Негизгиге Интервью Кызсайкал: Кызым Мажит байкемди атам деп ойлойт

Кызсайкал: Кызым Мажит байкемди атам деп ойлойт

1415

Кызсайкал: «Кызым Мажит байкемди атам деп ойлойт»

Шоу-бизнестеги эң жаш жалгыз бой эне Кызсайкал Кабылова учурда эки жашар кызы Альфиянын кең келечеги үчүн бар күчүн жумшап эмгектенип жүргөн кези. Өзү жаш болсо да турмуштун сыноосуна жеңилбей келе жаткан бийкеч кандай эне экенине бул макаладан жооп таба аласыз.

Кызсайкал, эрте турмуш жолуна аттанып, 18 жашыңда эне статусуна ээ болдуң. Кызыңды жарыкка алып келүүдө, багууда кыйынчылыктар жаралдыбы?

— Ооба, мен 17 жашымда турмушка чыгып, 18 жашымда кызымды жарыкка алып келдим. Билбейм, өзүм али бала болгонгобу, өтө чоң деле жоопкерчиликти сезген жокмун. Баары жеңил эле болду. Төрөгөндөн кийин жыйырма күн ата-энемдин үйүндө болдум. Апам менен жеңем карашып кыйынчылыкты сезген эмесмин. Үйгө баргандан кийин да кайненем бала багууну үйрөтүп, кайним түнү менен терметип чыгып чоң жардам көрсөтүшкөн. Болгону, кош бойлуу учуруңда мүнөзүң бир аз өзгөрөт экен. Мен ушул нерседен кыйналдым. Эгерде ал кезде жаныңда сени түшүнгөн адам болсо жакшы, түшүнбөгөн адам болсо ого бетер сени кыйнап коёт. Мени да жолдошум колдоп турганы үчүн кош бойлуулугум жакшы өттү.

Кызыңдын атын ким ыйгарды эле?

— Кызымдын аты Альфия. Атын чоң апасы койгон. Толгоом башталганда кайненем шорпосун көтөрүп алып келип, “кыздын атын ким коёлу?” деп сураган. Мен өзүңүз билиңиз десем ушул атты сунуштады, мага жакты. Толготуп жаткандан баштап эле “Альфия” деп чакыра баштаганбыз. Альфия — Аллага жакын дегенди түшүндүрөт.

Альфия атасынын эле көчүрмөсү экенин сүрөттөрдөн көрөбүз, сага окшоштуктары барбы?

Кызымды карап алып өзүм да таң калам, бир дагы жери мага окшошпойт. Кылык-жорук, уктап жатканы, баскан-турганы, сүйлөгөнүнө чейин атасына окшош.

Анан аталык мээрим жетпей турган боштукту кантип толтурасың?

— Жолдошум менен кызым кичинекей кезинде эле ажыраштык. Азыр эки жашка чыкты. Кызым атасын тааныбай калды. Мажит байкемди атам деп ойлойт. Байкемдин кызы “аталаса” кошо “ата” деп артынан ээрчип алат. Атам болсо мени кандай жакшы көрүп мээримин төксө, кызыма ал мээримин эки эселеп берет. Мен үй-бүлөдө жалгыз кыз эмесминби, беш эркек бир тууганым бар. Алар да жакшы көрүп эркелетип турушат. Андыктан кызым ата мээриминен өксүп калды деп айта албайм.

Ошондой болсо да балага өз атасынын мээрими керек го, кызын атасы менен катыштырбайсыңбы?

— Ооба, мындан кийин аталык мээримди өз атасынан алсын деп атасы менен катташып туруусуна мүмкүнчүлүк берип, өз талаптарымды койдум. Эми кызым атасы менен катыша баштайт.

Альфия азыр чоңоюп калган турбайбы, кандай кылыктары чыгып калды?

