Канышай, дизайнер: «Жаңы нерсе ойлоп таап элди таң калтыруу кыйын»
Мекенибиздеги көптөгөн дизайнерлер өздөрүнүн фантазиясына жараша кийимдерди тигип, аялзатына көрк кошуп жүрүшөт. Ошондой дизайнерлердин бири Канышай да өзгөчө стилдеги көйнөктөрдүн автору. Эмесе, дизайнердин иши, коллекциясы тууралуу бул макала сиздер үчүн.
Канышай, мындай өзгөчө этно стилдеги көйнөктөрдүн идеясы кантип пайда болду?
— Менин жаңы коллекциям «Мезгил» деп аталат. Кийимдеримдеги түстөр жана жаныбарлар табияттан алынгандыгы үчүн ушинтип атоону туура көрдүм. Ал эми кийимдеримде комуз, түндүк, бүркүт, бугунун мүйүзүн кошуп кыргыздын заманбап стилин жараткым келди.
Негизи, кыргыз атрибуттарын кийим тигүүгө пайдаланса болот бекен? Сиз мындай стиль боюнча улуу муундагы адамдар менен кеңештиңизби?
— Мындай өзгөчө стилдеги кийимдерди жаратууга камданып эскиздерди даярдап жатканда эле ата-энеме жана мугалимдериме идеям жаккан. Башка эч кимден кеңеш алган жокмун. Мындай жаңы идея менен жаралган коллекциямды Орто Азиянын мода дүйнөсүнө гана эмес, Европанын аренасына дейре алып чыгабыз деген максаттарыбыз бар. Кыргызстанда көптөгөн дизайнерлер бар, ар бирибиздин өз стилибиз болот. А мен ушул кыргыз атрибуттары аркылуу этно стилдеги кийимдерди бергим келди. Ар бир кыргыз жаранындай эле мен үчүн да кыргыздын улуттук баалуулуктары ыйык, ошол себептен мен боз үй же комузду кийимдин ылдый жагына колдонгон жокмун. Башка кийилчү аксессуар катары баш кийимдин ордуна колдонуп, ыйыктыгын, бийиктигин дагы бир ирет далилдеп кеттим. Азырынча сындар айтыла элек, жакшы пикирлерди гана угам деп ойлойм.
Көйнөктөр кандай кездемеден тигилди? Башка кийилчү аксессуарларды да өзүңүз тиктиңизби?
— Кийимдер баркыт, штапель жана органза кездемелеринен тигилди. Баркытты колдонгонумдун себеби анын үстүнө бисер тигүүгө ыңгайлуу, штапель болсо кийгенге ыңгайлуу, адамдын денесине да зыяны жок. Баш кийимдерди жасоо оңой эле болду мага. Анткени мындай өзгөчө баш кийимдерди жасаганды Алия аттуу эже үйрөткөн. Аларды жасоого алюминий, зым, кагаз жана клей колдонулду. Адегенде зымдан корсеттерин жасап алып, андан кийин кагаздар менен ороп, клейдин жардамы менен чаптап чыктым.
Канча убакытта бүттү?
— Баш кийимдерди ойлоп табуу өзүнчө бир убакытты талап кылды. Анткени азыр эл жөнөкөй нерселерден тажаган, өзгөчө нерсе ойлоп таап таң калтыруу кыйын. Коллекцияны толук беш айда тигип бүттүм. Мындан эрте деле бүтмөкмүн, бирок окуу учурунда баштаганым үчүн беш айга чейин созулуп кетти. Тигүү процессинде үйдөгүлөрдөн эч кимди бош койгон жокмун. Атам каражат жагынан жардам берсе, апам бисерлерди кошо тигип кол кабыш кылышты. Ошондой эле эки сиңдим да шуруларын тигип, жиптерин байлаганда кызыгып кармалашып турушту.
Өзүңүз канча убакыттан бери бул чөйрөдө иштеп жүрөсүз? Эмне себептен бул кесипти тандап алдыңыз эле?
— Мен 2018-жылы Инновациялык технологиялар жана экономика колледжин аяктагам. Дипломдук жумушум менен биринчи жолу “Кыз көркү-2018” сынагына катышып биринчи орунду алгам. Ошол сынак мага чоң жол ачты. Ошол эле жылы сынак аркылуу 3-дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катыштым. Улам сынакка катышкан сайын жаңы идеяларды ойлонууну токтоткон жокмун. Азыркы учурда окууну улантуудамын, тактап айтканда, Эл аралык инновациялык технологиялар университетинде 3-курста окуп жатам. Мен кичинекей кезимде сыналгыдан дизайнерлер тууралуу көрсөтүүлөрдү көрүп жүрүп эле кызыгып, ошол кезден эле бул кесип көксөгөн кыялыма айланган. Окууну аяктап жатканда алгачкы коллекциямды тигип алып аябай сүйүнгөм. Азыр ал окуу жайда сакталып турат. “Мезгил” – менин экинчи эле коллекциям. Биринчисинде курак, шырылган кемселдерди кол менен жасагам.
Сиздин кийимдериңизди кайсы белгилүүлөрдүн гардеробунан көрсөк болот? Баалары кандай?
— Азырынча белгилүү инсандардын гардеробунда менин кийимдерми жок. Буюрса, бул коллекциям аларды кызыктырат деген үмүттөмүн. Кызыккандарга тигип бергенге даярмын. Баалары кандай фасондо экенине байланыштуу болот. Эгерде кол жумушу көбүрөөк болсо кымбатыраак, аз болсо арзан эле болот.
Айгерим Токтобай кызы