Негизгиге Кош келипсиз! Ильичбек Касымбеков: Ырчылыгымды улантпаганыма өкүнөм

Ильичбек Касымбеков: Ырчылыгымды улантпаганыма өкүнөм

211

Ильичбек Касымбеков: “Ырчылыгымды улантпаганыма өкүнөм”

Тойго, тойго келгиле, тойго келгиле,
Оюн-зоокко кошулуп ойноп кеткиле.
Көңүл ачып ар дайым бирге жүрөлү,
Мейман болуп тынчтыкта өмүр сүрөлү… Бул ыр саптар ар бирибиздин эсибизде. Ильичбек Касымбековдун “Тойго келгиле” аттуу жогорудагы ырынан сырткары “Апаке, туулган күнүң менен”, “Марианна” аттуу чыгармалары көпчүлүктүн арасында ырдалып келет. Маектешим 35 жылдан бери Куурчак театрында актёр, режиссёр, продюсер болуп эмгектенет. Талыкпаган мээнети мамлекет тарабынан акыры бааланып, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алды.

— Сыйлыгыңыз кут болсун! Бул наам сиз үчүн күтүүсүз болдубу?

— Рахмат! Куурчак театрына 1985-жылы келгем. Ошондон бери болгон күчүмдү, чыгармачылык дараметимди ушул тармакка жумшап келем. Негизи, биздин муунда улуу адамдардан озунуу деген түшүнүк жок болчу. Ошондой тарбиянын таасиринде жүрүп, буга чейин наам тууралуу ойлонбоптурмун деле. Качан гана кесиптештерим “документ тапшырып кой” дегенде чыгынып өткөрүп койгом. Жаңылбасам он жыл мурда тапшырсам керек. Андан бери дайыны жок болгон соң, күтпөй деле калгам. Буйрук экен, быйыл наам алып кубанып жатам.

— “Тойго келгиле” деген ырыңыз менен ырчы катары жакшы таанылдыңыз эле. Эмне себептен бул чөйрөдөн алыстап кеттиңиз?

— Мектептен КВН, концерттерге активдүү катышчумун. Аскерден келгенден кийин атам Айыл чарба институтуна тапшыр деди эле, көңүлүн калтырбай тапшырып койдум. Ошол эле учурда Опера жана балет театрынын алдындагы 3 жылдык студияга да тапшырып өтүп кеттим. Студияда окуп жүрүп тааныштыр аркылуу Куурчак театрына аккордеончу керек экенин угуп калдым. Окуп, ал жакта иштеп, ошол бойдон театрда калып калдым. Ошону менен катар ыр жазып, обон чыгарып жүрдүм. “Тойго келгиле” деген ырым 1989-жылы жазылган. Ырым эл оозуна алынып, жакшы чыкты. Азыркы тил менен айтканда, хит болду. Бирок ал кезде азыркыдай техника, жарнама деген жок эле. Ошол жылдары апам 48 жашында жол кырсыгынан каза болуп калды. Атам болсо ага чейин эле оорудан көз жумган. Мен үйдө сегиз бир туугандын улуусумун. Аларга ата ордуна ата, апа ордуна апа болуу менин милдетим эле. Ырдап оокат кылайын деп айылдарга гастролго барсаң, элдин шарты оор болчу. Ошондо анан чыгармачылыкты таштап, Орусияга иштегени кеттим. Ал жакта эжелерим бар эле. Алар менен соода кылып акча таап жаттым, туугандарым болсо Нарында айылдагы үйдө бири-бирин карап оокат кылып жатышты. Ирденип бир туугандарымды окуттум, үйлөнттүм. Арадан жети жыл өтүп кетиптир, Фрунзеге келгенде театрга кайра кирдим. Ырдайын десем окшошпойт. Баягыдай курчтук жок. Анын үстүнө ишкерлик менен да алектенип калдым. Ырдабай калганымдын себеби ушундай.

— Өкүнөсүзбү?

— Албетте, өкүнүч бар. Жашоо-шартым башкача болгондо азыр чыгармачылыктагы аты чыккан ырчылардын бири болмокмун. Жаш кезде андан да жакшы чыгармалар жаралмак. Бек Борбиев, Ибрагим Жунусов, Расул Маматкулов менен катарлаш чыккан элем. “Тойго келгиле” деген ырымды азыр да аткарып бер деп суранышат. Өткөндө чоңдор отурган жерде ырдадым. “Сиз кыргыздын легендасысыз” деп колумду кысып абдан жакшы тилектерин айтышты. Мындай сөздөрдү укканда сыймыктанып калам. Бул чыгарма элдик ыр болуп, өмүрү узун болду. Муну казактар “тойдун гимни” дешет экен. Ушундай сөздөрдөн улам “ка-ап, чыгармачылыгымды улантсам болмок” деген өкүнүч болот.

