Жумурткаларды чуңкур идишке чагып, ага сүттү, татымына жараша туз кошуп жакшылап чаласыз.

Колбасаны анча чоң эмес чарчы кылып туурайсыз да, кызып турган көмөчказанга салып кургак кууруйсуз (майдын кереги жок).

1 мүнөттөй кууруп эле кызара баштаганда башка идишке салып аласыз да, көмөчказанга бир аз өсүмдүк майынан тамчылатып ага жумуртканы куясыз. Эки жагын кууруп омлет жасайсыз.

Сырды кыргычтын ирик тишинен өткөрүп аласыз.

Лаваштын бир бөлүгүнө кыргычтан өткөрүлгөн сырдын жарымын себелейсиз, анын үстүнө омлетти саласыз, анан колбасаны, бетине сырдын калганын себелейсиз.

Лаваштын бош калган тарабы менен начинканын үстүн жабасыз.

Эми көмөчказанга бир аз май тамчылатасыз да, лавашты салып эки жагын кууруйсуз.

Жумуртка котлети

Кандай азыктар керек?

Жумуртка: 6 даана

Укроп, көк пияз: жарым боодон

Ун: 1 чоң кашык

Манка уну: 1 чоң кашык

Каймак: 1 чоң кашык

Туз

Өсүмдүк майы

Кантип жасалат?

Жумурткаларды сууга кайнатып бышырып аласыз да, муздаган соң кабыгын аарчып тазалайсыз.

Эми кыргычтын ирик тишинен өткөрөсүз.

Укроп менен көк пиязды майда туурап, аларды жумурткага кошосуз.

Унду, манка унун, каймакты, татымына жараша туз кошуп жакшылап аралаштырасыз.

Колуңузду суулап, пайда болгон аралашмадан кичинекей котлеттерди жасайсыз.

Көмөчказандагы кызып турган өсүмдүк майына котлеттерди салып эки тарабын кызаргыча кууруйсуз.

Котлеттерди каймак, жашылчалар менен берсеңиз, андан бетер даамына чыгат.

“Көздүү” помидор

Кандай азыктар керек?

Помидор: 2 даана

Жумуртка: 2 даана

Сыр: 30 г

Туз, мурч

Кантип жасалат?

Помидорлордун баш жагын кесип алып, ичиндеги жумшак этин уруктары менен кошо алып саласыз.

Помидорлордун ичине бирден жумуртканы чагып, туз, мурч себелейсиз.

180 градустагы духовкага помидорлорду 10-12 мүнөт коёсуз.

Болжол менен 5 мүнөттөн кийин кыргычтан өткөрүлгөн сырдан себелеп коёсуз.

Кооздук үчүн көк чөптөрдөн себелеп, помидордун “капкагын” жаап коёсуз.

Сыр гренкиси

Кандай азыктар керек?

Бөлкө нан: 6 кесим

Жумуртка: 3 даана

Катуу сыр: 80 г

Туз, мурч

Өсүмдүк майы

Кантип жасалат?

Жумурткаларды чуңкур идишке чагып, ага кыргычтын майда тишинен өткөрүлгөн сырды, татымына жараша туз, мурч кошуп жакшылап аралаштырасыз.

Нандын кесимдерин бул аралашмага малып алып, көмөчказандагы кызып турган майга салып эки тарабын кууруйсуз.

Болгар калемпириндеги жумуртка

Кандай азыктар керек?

Ар түрдүү түстөгү болгар калемпири: 2 даана

Бөдөнөнүн жумурткасы: 4 даана

Туз, мурч

Өсүмдүк майы

Кантип жасалат?

Болгар калемпирлеринин ичиндеги уруктарын тазалап, жууп, калыңдыгын 2 см кылып шакекче формасында туурайсыз.

Көмөчказанга майды куюп, кызыган соң болгар калемпирлерин салып кууруйсуз.

Бир аз куурулган соң ар биринин ортосуна бирден бөдөнөнүн жумурткасын чагасыз.

Бетине бир аз туз, мурч себелеп туруп көмөчказандын капкагын жаап, отту жайлатып 2 мүнөт күтөсүз.

Бышкандан кийин бетине көк чөптөрдү себелеп кооздоп койсоңуз болот.

Соӊку«Вайн» — интернеттеги эң популярдуу тармак
КийинкиГүлмира Жаркынбаева: Уулумдун өрттөлгөн сөөгү азыр да көз алдымда