Негизгиге Пайдалуу кеңеш Жашыл кофе чын эле арыктатабы?

Жашыл кофе чын эле арыктатабы?

453

Жашыл кофе – биз ичип жүргөн кадимки эле кофенин жашыл түстөгү чийки кези. Ал дайыма болуп келген, бирок буга чейин бул азыкка суроо-талап жок болгондуктан, эч ким деле ага маани берчү эмес. 2012-жылы Америкалык Скрантон Университети табигый жашыл кофе адамдын денесиндеги майларды эритүүчү эң натыйжалуу каражат экендигин изилдеп чыккан. Анткени, жашыл кофенин курамында хлорогендик кислота бар. Андай болсо эмне үчүн кадимки биз ичип жүргөн кофе адамды арыктатпайт деген суроо туулушу мүмкүн. Көрсө, чийки кофени кууруу маалында андагы хлорогендик кислотанын өлчөмү кескин түшүп кетет экен. Ошол эле 2012-жылы бир эле учурда бир канча мамлекет тарабынан жашыл кофеге илимий изилдөөлөр жүргүзүлгөн.

Изилдөөчүлөр жашыл кофенин даны организмдеги ашыкча майларды жок кылуу менен бирге терибиздин өзүн калыбына келтире жана жашарта ала турган сапаттуу косметологиялык каржат экенин аныкташкан. Анткени, жашыл кофенин курамындагы хлороген кислотасы адамдын ачка болуу сезимин жоготуп, ичегидеги микрофлораларды жок кылат. Ал эми кофеин зат алмашууну тездетип, организмдеги ашыкча майлардан арылтат.

▶️Жашыл кофенин ден соолукка пайдасы

— теринин тез картаюусун жайлатат;
— кандагы канттын деңгээлин азайтат;
— тамакка болгон табитти төмөндөтөт;
— иммунитетти көтөрүп, организмдеги шлактарды айдап чыгат;
— чачтын түшүүсүн азайтып, баштын кан айлануу системасын жөнгө салат;
— астма оорусуна каршы пайдаланылат;
— боордун циррозунда керектелет;

▶️Жашыл кофени кимдер ичкенге болбойт?

— Жүрөк оорусу барлар
— Бала эмизип жаткан энелер. Себеби, жашыл кофе сүттүн даамын өзгөртүп жибериши мүмкүн.
— Кош бойлуу айымдар

▶️Жашыл кофе косметологияда

☑️Жашыл кофе адамдын ички органдарын тазалап, арыктатып гана койбостон, сырткы келбетине да жакшы таасирин тийгизет.
☑️Жашыл кофе бетке түшкөн бырыштардын алдын алат;
☑️Жашыл кофенин данынын курамындагы май чачтын түптөрүн бекемдеп, өсүшүн тездетет. Чачка көрк берип, аны жылтыратып коёт;
☑️Жашыл кофе экзема, псориазды дарылоого да колдонулуп келет;
☑️Курамында жашыл кофенин экстракты бар пенка, гелдер терини тазалап, жумшартып коюучу артыкчылыкка ээ болот;
☑️Кургак терини нымдап, ысык-сууктан коргойт.

▶️Жашыл кофенин зыяндуу жактары барбы?

Жашыл кофени да башка азыктар сыяктуу эле чеги менен колдонуу зарыл. Чегинен чыгып кеткен шартта ал терс таасирлерин тийгизе баштайт. Анткени, мунун курамында кофеин көп. Дал ушул себептен ал кан басымды да көтөрөт, андыктан, кан басымы жогору адамдар жашыл кофени пайдаланууда абайлоосу кажет.

СоӊкуАпамды атамдын азабынан куткаргым келет
КийинкиУбакытты башкарбай, өзүбүздү башкарганды үйрөнөлү