Кун кууган күн
Күңүрт тарткан бѳлмѳ ичинде эркелешкен шыбыр угулат. Аракка аралаш
буркураган жыт Асылбектин эсин эңгиретип, талыкшыган денеси ого бетер
шалдырайт. Чын эле денеси гана ушул жерде болуп, акылы алда кайда. Иштеги
эртеңки олуттуу жолугушуу мээсине тикенектей тийип, тынчтык бербейт. Шефинин
кычаган бул иши болбогондо, эч нерседен бейкапар эс ала бермек. Үйүнѳн болсо
эч тынчсызданбайт. Келинчеги Айнура карыган энесин, үч баласын чаң жугузбай
багат. Акчасын санап чѳнтѳгүнѳ салып берген. Унаасы менен бакчага, мектепке,
доктурга каттап, тиричилигин кыла берет. Баарынан жакшысы, Асылбектин кайда,
эмне кылып жүргѳнүн такып сурап, тынчын албайт. Тынчын алган баягы эле шеф.
— У-уф, кетели.
— Ооба, барып эс ал. Катының кийимиңди камдап койсо керек.
— Ооба, айткам. Асылбек эркелеген келинди салкын карап койду да, туруп кийине баштады. Саат эчак 12ден ѳтүптүр.
— Кеттик, эртелейли.
— Мен калам. – Уйкусураган келин кѳзүн сүзүп жаткан абалда унчукту:
— Үйдѳ киши жок. Акча калтырып коюп кете бер.
— Кызык го, мобул, таң атканча калсаң ызы-чуу болуп кетпейби?
— Тиги бүгүн сменде, эртең түшкѳ маал келет. Балдар каникулга кетишкен.
— Кой, кой, тур. Бас, таштай кетем.
— Асыл, уктап баратам мен. Эс ала берейинчи. Пока, пока.
Келиндин бул сыяктуу кадамдары Асылбекти кѳп чочутат. Ушунун баарын
билбеген, шек санабаган күйѳѳсү кандай неме деп таң калат. Бирок келиндин
кашкѳй эркелиги, кычаныштуу кылыктары ѳзүнѳ жарашып, башын айландырып,
азгырып келет. Болбосо эки жылдан бери үй-бүлөлүү бул аялды эмнеге
айланчыктайт? Жообун ѳзү да билбейт. Суналган денени дагы бир суктана карап
алды да, жашыл акчалардан стол үстүнѳ таштап чыгып кетти.
Түнкү тынчтыктагы ээн жол менен үйүнѳ алып-учуп баратты. Бүгүнкү кѳңүл
ачуу ашыкча болгонун моюнуна алып, үч-тѳрт саат болсо да уктап алууну эңсейт.
Чынында, акыркы кезде жѳн гана тынч уйкуга зар болду. Тынымсыз иш. Бир
күндүк эс алууну болсо бул эркеси ѳзү билип ар нерсе уюштуруп коёт. Үй-бүлѳсүнѳ
да жарытылуу кѳңүл бура албай калды. Мынчалык болбошу керек эле.
Жарым жолго келгенде МАИ кызматкерлери тосту. Ызырына сѳгүнүп
ылдамдыкты дагы күчѳттү. Эптеп карматпай кетип калууга тырышты эле, кычаган
ГАИ андан бетер ѳчѳшүп артынан кууп жѳнѳдү. Тѳбѳсү күйүп-жанган машиненин
чуу салган үнүнѳ кызматкердин токтоосун эскерткен үнү кошулуп, шаштысын
кетирди. Тигилердин калып калбасына кѳзү жеткенде унаанын тормозун басты.
***
— Э, брат, жумушта бүгүн ѳзгѳчѳ маанилүү иш бар, түшүнүп жатасыңбы?
Машина мага эмес, шефке керек, шефке. Түшүнчү.
— До-ку-мент.
— Эй, качан эле мынча честно иштеп калдыңар эле? Эркекче эле түшүнүп
койсоң. Документ үйдѳ эле калганын билип турам. Просто азыр аялыма чалып
сурай албайм, дос. Эркекче эле түшүнүп койсоң эми…
Уйку кѳрбѳгѳн кѳздѳрү кызарган Асылбек тамекисин үстѳккѳ-босток түтѳтүп,
сѳгүнүп турду. Бир орундан жылбаган документ кайда калышы мүмкүн? Унааны
бул жайга таштап кете берсе кантет? Андай кылса шеф бүгүн болбосо да эртең
сѳзсүз иштен айдайт. Жок, антүүгѳ мүмкүн эмес. Түнгѳ калган сайын бир ооз
унчукпай, бирок кѳзүндѳ огу болсо сулата атып салчудай акырая карап тосуп
алган аялына канчалык чалгысы келбесе да чалууга аргасыз болду. Анын
алдында бети күйүп турганына карабай кара күчкѳ үнүн бийик чыгарды:
— Айнура, кандай? Машинанын документтерин карачы үйдѳн.
— Кандай? Үйгѳ койчу белең эмне?
— Ой, эми карай калчы.