— Бир туугандарыңыз үчүн каалооңузду курмандык кылыптырсыз. Ошону азыр билишеби?

— Билишет. Беш иним, эки карындашым бар. Баары байкелеп сыйлап турушат. Орун-очок алып, жашоодо өз ордуларын табышты. Эки карындашым Орусияда. Инилеримдин теңи айылда, калганы шаарда. Мал багып ишкерлик кылышат. Жаш кезде кылган эмгегимдин акыбетин азыр бир туугандарымдан көрүп жатам. Инилеримдин баарына намаз окуганды үйрөттүм. Дин менен жашагандын бир артыкчылыгы – жашооң тынч болот экен. Азыр ар биринин үй-бүлөсүнөн санаам тынч. Мен сыйлык алганда да жетине албай сүйүнүп куттуктап кетишти. Улам конок тосуп, кошо кызмат кылып жанымда болушту.

— Айылдагы ата-энеңиздин үйүнө барганда кыйналган күндөрүңүз көз алдыңызга тартылабы?

— Ата-энем менен бапыраган берекелүү жашоом көз алдыма тартылат. Азыр атамдын үйү бек турат. Жанына иним үй салып алган. “Байке, бул үйдү бузуп жаңысын салалы” дешет. “Жок, бул үй урап калгыча тийбегиле, салгыңар келсе жанына сала бергиле” деп бузганга ыраа көрбөйм. Атам жыгач уста эле. Ал жасаган бешик, сандык айылдагы ар бир үйдө бар. Иштеген аспаптары азыркыга чейин сакталуу. Бир иним атамдын жолун жолдоп жыгач менен устачылык кылып жүрөт. Апам уз киши болчу. Өз колу менен жасаган боз үй азыр да турат. Күбөгө жедирбей жылда жайып, иним менен келиним көздүн карегиндей сактайт. Ата-энеңдин колу тийген буюм, алардын элеси, деми жүрөгүмдү жылытат. Кышкысын үй бек болгону менен күн жылыганда барып актап-сырдап турабыз. Куран окутабыз. Айтор, ал жерде менин балалыгым, бактылуу күндөрүм камтылган. Мен үчүн атамдын үйү ыйык тумардай.

— Жубайыңыз менен театрдан табыштыңызбы? Канча балаңыз бар?

— Жок, келинчегим менен туугандар табыштырган. Бири-бирибизди жактырып, жылдызыбыз келишти, анан 27 жашымда үйлөндүм. Уул-кызыбыз бар. Келинчегим кесиби боюнча технолог. Көп жыл тынбай иштеди. Уулум ишкерлик менен алектенет. Убагында сүрөтчүнүн окуусун бүтүрдү, көп сынактардан орун алып келди. Кызым сулуулук тармагында иштейт. Экөөнүн тең эле чыгармачылыкка жөндөмү, каалоосу бар болчу. Бирок бул тармак оор болгондуктан, менин жолумду жолдошун каалаган деле жокмун.

— Театрдын айлыгы аз эмеспи. Бул жактан алган акчага жашоо мүмкүн эмес го?

— Менин убактымдын көбү ушул жерде өтөт. Куурчак театрынын жумушу оор. Шарты деле жок, айлыгы аз. Мен көп күчтүү окуучуларды даярдап чыгардым. Бирок көбү аз айлыкка чыдабай кетип калышат. 4000 сом менен аларды кантип кармап калам? Айла жок ичиң ачышып кала бересиң. Мен бир эле театрды карап отурбайм. Көп жыл тамада болуп иштедим, бирок акыркы жылдары аны да жыйыштырып салдым. Жашың өткөн сайын тынчтыкты каалап калат экенсиң. Учурда окуучуларга сабак берем, элүүдөн ашык баланы окутуп жатам. Күчтүү окуучуларым жакшы ийгиликтерди жаратып жатышат. Кошумча кирешелерим бар. Уул-кызым бизге көз каранды эмес, өзүн өзү каржылашат.

— Маегиңизге рахмат! Мындан да чоң ийгиликтерге жетишиңизге тилектешпиз!

Анара Дүйшөналиева

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here