Гүлзат Жылтырова: «Кызым күйүктөн араң айыкса, эми гепатит жуктуруп алыптыр»
Рубрикабыздын аты айтып тургандай, гезитибиздин бул бети кайрымдуулукка арналган. Эртеңки күнү эмне болорубузду эч кимибиз билбейбиз. Ар бирибиздин башыбызга көйгөй түшүп калары талашсыз. Андыктан ар дайым кайрымдуу болуп, бири-бирибизди оор кырдаалдан чыгарууга аракет кылалы.
«Кызыбызды өлүмдөн алып калган элге ыраазыбыз»
Аты-жөнүм Гүлзат Жылтырова. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Ленин айылынын тургуну болом. Тогуз баланын энесимин. Менин сиздерге кайрылуумдун себеби төмөнкүчө. Кызым Арууке 5 жашта. 2017-жылы 13-январда бүтүндөй үй-бүлөбүз үчүн абдан оор күн болду. Ошол күнү кызым кырсыкка учурап, ашканада тамактанчу столдун үстүндө турган термопоттун шнурун чуркап баратып буту менен илип кетип, андагы кайнап турган суу жонуна төгүлгөн эле. Кырсыктан улам кызымдын денесинин 60 пайызы күйүп, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшүп калган. Күйүктүн дарылары, айыгуу жолдору абдан кымбат болгондуктан, мындай каражатты көтөрүүгө өзүбүздүн каражатыбыз жетпей элге кайрылганбыз. Элден колдоо таап кызыбыздын ден соолугу акырындан өз калыбына түшкөн. Көптөгөн кайрымдуулук фонддору, жалпы эле карапайым калк колдоп, кызым бир өлүмдөн аман калды. Сиздерге ыраазычылыгым чексиз, сөз менен жеткире алгыс.
«Кызым да, мен да гепатит жуктуруп алыптырбыз»
Кызым ден соолугуна байланыштуу тез-тезден анализ тапшырып тургандыктан, кечээ жакында гемоглобининин өлчөмүн билүү үчүн кан тапшырганда дарыгерлерден күтүүсүздөн дагы жаман кабар уктук. Оор кырдаалдан жаңыдан чыгып келатканда кызыбыз эми гепатиттин С түрүнө чалдыгыптыр. Азыр эми муну кандайча жуктуруп алганын билбей бир чети таң калып, бир чети кайгыга батып турган чагыбыз. Кызым эле эмес, өзүм дагы аталган ооруну жуктуруп алыптырмын. Меники В түрү экен. Жакында тишимди дарылаткан элем, балким, ошондон жуктубу, же кичүү эгиз балдарымды төрөгөн учурда операция маалында жуктуруп алдымбы, белгисиз. Учурда мен дагы дарыгерлердин кеңеши менен мүнөздөп тамактанып жаткан учурум. Эч жерде иштебейм, үйдө балдар менен алекмин. Жолдошум дагы туруктуу жумушу жок болгондуктан, борборго келип ар кайсы жумуштарда иштеп бизди колунан келишинче багып жатат. Кызым күйгөн соң акча каражаты жетишпегендиктен жолдошум айдап жүргөн машинаны, бир аз мал-жандыгыбыз бар эле, аларды дагы сатууга туура келген. Учурда жолдошум улуу үч балам менен шаарда. Ижарага машина алып такси кызматында иштеп жатат. Мен болсо алты балам менен айылда жашап жатам. Балаңдын ооруп турганын көрүү эне үчүн абдан оор экен. Мындай кырсыкты эч кимге каалабайт элем.
Гүлзат
Үй-бүлгө жардам берүүнү каалагандар төмөнкү номер аркылуу байланышып жана ушул эле номерге каражат которо алышат.
☑️Элсом: 0705 50 30 43
🖊️ — Асел Эсенбек кызы