Негизгиге Пайдалуу кеңеш Кышкы лайфхактар

Кышкы лайфхактар

416

Кышкы лайфхактар

Жашообузда майда-барат деп эсептеген айрым нерселерге дагы көп убактыбызды сарптайбыз. Ал эми кышында түйшүгүңүздү жеңилдетип, убактыңызды үнөмдөөнү кааласаңыз, бул сунуштарды жасаңыз.

Кол кап менен телефон башкаруу мүмкүн
Кыштын күнү кол кап менен смартфонуңузду башкаруу ыңгайсыз. Бирок кол капты чечпей туруп уюлдук телефон колдонсо болот. Адегенде телефонду кайсы манжаңыз менен башкарарыңызды билип алыңыз. Андан соң иштебеген наушниктин зымын кыркып алып, кол каптагы керектүү манжаны аңтарып алып, наушниктин зымын тигип коюңуз.

Кышында бет кызарбоо үчүн
Кышкысын эшикке чыкканда бетибиз үшүп, кызарып калат. Мунун алдын алуу үчүн ромашканы эки мүнөт кайнатасыз да, муздаган соң тундуруп, суусун оозунда чачкычы бар бөтөлкөгө куясыз. Бул суюктукту кебезге сээп алып, эшикке чыгарда жана киргенде бетиңизге сүртсөңүз кызарбайт.

Кулпу катып калса
Гараждын же болбосо үйдүн кулпусу суукта катып эшигиңиз ачылбай жатса, ачкычты салардан мурда кулпуну ширеңкенин отуна кактап алыңыз.

Батарейка колуңузду үшүктөн сактайт
Колду үшүктөн сактоочу “жылытуучу каражаттар” сатылат. Бирок алардын баасы кымбат болгону менен алты сааттык убакытка чейин эле кызмат кылат. Мындай каражаттардын ордуна, кадимки батарейканы фольгага ороп туруп кол кабыңыздын же бут кийимиңиздин ичине салып койсоңуз, батарейка жылуулук бөлүп чыгарып, анын эсебинен сиз да жылуу жүрөсүз.

Бутуңуз тайгаланбайт
Кышында тоңгон муздарга тайгаланып катуу жаракат алуубуз ыктымал. Ошондуктан бут кийимиңиздин таманына курулуш клейинен сүйкөп, анын үстүнө косметикада колдонулуучу жалтырактан көп эле кылып себелеп коюңуз.

Кышкы куртканы жууганга топ жардам берет

Кышкы түктүү курткаңызды машинкада жууну кааласаңыз, куртка менен кошо эки-үч даана теннистин тобун кошо салсаңыз, жүн башка кийимдерге жабышпайт.

Унааңыздын терезелерине муз тоңуп калбасын десеңиз
Адатта эртең менен унаанын терезелерине муз тоңуп калып аны кетирүү үчүн бир топ убактыңыз кетет. Ошол себептен унааңызды короого киргизгенде эле бардык эшиктерин ачып 3-4 мүнөт желдетип коюңуз. Мындан кийин унаанын ичиндеги ным жоголот да, эртең менен терезелериңиз жалтырак бойдон калат.

Ал эми унааңыз карга тыгылып калса, салондогу килемчени алып чыгып, алдыңкы эки дөңгөлөктүн алдына койсо унаа кардан бат чыгып кетет.

Терезе тоңбоо үчүн
Кышында үйүңүздүн терезелери тоңуп калбашы үчүн бир литр сууга бир чай кашык нашатыр спиртин куюп жууңуз. Мындан сырткары үйүңүздү күнүгө желдетип туруу менен да муздарды алдын алган болосуз.

Кар күрөө
Короодогу карды тазалап бүткөндөн кийин күрөккө карлар жабышып, ал музга айланып кайра чыгаруу кыйынга туруп калат. Ошондуктан кар күрөөрдүн алдында күрөктүн калагын кадимки өсүмдүк майы менен майлап алыңыз.

Айгерим Токтобай кызы

СоӊкуГүлзат Жылтырова: Кызым күйүктөн араң айыкса, эми гепатит жуктуруп алыптыр
КийинкиЖылуу мамиле жумушка узатуудан башталат