— Кызым аябай тентек. Бала бакчага барсам эки тентектин бири сенин кызың деп айтышат. Үйдөгүлөр мени “Сайкал” деп чакырса, ал дагы “Сайкал, тур бакчага барабыз, чай ичебиз” деп атымдан айтат. Апам тамакты көп бере берип тамаксоо болуп калды. Бала бакчадагылар дагы “Мажиттин кызынын тамагын Альфия жеп коёт” деп күлүп калышат.

Учурда сулуулук салонуңду, кийим саткан дүкөнүңдү иштетип, аны менен катар эле чыгармачылыгыңды да алып кетип жатасың. Мунун баарына кызың менен кантип жетишип жатасың?

— Мен үйдө отуруп алсам кызым экөөбүздү эч ким бакпайт, ошондуктан жумушума байланыштуу кызымды бир жаш үч айынан баштап бала бакчага бергем. Кошумча тамагына эле көп акча кетчү, күн алыс 2500 сомго комушча тамак алып келчүмүн. Эгерде мен акча таппасам кызым ачка калмак. Негизи, үч айлык кезинде эле көтөрүп барып кызым экөөбүз салондо иштеп баштаганбыз. Азыр болсо эртең менен алтыда туруп кызымды бала бакчага жеткирем. Андан кийин салонго барып визажисттик жумушумду аткарып, түшкү саат 12лерде “Дордой Плазада” жайгашкан бутигиме барып көзөмөлдөйм. Товар алууга да өзүм барам. Андан сырткары кечке маал студияга барып ыр жаздырам. Булардын ортосунда интервью, клип сыяктуу жумуштар да болуп турат. Ошентип, түнкү саат экилерде барып, үч-төрттөрдө уктайм. А алтыда кайра турушум керек. Бир айда бир саат тогузга дейре уктаганга өзүмө шарт түзүп берем. Күнүнө жок дегенде беш-алты жумуш бүтүрбөсөм өзүмдү-өзүм тилдеп, жаман көрө баштайм. Кызымды болсо Мажит байкем алып турат. Бала бакчадан кийин жеңем кызына кошуп карап берип жатат. Жеңем дагы “азыр жашсың, бутуңа туруп ал” деп айтып, колдоп турат дайыма. Бул күнгө дейре тойлордо ырдачу эмесмин, эми тойлорго да буйрутма алып иштей баштайм. Ата-энем деле жардам берет, бирок улам эле жардам сурай берсең уялат экенсиң.

Кээде кызыңды көтөрүп алып жумушуңа барганыңды социалдык баракчаларыңдан көрүп калабыз?

— Ооба, жок дегенде дем алыш күндөрү жанымда болсун деп жумушума алып келип алам. Салонго келген кардарымды боёнтуп жатканда “апалайт”, тоскоолдук жаратат. Андайда улам колуна таттууларды берип алаксытып турам. Башка күндөрү болсо ар дайым видеочалуу аркылуу кызым менен сүйлөшүп турам.

Кызыңды социалдык баракчаңа көп киргизесиң, элдин көзүнөн корпойсуңбу?

— Мурда көп киргизчүмүн. Атамдын “элдин көзү тиет” деген сөзүнөн кийин, сөзүн жерге таштабай жакынкы күндөн баштап бетин жаап киргизе баштадым. Көз тиет деген да чын экен, ал нерседен кызым эле эмес, мен деле ооруп калган учурлар болот. Негизи, өзүм ырым-жырымдарга жакын деле эмесмин, балам ооруп калса дары берем же сүрөөлөрдөн окуп коём.

Жолдошуң менен кайра жарашууга шарт түзүлсө жарашасыңбы?

— Жок, биз жарашуу үчүн көп эле аракет кылып көрдүк. Бир жолу жарака кетсе кайра баштагыдай болбойт экен.

🖊️ — Айгерим Токтобай кызы

СоӊкуРакты эмнелер чакырат?
КийинкиЧыңгыз, Надирабегим: Бири-бирибиздин кемчиликтерибизди жашырып жашап келебиз