Негизгиге Ден соолук Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн заманбап шарттар

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн заманбап шарттар

130

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн заманбап шарттар

Жашоодо ар кандай кырсыктын кесепетинен буту баспай, кыймылсыз жатып калган адамдар бар. Аларга мурдагы калыбына келүү үчүн үзгүлтүксүз аракет кылуу керек болот. Андай процедураларга айрымдарды дайыма коштоп жүрө турган адамы жок болсо, кээ биринин күндө барып-келгенге шарты жок. Ушул жагдайды эске алып, борбордо “Эсен клиник” реабилитациялык борбору ачылды.

Бул жайда күндө үйгө барып-келбестен, жатып дарыланууга шарттар каралган. Бейтаптар маал-маалы менен көнүгүү жасай турган залда болушат, убагында үч-төрт маал тамактанышат. Биз барганыбызда каарманыбыз Нуркан шаймандардын жардамы менен машыгып жатыптыр.

– Мени 17 жашымда унаа коюп кеткен. Быйыл 33 жыл болот. Белимдин 11-12- омурткасы сынып, жанчылып, жүлүнүм кысылып калган экен. Эки бутум эч нерсени сезбей төрт жыл төшөктөн турбай жатып калдым. Ал кезде мындай борборлор жок болгондуктан доктурлар ата-энеме “кызыңар баспай калды, жакшылап бага бергиле” деп үмүтүн үзүп коюшкан экен. Бирок мен ошондо эле майыптардын арабасына отурбай койдум, бутумду сүйрөп балдак менен басып жүрдүм. Өзүмдү колго алып тигүүчү болуп иштеп алдым. Турмушка чыктым, эки кыз төрөдүм. Күйөөм экөөбүз жан алакетке түшүп иштеп үй алалы деп жүрүп ортодо он жыл ден соолугум каралбай калды. Ага чейин өз алдымча гимнастика жасап булчуңдарымды чыңдап, убагында дарыланып турчумун. Төрөгөндөн кийин балдак менен басуу да оор болуп калды. Көрсө, белимде грыжа, киста пайда болуптур. Бизден грыжа менен кистаны алдыруу үчүн бир нече операцияны башымдан өткөрүшүм керек экен. Анчалык көп наркозду көтөрө албайм деп Түркияга бардым, себеби ал жактан бир эле операция менен алабыз дешти.

Азыр кандай жылыш бар?

– Ал кезде бутум ысык, муздакты, бирөөнүн кармаганын сезгени менен кыймылга келчү эмес. Операциядан кийин өз алдынча аракет кылуу керек экенин түшүндүм. Күндө көнүгүү жасап уктап жаткан булчуңдарды ойготпосоң артка кетесиң. Анан бул клиникага келдим дагы, машыга баштадым. Кырсыктап калган адам өзүн канчалык колго алып эрте дарыланса, ошончолук жакшы жыйынтык болот. Мен азыр деле балдак менен басам, бирок бутум мурункудай шалактабай бир аз болсо да кыймылга келип калды.

Нуркан айым күндө жасап жаткан көнүгүүлөрүн көрсөтүп, алар кандай жардам берип жатканын айтып берди.

– Бул шайманды кармап катардагы отуруп-турган көнүгүүлөрдү жасайбыз. Башында боюмду кармаганга каруум келбей жаткан. Отурсам тура албай белим сыздатып ооручу. Азыр күнүнө 100 жолу жасаганга жарап калдым, буттарымдын булчуңдары чыңалып келатат.

Үзгүлтүксүз балдак таянып жүргөндүктөн, ийиндер уюп, алсызданып, желкеме туз уюп, талып оорута баштайт. Бул аппарат атайын колдун, ийиндердин булчуңдарын чыңдайт.

– Мендей болуп белинен ылдый сезбегендер үчүн бул аппарат миңдин бири. Себеби бутту бүгүп-жазып жасалган көнүгүү тизеге май, туз уюп кетүүнүн алдын алат. Тизенин сөөгүн кургатпайт.

Кыймылсыз жаткан адамды жылуу суу толтурулган бассейнге түшүрүү пайдалуу. Себеби сууга түшкөндө “уктап жаткан” булчуңдар ойгонуп, дем алуу органдарына жакшы пайдасын алып келет. Бул аппараттын жардамы менен биз ашыкча кишинин колун кармабай өзүбүз сууга түшө алабыз.

Бул аппаратка денең толук жылып, ар бир дене мүчөң көнүгүүгө даяр болгондо турабыз. Бир эле учурда колдун, буттун булчуңдарын чыңдайт. Кечке отура бергенде этиң желип, отургучтун жыгачы сөөгүңө жетип сыздатып ооруган учур болот. Бул аспаптын жардамы менен жамбаш эттин булчуңдарын толтура алдым.

Реабилитолог Самара Сейиталиева: “Кандай гана кырсык болбосун, убагында дарыланса жылыш болот”

Самара айым, клиникага келген бейтап дарыланууну эмнеден баштайт?

– Ар бир бейтап буга чейин түшкөн томографиянын кагазы менен келет. Кошумча текшерүү керек болсо өзүбүз өткөрөбүз. Көнүгүүлөрдү жазып берерден мурда кан басымын, кайсы булчуңу канча пайызга иштейт, денесинин сезимталдуулугу, муундардын иштегенин толук текшеребиз. Ошого жараша кайсы аппарат ылайыктуу экенин аныктайбыз. Бизде арабадан керебетине жылып жата албаган адамдар 1-1,5 айдан кийин өз алдынча отуруп, дааратканага барып калышат. Мисалы, инсульттан кийин келгендер айткандарды аткарса 2 айда калыбына келүүсү мүмкүн. Кадимкидей эле басып калышат. Башында кашык кармаганга жарабай келишет. Андайда колдун майда моторикасын иштете турган атайын аспаптарды колдонобуз. Ал эми моюн омурткаларынан жараат алгандарга жарым жыл керектелет. 4-5 айлап жатып дарылангандар бар. Аларда кадимкидей жылыш болот. Бирок андан ары улантпай кетип калышат. Кандай кырсык болбосун убагында чара колдонуп дарыланса бат жылыш болот. Азыр Кадыр аттуу бала дарыланып жатат. Моюн омурткасынан жараат алып кыймылсыз болуп калган экен. Айткан көнүгүүнүн баарын убагында аткарып учурда боюн түзөп кармаганга жарап калды.

Бул жакта машыктыруучунун аткара турган ишин аппараттар жасайт экен. Кайсы мамлекеттен алынып келинди?

– Ооба, ар бир аппараттын өзгөчө функциясы бар. Баасы да кымбат, Кытайдан, Орусиядан жана башка өлкөлөрдөн алынууда. Мүмкүнчүлүккө жараша улам жаңы аппараттарга буйрутма берип алдырып жатабыз. Машыктыруучулар көзөмөлдөп турат, кээ бир көнүгүүлөрдү көрсөтүп берет. Бирок калган мээнеттин баарын бейтап өзү аткарат.

Кызматтын баасы кандай?

– Аймактардан келишип, барып-келип дарыланууга шарты жоктор ушул жерде жатып дарыланышат. Алар бир айга 37 миң сом төлөшөт. Ал эми эртең менен келип, кечинде кеткендер үчүн 20 миң сомдун тегереги. Абалы оор бейтаптардын кошо жатып караган жакындарына да шарттар каралган. Алар ичкен тамагы үчүн гана күнүнө 500 сомдон төлөшөт.

Анара Дүйшөналиева

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here