Бала асырап алуу канчалык жеңилдеди?
Үстүбүздөгү жылдын 21-ноябрында өкмөттүн кабыл алган токтомуна ылайык, бала асырап алуу мыйзамына өзгөрүүлөр кирди. Жаңы ыкма коррупциянын алдын алууга, асырап алуучулардын убактысын үнөмдөөгө жардам берет. Бала асырап алуунун жеңилдетилген түрү төмөндө.
1-кадам
www.tunduk.gov.kg сайтына катталып, ал жерден “бала асырап алуу” бөлүмүнө кирип электрондук түрдө арыз жазасыз. Сиздин арызыңыз базага түшкөндөн кийин Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери сиз үчүн:
1. Паспорттордун көчүрмөсүн;
2. Турак-жайга ээ экендигиңиз тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынан аныктама; (үйүңүз жок болсо деле туруктуу киреше булагыңыз бар болсо талапкер боло аласыз)
3. Ички иштер министрлигинен соттолбогондугуңуз жөнүндөгү аныктама;
4. Нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн;
5. Жергиликтүү бийлик органдарынан жашаган жериңиз тууралуу аныктама алышат.
Ал эми сиз:
1.Иштеген жериңизден тапкан кирешеңиздин суммасы көрсөтүлгөн кат;
2. Жетекчиден сизге берилген мүнөздөмө;
3. Өздүк автобиография;
4. Саламаттыгыңыз тууралуу аныктама даярдайсыз. Анда сөзсүз түрдө ички органдар, кургак учук, наркология, психоневрология, СПИД, жугуштуу жана онкологиялык оорулардын адистеринин көзөмөлүнөн өтүү керек. Даяр болгон документти кызматкерге алып келсеңиз база тиркейт.
Бардык документтериңизди иштеп чыгууга 7 күн убакыт кетет.
2-кадам
Документтердин баары талапка жооп бергенден кийин кызматкерлер үй-жайыңыз, жашоо-шартыңыз менен таанышып чыгып акт түзүшөт. Андан кийин бала асырап алууга талапкер катары сайтка катталасыз. Ушундан кийин сыр сөз менен сайтка кирип, кезегиңиз жылып жатканын көзөмөлдөп турсаңыз болот.
3-кадам
Кезегиңиз жеткенде баланын улуту, жашы, сүрөтү тиркелген анкеталар көрсөтүлөт. Анкетадан ата-эне баланы тандагандан кийин бир ай аралыгында бала менен таанышып, жакындашканга аракет жасайт. Бала менен асырап алуучунун жылдызы келишсе, процесс андан ары уланат. 10 жаштан жогорку балдар болчоктогу ата-энени өзү тандоо укугуна ээ.
4-кадам
Акыркы кадамда асырап алууга уруксат берилген корутундунун негизинде соттук териштирүү жүргүзүлөт. Сот документтерди кылдат карап, ата-энени медициналык текшерүүдөн өткөргөн адистерди чакырып тастыктагандан кийин гана чечим чыгарат. Соттун чечимине ылайык баланы асырап алуучу өз атына каттата алат.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Үй-бүлө, балдарды колдоо жана мамлекеттик төлөмдөр башкармалыгынын башчысы Самаган Асанов: “Эми баары ачык-айкын болот”
Самаган Алитөрөевич, бул процесс жеңилдегенден бери бала асырап алууну каалагандардын саны дагы көбөйө түшсө керек?
— Чындыгында эле бала асырап алуу процесси буга чейин татаал эле. Бул тууралуу бизге бир нече жолу арыздар да келип түшкөн. Бүгүнкү күндө асырап алуучулардын көбү арыз менен кайрылган. Ата-энелер талап кылынган документтердин узун тизмесин көргөндө эле жүрөктөрү түшчү. Көбү “мунун баарын качан чогултуп бүтөт элем?” деп экинчи ирет келбей коюшчу экен. Эч кандай документ чогултпай эле ортодон тааныш таап, акча берип бала багып алган фактыларды да жокко чыгарбайбыз. Жаңы эрежеге ылайык эми баары базада ачык-айкын көрсөтүлүп турат. Документтерди чогултуунун түйшүгүн биздин кызматкерлер өз моюндарына алып жатышат. 3 документти даярдоо оңой эле деп ойлойм. Бул жобо күчүнө киргенден бери жарандардын кызыгуусу күч алды. Учурда базада 370тен ашуун адам электрондук кезекте турат. Ал эми асыроого 250 бала коюлган.
Ошол балдардын баарынын ден соолугу тазабы?
— Тилекке каршы, жаңы төрөлгөн балдардын көбүнүн ден соолугу начар болууда. Анткени баласы оорукчан төрөлгөнүн билгенден кийин таштап кеткендер көп болот. А биздеги каалоочулар ден соолугу чың ымыркай алгылары келет. Чет жактан келген жарандар болсо бала жагып калса оорукчан экенине карабай алып кетет. Медицина жакшы өнүккөн өлкөдөн дарылатып, жакшынакай кылып ден соолугун түзөп алгандарды угуп калабыз.
Балдар чет элдиктерге кандай шарт менен берилет?
— Бала биринчи кезекте биологиялык жактан жакын адамына (ата-энесинин жакындарына) берилет. Эгер андай адамдар табылбаса, улуттук асырап алуучулардын талапкерлиги каралат. Андан кийин гана чет элдик асырап алуучуларга берилет. Атайын адистер ар алты айда баланын жашоо-шарты, аны багуусу кандай болуп атканын 3 жылга чейин көзөмөлгө алып турушат. Чет элдик асырап алуучуларды ошол мамлекеттин элчилиги көзөмөлгө алат.
Баланы жалгыз бой адам да асырап ала алабы?
— Жогорудагы талаптарга жооп берсе боло алат. Асырап алуучу менен баланын ортосундагы жаш айырма 16 жаштан кем болбошу керек.
Анара Дүйшөналиева