Негизгиге Менин баяным Апамды атамдын азабынан куткаргым келет

Апамды атамдын азабынан куткаргым келет

552

Бир тууган атасынан азап жеген 19 жаштагы кыздын баяны биздин гезитке келип түштү. Бул макаланы жарыялоо менен сиздерди да ушундай көйгөй менен бөлүшүүгө чакырабыз.

— 19 жаштамын. Бактылуу жашоо дегенди билбеген ата-эненин тун кызымын. Эки бѳбѳгүм бар. Атам апамды мен эс тарткандан бери эле сабап келет, анысы аз келгенсип Дон Жуан. Канчалаган ойноштор менен шапар тээп, экинчи аял алам деп чыкмайы бар. Апам айла жок «алсаң ал, бирок үйгө алып келбе» дейт. Атам таксист. Иштеген адамдай болуп үйгө акча алып келбей, ар кайсы аялдарды бекер ташып жүрө берет. Анысы аз келгенсип ичип келип апамды сабайт. Апам атамдан коркконунан жана «балдарым атасыз калбасын» деп гана ушул кыйынчылыктын баарын кѳтѳрүп келет. Атамдын ойноштору үйгө акча сурап келсе да апам эч нерсе кыла албайт. Анткени атам абдан каардуу адам, бир нерсе десе «өлтүрөм» деп бычак менен коркутат. Акыркы күндөрү апамдын жүрөгү ооруп, кан басымы көп кѳтөрүлө турган болду. Ушинтип эле кордук кѳрүп жүрүп ѳтүп кетеби деп ойлоп, жүрѳгүм ооруп кетет. Атамды апамдан КАНТИП куткарам? Ушундай атанын барынан жогу…

СоӊкуАсел Борбиева: Атам менин колуман үзүлдү
КийинкиЖашыл кофе чын эле арыктатабы?