Негизгиге Тагдыр Жолдошунун бутуна бут, колуна кол болгон айымдар

Жолдошунун бутуна бут, колуна кол болгон айымдар

1181

Жолдошунун бутуна бут, колуна кол болгон айымдар

Бала тарбиялоо, үй тиричилиги, алыш-катыш, дегеле жашоодогу түйшүктүн баары эле аялзатына жүктөлүп калгандай. Ушундай кыйынчылыктардан тышкары майып адамга турмушка чыгып, өздөрүнүн калган жашоосун аларга арнаган күчтүү айымдар бар.

Таалайгүл: “Жолдошум көзүмдү карап турат”

Таалайгүл менен Замирдин турмуш курганына үч жылдын жүзү болду.
Таалайгүлдүн мындай тагдырга туш келип калганынын себебин ата-энеси
“жаңы төрөлгөндө доктурлар колунан түшүрүп алышкан” деп божомолдошот. Ал эми Замир төрт жашында бала бакчада ойноп жатып жамбашы сынып, ошондон кийин сөөктөрү өсүүдөн калган. Денесинде мүчүлүштүк болгону менен жүрөктөрүндө чоң сүйүү жашаган бул жубайлар учурда Ырыскелди аттуу уулдун ата-энеси.

Таалайгүл, өзүң басат экенсиң, такыр эле басуу мүмкүнчүлүгүнөн
ажыраган адамга турмушка чыгууңа эмне себеп болду?

— Ооба, мен сылтып болсо да баса алам, жолдошум майыптар арабасында
отурат. Замир экөөбүз алгач Токмоктогу атайын мектептен таанышканбыз.
Бирок эки айдан кийин эле ата-энем мени ал жактан чыгарып кетишкен.
Кийин Замир экөөбүз интернет аркылуу кайра табышып алып үч жыл
сүйлөшүп, той менен баш кошконбуз. Жолдошум абдан токтоо жан,
боорукерлигине, адамгерчилигине суктанып бүтө албайм. Кыргызда “тең
теңи, тезек кабы менен” деген макал бар эмеспи, анын сыңарындай алты
саны аман балага турмушка чыгып алып кайын журттун сөзүн укканча, өзүм
сыяктуу эле мырзага турмушка чыгууну туура көрдүм. Туура эле кылган
экенмин, жолдошум көзүмдү карап турат, сыйлайт, урматтайт. Мындан улам
ата-энем да күйөө баласын абдан жакшы көрүшөт.

Өзгөчө адам менен жашоо кандай?

— Жашоодо кыйынчылык менен кубанычтуу күндөр ээрчишип жүрөт экен.
Жолдошум экөөбүз экөөнү тең көрдүк окшойт. Бир жарым жыл балалуу
боло албай жүрдүк. Балабыз төрөлгөндөн бери мен үйдөмүн. Балага
керектүү нерселерди алып келүүгө жолдошум барганга туура келет.
Арзанына карап базарга барайын десе, майыптарга шарт жок, айласыздан
таксиге түшүп алып кымбатына карабай гипермаркеттерден сатып келет.
Үйдөн баланы кармап турганга, карашканга жарайт. Кайын журтум менен
чогуу жашайбыз, балким, ушул себептен жардамчылар көп болуп
кыйынчылык сезилбей жатса керек.

Каржылык жактан да үйдөгүлөр камсыз кылышабы?

— Жолдошум операторлук курсту окуган, учурда кесиби менен бир
компанияда эмгектенет. Жумушу үйүбүздүн эле жанында. Айлыгы 8 миң
сом. Мамлекет тарабынан жөлөк пул да алабыз.

Азыр тийгениңе өкүнбөйсүңбү?

— Жок, эмнеге өкүнмөк элем. Атабыз бизди эч нерседен кем кылбай багат.
Баласаак, түндө баласы ойгонуп калса эртеси жумушка барарын дагы
унутуп коюп ойнотот. Балабыз да атасын издеп турат.

Бурул: “ Уландын эмнесин жакшы көрөм, өзүм деле билбейм”

Бурул 25, Улан 27 жаштагы сүйүшкөн жаштар. Бурулга доктурлар
ДЦП оорусунун жеңил формасы деген диагноз коюшса, Уландыкы тукум
куучу оору экен. Эки жаш ушул жылы үйлөнүүнү пландап жатышат.

Улан менен кантип таанышып калдың эле?

— Менин бир бутум менен бир колум алсыз. Ата-энем 15 жашымда интернатка
таштап кетишкен. Ушунча жыл багып туруп эс тартканда таштап кетишкени
мага абдан оор тийген. Мен болочоктогу кайненем түзгөн уюмда кийизден
бут кийим, төшөктөрдү тигип иштечүмүн, Улан экөөбүздү тагдыр ошол
жерден табыштырган. Экөөбүз бир айда эле жакшы тил табышып сүйлөшүп
кеттик. Ошентип, эки жыл кыз-жигит болуп сүйлөшкөндөн кийин Улан
уюмдан кетип өз алдынча иштейм дей баштады. Мен дагы кетем деп аны
ээрчип келе бергем. Азыр Уландын үйүндө жашайм. Уландын эмнесин
мынчалык жакшы көрдүм билбейм, баары эле ушул суроону бере беришет.
Бирок бул суроого өзүм да жооп таба албайм.

Экөөңөрдүн баш кошууңарга каршы болгондор көп болсо керек?

