Негизгиге Үй-бүлө Идеалдуу жубай мырзалардын көзү менен

Идеалдуу жубай мырзалардын көзү менен

565

Айымдардын түшүнүгүндө идеалдуу күйөө – бул аялынын бардык сапаттарын баалай билген, ал кандай гана мүнөзгө ээ болбосун баркына жетип, сыйлай билген адам. Ал эми мырзалардын оюндагы идеалдуу аял кандай болду экен, иликтеп көрөлү…

Жолдошун с билүү

Аялдар сыяктуу эле эркектер дагы «мени жубайым дайыма сүйүп, сүйүү сөздөрүн арнап турса экен» деп ойлошот. Байлыгы, бийлиги, көп суммадагы акча каражатын таап жатканы үчүн эле эмес, жөн гана адам катары жакшы көрсө экен деген принципти карманышат.

Анын туугандары менен сый мамиледе болуу

Бул түгөйүңүз менен жашоодогу эң негизги пункт деп койсо болот. Анткени ар бир эле күйөө келечектеги жубайым мени менен эле эмес, менин бир туугандарым, туугандарым менен жакшы мамиледе болсо экен, тил табыша билсе экен деп тилейт. Албетте, үй-бүлөлүк жашоодо өйдө-төмөн учурлар кездешет эмеспи. Эгерде жолдошуңуздун туугандары менен пикир келишпеген учурлар болуп калса, өзүңүздүн дагы принциптериңизди айта билип, кызыкчылыгыңызды жактай билип, бирок абалдан конфликттешүүгө жеткирбей чыгып, алар менен болгон сый мамилени сактап калууңуз абзел.

Сулуулугуңузга кам көрүү

Албетте, бойдокчулук кездегиге караганда турмуш куруп балалуу болгон учурда моюнубузга алышыбыз керек, бир аз жүдөй түшөбүз. Бирок эркек көзү менен сүйөт деген кеп бекеринен айтылып калган эмес чыгар. Сиздин күнү кечке үй оокаты, анан бала кароо менен алектенип жүзүңүзгө кам көрбөй калганыңызды жолдошуңуз түшүнбөшү мүмкүн. Анткени ал эркек. Ошондуктан, жакшысы, алгач мен аялмын деген ойду бекем тутуңуз.

Тамакты түрлөп, даамдуу жасай билүү

Албетте, кыз-жигит болуп жүргөн убакта бул нерседен чечилбеген маселе деле жаралбайт. Анткени көбүнчө кафе-ресторандардан тамактанып алса болот. Ал эми турмуш курган соң ашкана жаатында бир топ эле сабаттуу болушуңуз керек. Ар бир эле эркек аялынын даамдуу тамак жасашын, ал жумуштан келгенде түрдүү даамдар менен тосуп алышын каалайт.

Ден соолугуңуздун чың болушу

Кандай гана күйөө болбосун жубайынын дени сак болуп, дайыма күлүп жүрүшүн каалайт. Ошондуктан ден соолугуңузга кам көрүп, медициналык кароодон өз убагында өтүп турушуңуз керек. «Ооруп жатам» деп кечке эле даттана берген аял кимге жакын..

Жолдошуңузга туруктуу болуу

Жолдошуңуздун көзүнө чөп салбай туруктуу болуңуз. Туруктуулук башка бирөөнүн колун кармап кетпөө менен эле чектелбейт. Жолдошуңуздун оюн сыйлай билүү, ага ийкемдүү болуп, анын кандай гана маселеси жаралбасын дайыма колдоого алышыңыз керек. Жолдошуңуз «бул мени сатып кетпейт» деп сизге ишенгендей өмүрлүк жар болууга аракет кылыңыз.

