Негизгиге Пайдалуу кеңеш Кулпунай — жаштыктын жана сулуулуктун эликсири

Кулпунай — жаштыктын жана сулуулуктун эликсири

690

Кулпунай терини эң сонун нымдаштырат, аны пайдалуу заттар менен азыктандырып, серпилгич кылат.Курамындагы С витамини жагынан кулпунай кара карагаттан кийинки эле экинчи жемиш.Ал эми сулуулук жагынан алып караганда кулпунай курамында жездин көптүгү менен баалуу.

☑️Жаштыктын булагы болгон коллагендин бөлүнүп чыгышын дал ошол жез жөнгө салып турат.
Кулпунай сулуулукта эмнеси менен ПАЙДАЛУУ❓
☑️Кулпунайдан жасалган маска безеткилерден арылууга жардам берет
☑️Терини витаминдер жана пайдалуу заттар менен азыктандырат
☑️Теринин картаюусуна тоскоол болуп бетти тазалайт
☑️Кулпунайдын курамындагы көптөгөн антиоксиданттар терини жылмакай, жумшак кылат
☑️Фендин, үтүктүн, плойканын терс таасиринен сактап чачты кургактыгынан арылтып, жумшак кылат.

 

СУЛУУЛУК үчүн 10 КЕҢЕШ

☑️Жагымдуу жылмаюу үчүн
Кулпунайдын тишти агартуучу касиети бар.Майдаланган кулпунайды бир аз тамак-аш содасы менен аралаштырып, тишиңизге сүртүңүз.5 мүнөттөн кийин оозуңузду чайкап салыңыз.Бул процедураны жумасына 2-3 ирет кайталоого болот.
☑️Кургак, сынма чачтар үчүн
Кулпунай чачты жакшы нымдаштырат.Маска үчүн 8 даана ири кулпунай жана жарты авокадо керек.Буларды майдалап, аралаштырып чачыңызга сүртөсүз.20 мүнөттөн кийин шампунь менен жууп саласыз.
☑️Кургак эриндер үчүн
Кулпунай эриндерди жумшак, нымдуу кылат жана жагымдуу түс берет.Кулпунайды пюре кылып эзип, эриндериңизге көп кылып эле коюп 5-7 мүнөт жата турасыз.Андан кийин жылуу суу менен жууп саласыз.
☑️Бетти тазалоо үчүн
Бул масканы жасоо үчүн 3 даана кулпунай, 6 чоң кашык суу жана бир чоң кашык желатин керек.Алгач желатинди сууга эритип аласыз.Ага эзилген жемишти кошуп аралаштырасыз.Даяр болгон масканы бетиңизге 15 мүнөткө коюп, андан кийин жылуу суу менен жууп саласыз.Мындан кийин тери тазаланып, агарат.Бул масканы ар кандай типтеги терилер үчүн колдоно берсе болот.
☑️Согончок үчүн скраб
Кулпунай жарылып кеткен согончокту да жумшарта алат.Скраб үчүн 8 даана кулпунай жана 1 чоң кашык лимон ширеси талап кылынат.Эзилген кулпунайга лимон ширесин кошуп, аны таманыңызга, согончогуңузга сүйкөйсүз.Бир нече мүнөттөн кийин жууп саласыз.
☑️Көздүн астындагы шишик үчүн
Кулпунайды ортосунан бөлүп, шишип калган көздүн астына 15 мүнөт коюп жатыңыз. Мындан кийин көздүн астындагы шишиктер азайып, тери жаңыра түшөт.
☑️Бет үчүн скраб
Скрабды даярдоо үчүн бир нече кулпунайды эзип, ага бир аз майда туз же сода кошуп аралаштырасыз да, айлантуу менен бетиңизге сүртүп, андан кийин жылуу суу менен жууп саласыз.
☑️Кулпунай музу
Кулпунайдын ширесин сыгып алып тоңдургучтун калыбына куюп, тоңдурасыз. Күндө бирден алып бетиңизди аны менен сүртүп турсаңыз, бетиңиз тазаланат, агарат жана жүздөгү чарчоонун издери жоголот.
☑️Бетти жана моюнду жашартуу үчүн
3-4 даана кулпунайды пюре кылып эзип, ага 1 чай кашык бал жана 2 чай кашык йогурт кошуп аралаштырасыз. Бул аралашманы таза жуулган бетиңиз менен моюнуңузга сүртүп 20-25 мүнөт күтөсүз. Андан соң мелүүн суу менен жууп саласыз.
☑️Бет жана дене үчүн маска
Бардык типтеги терилер үчүн арналган бул масканы жасоо үчүн 200 грамм кулпунайга ушунча өлчөмдөгү сүттү жана сууга бышкан бир картошканы кошуп блендерде аралаштырасыз. Каймактын коюулугундай болгон аралашманы бетиңизге жана денеңизге сүртүп 30 мүнөт тыныктырасыз. Андан кийин жууп саласыз.
ЭСКЕРТҮҮ! Кулпунай – күчтүү аллерген. Андыктан аны колдонордо абайлаңыз. Эгерде аллергияңыз бар болсо таптакыр эле колдонбой койгонуңуз оң.

СоӊкуКан басымдын жогорулап же түшүп кетишин үй шартында калыбына келтирүү
КийинкиВенера Назаралиева: Жашоо мени шашма кылып койду