— Мен үйдѳ эмесмин.
— Эмне-е-е? Эй саатты карачы? Үйдѳ болбой анан каяктасың? Сенин мээң ордундабы? Эй, биякта кандай маселе болуп жатат, билесиңби?
— Токтотчу. Маселе болуп жатса эмне кылайын? Ал маселеге сени мен алып
барып салып бердимби?
— Эй, эй…
Асылбек туттугуп сѳз таппай калды. Коркуп кеткенинен эмес, аялынын мынчалык
тоготпостук менен каяша айтып турганы жанын кашайтып ийди. Бирдеме дегенче
болбой байланыш да үзүлдү. Кайра чалып ала алган жок. Такси менен үйүнѳ бет
алды.
Мына, тамаша, үйдѳ Айнура эле эмес, апасы да, балдары да жок. Дайынын
суроого аялына чалып дагы ала алган жок. Үйдү апырык-сапырык кылып
машиненин документин издеп жатып башка маанилүү документтер да жок экенин
байкап калды. Бирок азыр аларды издей турган саат эмес. Эптеп акча берип
болсо да машинаны алып чыгып, жумушка жетишүү керек. Шкафты ачып Айнура
акчаны дыкаттык менен ороп катып койчу орунга кол сунду. Жок. Кийимдерди колу
менен шилеп түшүрүп, текчени алаканы менен сыйпалап жиберди. Бир тыйын жок.
Кайрадан аялына коңгуроо жиберди. Эми ал таптакыр эле ѳчүк деген жоопту угуп,
турган ордунда бакырып-бакырып алды.
— Кечирбейм сени. Кечирбейм!
Эмне кыларын билбей башын мыкчып отуруп качан көзү илинип кеткенин өзү да
билбей калды.
***
— Бошсуң. Мен келгенде бул жерде жок бол.
— Шеф…
— Биз инвесторлорду үч саат күттүрдүк. Компаниянын иши менен ойногон
адамга бул жерде орун жок.
Ѳзү ойлогондой жумуштан эртеси күнү эмес, ошол замат эле бошоп калды.
Айнураны жеткен жерден муунтуп салууга даяр болуп калды. Кашайып ал дале
ѳчүк. Кесиптештеринин алдында шефинен ачуу кеп угуп, андан да кѳзү кызарып
уйпаланып турган ырайынан уялып, жерге кирип кете албай турду. Аны таң кала
карагандардын баарын жек кѳрүп, ал турсун ар качан кѳзүнѳ сүйкүм кѳрүнгѳн,
кечээ эле жанын берип жалынган катчысы да азыр ага желмогуздай кѳрүндү. Шеф
узап кетери менен баары жай-жайына тарап, жанында катчы гана калды.
— Асыл, тынччылыкпы? Эмне болду?
— Эмнени кѳрүп жатсң, ошол болду.
— Машина кана?
Унчукпай чыгып кетти. Он жылдан ашык чогуу жашаган аялынын бүгүнкү
кыянатчылыгына түшүнбѳй жатты. Ага ѳмүрүндѳ мынчалык капа болуп кѳргѳн
эмес эле. Такси тосуп үйүнѳ бет алды. Жол бою дагы чалды. Ѳчүк. Ойлору улам
сайын иретке келгенсип эми Айнураны эмес, ѳзүн күнѳѳлѳй баштады. Кечээ
шойкомдонбой үйгѳ түз келгенде мындай балакет болмок эмес деп бармагын
тиштеди. Аялынын «дем алышта балдарды ойнотуп келели» деп какшаганын
эстеп ѳзүнѳ жини келди. Анын эс алуу күнүн ѳзүнѳн да балдары зарыгып күтүп
жатышканы кѳз алдына тартылды. Анын бирин капарга албай, жок дегенде бир
шылтоо таап айтып койбой, жѳн гана тоготпостук менен бир аялдын азгырыгына
башын ийип, акчасын чачып жүргѳнүнѳ эрдин кесе тиштеди.
***
Керебетке бой таштап кѳзүн жумду. Башы зыңгырайт. Эмнени ойлонорун да
билбеди. Түнү уйку кѳрбѳгѳн неме уктап кетиптир. Кѳзүн ачса үй ичи караңгы, ѳзү
үшүп калган экен. Сыйпалап эле телефонун жандырды. Айнурадан «Сени күтѳм»
деп чоң тамгалар менен жазылып, дарек, сааты кѳрсѳтүлгѳн кат келиптир. Чалса
ѳчүк. Кат эки саат мурун түшкѳн экен. Убакыт жолугушуу белгиленген саатка бир
саат калыптыр. Курсагы абдан ачыптыр. Ашканада тамак тургай бир үзүм нан жок.
Аргасыз «бул кокустукпу же Айнура атайын баарын какшытып койдубу?» деп
ойлоду. Анын кылыктарына ачуусу келип турса да, айтылган жерге барууну чечти.
Акыры бул оюндун артында эмне бар экенин билиши керек эмеспи.