— Улан экөөбүз сүйлөшүп жүргөнүбүзгө үч жыл болду, азырынча расмий түрдө
үйлөнө элекпиз. Буюрса, жакында пландап жатабыз. Каршы болгондор көп.
Мен алар менен “ал деле силерге окшош адам, аны да Кудай жараткан” деп
урушуп кетем. Мамилебиз эже-сиңдилердей ынак болгон бир эже бар эле.
Ал эже да “сага жакшылык эле каалайм, жаяп атам сени, кыйналып
каласың” деп айта берип мамилебиз солгундап калган. Дегеле Улан үчүн
көп адамдар менен болгон мамилем үзүлдү.

Азыр эмне менен алексиң?

— Мен үйдө келин катары тамак-аш, үй оокаттары менен алекмин. Жолдошум
болсо кийизден ар нерселерди тигип сатып, мени бардык нерсе менен
камсыз кылат. Жакында эле тойго барууга кийинтип, тырмак, кирпигиме
чейин жасатып берди. Негизи эле мени эч нерседен кем кылбаганга аракет
кылат.

Улан сенин сүйүүңө ишенеби?

— Мен расмий түрдө турмушка чыкпагандан кийин жигиттер чалып сөз айткан
учурлар болот. Аларга сүйлөшкөн жигитим бар экендигин айтып, керек
болсо Уландын сүрөтүн жиберип коюудан да кайра тартпайм. Мага бирөө
чалса эле Улан жаман болуп кетет. “Сен мени таштап кетпейсиңби? Сен
басасың, каалаган мырзага турмушка чыксаң болот. Мен ошондон корком
”дей берет. “Эгерде сүйбөсөм сени менен келбейт элем го” деп андайда мен
таарынам.

Өз ата-энең менен кабарлашып турасыңбы?

— Ооба, бирок апам “мени апа дебегин” деп айткан, азыр “эже” деп кайрылам.
Бир тууган эжем дагы мага окшоп майып, аксап басат. Эмнеге мени таштап
койдуңар, эжекемди таштаган жоксуңар?” деп айткам апама. Унчукпайт.
Менин кандай адамга турмушка чыгарым, дегеле келечегим менен апамдын
иши деле жок. Ошентсе деле көчөгө селсаяк кылбай, балдар үйүнө
таштаганына деле ыраазымын.

Алина: “Ата-энем Уларбекке турмушка чыгарымды колдоду”

28 жаштагы Уларбек кыргыз шоу-бизнесиндеги жылдыздардын
клиптеринде роль жаратып жүргөн актөр жигит. Боюнун кичинекейлиги Уларбекке тукумдан өткөн. Ал эми Алина 20 жашка аттанган алты саны
аман кыз.

Алина, куш бооң бек болсун! Уларбек менен канча убакыттан бери
сүйлөшүп жүрчү элең?

— Мындан эки жыл мурун Кочкор-Атадагы кафеде тейлөөчү болуп
иштечүмүн. Ошол жерден Уларбекти көргөм, бирок сүйлөшкөн эмеспиз.
Жумуштан чыгып үйгө кетип баратсам “үйгө жеткирип коеюн” деп жеткирип,
телефон номеримди сурады. Ошондон мамилебиз уланып кеткен. Ортодо
Орусияга кетип калып бир жыл байланыш үзүлүп калган. Анын үстүнө мага
бирөөлөр сүйлөшкөн кызы бар дешкен. Кийин жездемден инстаграмдагы
дарегимди алыптыр. Мен Орусияда, ал Ошто болуп, аралыктан сүйлөшүп
жүрдүк. Таарынышып бири-бирибизди кара тизмеге киргизип салган да
учурлар болду. Бирок сезимдер күчтүүлүк кылып кайра эле табышып
алчубуз. Октябрь айында Орусиядан келип аэропортко түшкөндө ала качып
кетти.

Үйдөгүлөр тандооңо каршы болуштубу?

— Ата-энем өтө түшүнүктүү, орус кыял адамдар. Кыргызча “эл эмне дейт?”
дешпейт. Уларды жездем аркылуу таанышчу, сунушун айтсам “бактылуу
болуп жашап кетсең болду” деп дароо эле макул болушту. Бирок курбу
кыздарым “дени сак эле мырзага турмушка чыкчы” деп ортого түшүп бузуп
жатышты.

Эмне үчүн дал ушул мырзага жүрөгүңдү арнадың?

— Жолдошумдун мага карата жасаган аяр мамилесин, турмуштук көз
карашын, тамашалашып сүйлөгөнүн жактырдым. Турмушка чыккандан
кийин ата-энесине, бир туугандарына мамилесин көрүп андан бетер сыйлап
калдым. Чынын айтканда, мен айыл турмушун очокко нан жаап, казанга
тамак бышырам деп элестетчүмүн. Жолдошум үй тиричилигине да бышык
экен, бардык шартты үй ичине түзүп коюптур. Бул да болсо анын
эмгекчилдигинен, аракетчилдигинен кабар берет.

Өнөр адамдарынын күйөрман кыздары болот, буга даярсыңбы?

— Өзүм абдан кызганчаакмын. Кээде чыдабай кетип пикир калтыргандар
менен урушуп кетсем жолдошум “кой, уят болот” деп токтотуп жатат.
Ошондуктан өнөр адамына турмушка чыкканымды эске алып,
күйөрмандарына көнүүгө аракет кылып жатам.

Айгерим Токтобай кызы

Соӊку“Оскар” сыйлыгы — ар бир тасма жаратуучунун кыялы
Кийинки“A.Nurmahanova” брендинин негиздөөчүсү Айжан: Менин кийимдеримди саясатчылар кийишет