Өзүңүздүн принциптериңизге бек туруу

Үйдөгү оокат, балдарды багуу, тарбиялоо аялдын түздөн-түз милдети. Бирок күнүмдүк турмушта кээ бирлер бул иштерге сүңгүп кирип кетип, жеке «Мен» деген атын унутуп калышат. Ошондуктан үй жумуштары менен эле алек болуп отура бербей убактыңызды кандайдыр бир жаңы нерселерди үйрөнүүгө, спорт менен машыгууга арнаңыз. Өзүңүздү сүйүп, гардеробуңузду жаңылап турууга, жарашыктуу кийим кийүүгө аракет кылыңыз. Ошондой эле иштеп, үй-бүлөлүк бюджетке салым кошуп турсаңыз да жолдошуңуздун астында баркыңыз бийик болору анык.

Эмоцияңызды башкара билүү

Кыйкырып, кылдан кыйкым издей берген аял эч качан жолдошуна жакпайт. Ошол себептүү кандай гана кырдаал жаралбасын, акыл менен иш кылып, эмоцияга алдырбоого аракет кылыңыз. Абалдан чыкчу жол жок болгон күндө да сабырдуулукту сактай билсеңиз, жеңиш сиз тарапта болору талашсыз.

Акылдуу болуу

Кандай гана эркек болбосун жанында акылдуу, кандай гана тема козголбосун бардык суроолорго жооп бере ала турган айымды көргүсү келет. Бирок бул дагы чеги менен болгону оң. Аялдан амал качып кутулбайт демекчи, бардык кырдаалда амалдуулукту колдонуңуз. Анткени жолдошуңуздан да акылдуу көрүнүп, башкарууга болгон аракетиңиз анын кыжырын гана келтириши анык.

Жубайыңыз идеалдуубу?

Аскат Сулайманов:
Негизи эле идеалдуу түгөйлөр жок болсо керек. Жашоо ошонусу менен кызык да. Эң биринчи кезекте биз, эркектер жубайларыбыз бизге нааразы болбогондой шарт түзүп беришибиз керек. Ошондо гана аялзаты бизге идеалдуу болуп бере алат. Мен жубайыма ыраазы элемин. Бирок кээде таарынып сүйлөбөй калмай жайы бар. Эми мунусун жакшы сапат деп айтса деле болчудай. Анткени кыйкырып беттен алгандар деле бар да.

Съездбек Искеналиев:
Бул жашоодо идеалдуу адам жок. Ошондуктан мен жубайымдын мүнөзүндө анча-мынча кемчиликтери бар болсо да аларды баса белгилеп айта берүүнү туура көрбөйм. Мисалы, жубайымдын өзүнө гана тиешелүү терс сапаттары болсо, менин деле терс сапаттарым болсо керек. Анан бири-бирибиздин кемчиликтерибизди айта берсек, анда жубайлардын жашоосу кандай болуп калат?..

Добр:
Негизи, менин оюмча, ар бир эле эркекке үй оокатына тың, келечекте балдарынын энеси боло турган жөнөкөй айымдар жагат болуш керек. Мен жубайымдын бардык эле сапаттарын баалайм. Ушул кемчилиги деп баса белгилеп айта да албайм. Эми ар бир эле жубайдын ортосунда болчу кичинекей таарынычтар бизде деле болот. Бирок бат эле кайра тил табышып алабыз.

Турдакун Ниязалиев:
Идеалдуу аялзаты, эң негизгиси, күйөөсүнө баш ийип, анын сөзүнөн чыкпаш керек. Аял ар бир нерседе баш ийиш керек күйөөсүнө. Кылып жаткан нерсесин дайыма жолдошу менен кеңешип анан кылыш керек. Кээ бир аялдар бар да, мисалы, үйдө турган акчаны себепсиз жок кылып салып, же күйөөсүнөн сурабай карызга берип салган. Мындай аялдар идеалдууларга кирбей калат го. Ал эми өзүмдүн келинчегим боюнча айтсам, Кудайга шүгүр, мен үчүн ушул убакка чейин идеалдуу эле жубай болуп келе жатат.

СоӊкуКим балмуздакты жакшы көрөт? Колду көтөрөбүз ;)
КийинкиАсел Осмонова: Кызыбыз эми жакшы болуп келатканда атасы кырсыктап калды