***
Аты чыккан ресторандын жаркыраган жасалгасы Асылбекти сүрдѳнтүп
жатты. Кѳзү менен аялын издеп, телефон номурун дагы бир ирет терди. Ѳчүк.
Экинчи кабаттын тѳр жагында бирин-серин адамдар отурушат. Ошол жакка бет
алды. Жакындай берип майрамдагыдай жасанган катчыны кѳрүп чочуп кетти.
Сулуулугу менен суналган келбетине шайы кѳйнѳгү куп жарашыптыр. Кызыгы, ал
кимди күтүп отурат? Ушуларды ойлонгончо болбой анын арт жагынан Айнуранын
карааны кѳрүндү. Ал тиги катчыдан аша түшүп жасанып, жаркырап алган. Экѳѳнүн
бир орунга жасанып келип отурушу Асылбекке дагы бир табышмак болуп турду.
Кандай кадам кыларын билбей турганда катчы менен кѳзү чагылыша түштү. Ѳзүнѳ
умтулган аялдан кѳзүн ала качып, Айнуранын жанына ѳтүп кеткенин ѳзү да аңдабай калды. Аны ээрчий караган катчы Айнураны жазбай тааныды. Аста
ордуна отуруп, телефонун тынымсыз айланта кармалап жатты.
— Кел, мырзам.
— Айнура, эмне эле кылып жатасың?
— Эмнени? Аял эч нерсе түшүнбѳгѳндѳй аңкоолонду. Асылбек керексиз жерден
башын буруп, катчы тарапты карап алды.
– Аа, тигини айтасыңбы?
— Айнура?..
— Мейли, аны жайына коёлучу. Биз бүгүнкү күндү эсте каларлык ѳткѳрѳлүчү дедим.
— Хм, менин эсимде сенин бул романтикаңсыз эле кала турган болду. Билесиңби,
бүгүн иште эмне болду?
— Билем. Сен тынчсызданба. Машинаны чыгарып, документтери менен чогуу
ишиңе тапшырып койдум. Ал эми жумуш табылат. Башкысы, үй-бүлѳбүз сакталып
калса, жеңгенибиз ошол эмеспи. Буга каршы эмессиң деп ойлойм.
— Айнура, сен баарын…
— Ооба, мен баарын атайын уюштурдум. Баса, сен тигинин күйѳѳсү ГАИде
иштээрин билчү эмес белең, ээ?
— Болдучу, бай болгур?.. Асылбек уятынан жер карады. Ушул маалда жанатан
деми кысылып отурган катчы булардын кебин угуп калгандан бетер тура жѳнѳдү.
— Ал биздин жашообуздан эчак эле ушинтип чыгып кетиши керек болчу. Ал
чыкпады. Сен ѳзүң да чыгарбадың. Аргасыз мен чыгарууга туура келди. Ал азыр
да ырас эле кетип калды. Күткѳнү келбейт болчу. Тактап айтканда, күйѳѳсү эми
ага кайрылбайт экен. Ѳкүнүчтүү, эми анын ойношу да жок, күйѳѳсү да жок. Анысы
аз келгенсип жумушу да жок.
— Мунун баарын кантип уюштурдуң?
— Билесиңби, араң уюштурдум. Араң. Сен кѳңүл ачып баштаган алгачкы жылы кѳз
жашым кургабады. Сага таарынып бир ыйласам, сени күтүп уктабаган
балдарыңды аяп эки ыйладым. Балдарыңа рахмат айт. Жамандыгыңды алар
билишмек беле. Эки уулуң менен кызың «атам эмнеге кеч келип жатат?», «атам
эмнеге келбей калды?», «атам менен уктагым келип жатат» деп какшашпаганда,
мен сенин жаныңда жарым күн да кармалмак эмесмин. Жалаң гана балдарыңдын
аталаганы мени оюн-күлкүңдү кѳрмѳксѳн, билмексен болгонго аргасыз кылды. А
сен мени мурдуна сүрткѳн бокту сезбеген келесоо кѳрдүң. Күчѳдүң. Кийинки жылы
бактым үчүн күрѳшүүнү чечтим. Аракет кылып жалынган сѳздѳрүм, суранычтарым
дагы деле тепсендиңде калып жатты. Мурдагыдан да күчѳп, кѳзүңдү май басты.
Эч нерсени кѳрбѳй калдың. Сенин ошол кѳрбѳй калганыңдан пайдаланып шефиң
менен, тигиниңдин күйөөсү менен жакындан тааныштым. Алардан үй-бүлөмдү
сактап калууга жардам сурадым. Анын акыры ушул күн болду. Мен сени
балдарыңдан ажыратпаш үчүн ишиңден ажыратканга аргасыз болдум.
Асылбек аялынын мончоктогон кѳз жашын аарчууга батына албады.
Аялынын бир да кебин каршы ала албай, тилин жутту. Ага азыр актануу эмес, аялынын акылы менен сакталып калып жаткан үй-бүлѳсүнѳ ыраазы болуу
жарашарын ѳзү да сезип турду.
Гүлайым Калыбекова