Нурзат: «Балам менен бактылуу болом деген тилегим кыйрап баратат»
Үй-бүлѳдѳгү келишпестиктерди чечүүнүн жалгыз жолу – ажырашуу болуп калган сыяктуу. Бирок бул жол аялдын же эркектин маселесин чечкени менен ортодогу балага маселенин баарын баштаган кадам экени эске алынбай келет. Бала ѳз үй-бүлѳсүндѳ таппаган бакытты башкалардын бүлѳсүнѳн таба албасын турмуш кѳрсѳтүп келет. Ал эми бул баян миңдеген тагдырлардын бирѳѳ гана.
«Үзүлгѳн үмүт, бузулган бүлѳ»
— Кыз кезимде кыялдарым укмуш эле. Үй-бүлѳнү да, карьераны да жолго салган бактылуу турмушту кыялданчумун. Бирок маңдайга жазылган жазуу баарынан күчтүү экен. Кыялдарымдын бири да орундалбады. Алгач эле жогорку окуу жайдагы окуумду аяктабай калдым. Эрнис деген 3 курс улуу бала артымдан калбай жүрүп ала качып кетти. Окуумду шылтоо кылып ыйлаганым мени андан куткарып калган жок. Кууп баргандардын да жанын койбой жатып, кыскасы, мени алып калышты. Жыл айланбай уулдуу болуп, окуумду аякташым керек деген оюм ѳзүнѳн-ѳзү жок болуп кетти. Балам менен кайнене, кайнатамдын түйшүгүн кошо тартып, катардагы бир аял болдум да калдым. Ал эми Эрнис абдан кызганчаак чыкты. Суу алып келгенимден да шек таап, кулактын кужурун алат. Алгач мунусун мени катуу сүйгѳнү үчүн деп ойлоп, анчейин маани берчү эмесмин. Бирок ал күн ѳткѳн сайын улуу-кичүү, тааныш, бейтааныш дебей кызганып, кол кѳтѳрүп да ийчү болду. Мен эле бирѳѳгѳ каш кагып, тамашалашсамчы. Дүйнѳдѳгѳ эң жаман эркек ушундай шекчил эркек деп ойлоп калдым. Уулум бир жашка чыкканча эле денем канча кѳгѳрдү. Сабабайт, бирок оюн-чынга аралаштырып этимди оорутуп, чала муунтуп эрмектейт. Жалынганымдан ырахат алат. Айыл жеринде сууну сырттан ташыйбыз, уй айдайбыз, ушунун баары мага жѳн эле тиричилик эмес, жүрѳгүмдүн үшүн алган сарсанаа болчу. Алдымдан киши чыкпаса экен, артымдан киши баспаса экен деп жашагандан тажадым. Андан ѳтүп себеп-жайы жок сокку жеп, денем ооруп, кѳк ала болгондон чарчадым. Эрнистин оңолорунан үмүт кылбай калдым. Бир күнү баары конокко кеткен убакыттан пайдаланып ата-энеме кетип калдым да, ошону менен артка кайрылган жокмун. Сырттан бизди бактылуу деп билип жүргѳндѳрдү таң калтырып үй-бүлѳбүз заматта урап калды.
«Балам деп баарын кылдым»
— Баласы менен тѳркүнүндѳ жүрүү эч бир аялга жакпайт деп ойлойм. Мен үчүн да оңой болгон жок. Ата-энем кайгыга батса, агаларым кадимкидей жеришчү болду. Күйѳѳм жарашалы деп айттырганы менен ѳзү басып келген жок. Келсе да аны менен кетмек эмесмин. Балам менен тѳркүнүмдѳ бир жыл турдум да, уулумду калтырып шаарга иш издеп кеттим. Жумуштан да жолум болуп кеткен жок. Тигүү цехинен баштап ири дүкѳндѳргѳ, тез тамактануучу жайларга чейин иштедим. Жанымдан чыкпаган баламды сагынып айылга суранып кетип, бир аз жүрүп келгенче эле ордумду башкалар ээлеп алышат. Анын айынан кийин балама да каалаганымдай каттай албай калдым. Ары карап ыйлап, бери карап күлгѳн жашоо меники болду. Кыйналганда чыйралткан жалгыз гана балам. Ошонун келечеги, жакшы жашоосу үчүн деп жанымды жанга уруп, кылбаган ишим калган жок. Атасыз калганы аз келгенсип менден да алыс ѳсүп жатканына ичим күйѳт. Уулумду жаныма алып келем деген максат менен күчтѳнүп жашадым.
«Кайрадан бакыт сыноо»
— Урунуп-беринип жүрүп туруктуу ишти бир чакан дүкѳндѳн таптым. Дүкѳндүн ээси жакшы эже эле. Акымды жакшы тѳлѳп, азык-түлүк менен да камсыз кылчу. Ал эми жумшак мамилеси адам кѳңүлүн гүлдѳтүп койчу эле. Мен ишке үйрѳнүп калган кезде ден соолугума карайм деп дүкѳнгѳ жалгыз уулун баш-кѳз кылып коюп, ѳзү кѳп келбей кетти. Адилет экѳѳбүз товарлар, акча тууралуу гана сүйлѳшкѳнүбүз болбосо, башка сѳзгѳ убакыт да жок. Менин оюмда бир гана жакшы шарт түзүп, уулумду жаныма алып келүү. Мейли, күн бою бакчада же бала багуучуда болсун, кечинде кучакташып уктасак болду эле. Бирок бул тилегимди ишке ашыруу үчүн жылдар кетти. Жакшы батир менен жакшы бакча жакшы акчаны талап кылары анык эмеспи. Балам 5 жаштан ашканда кандай болсо да алып келем деген чечимге келдим. Айылга барууга уруксат сурап күтпѳгѳн жооп алдым.
— Нурзат, уулуңду качан аталуу кылайын деп жүрѳсүң?
— Эмне болду? Күтүлбѳгѳн, андан калса мен ойлогум келбеген мындай суроого жооп бергим да келген жок.
— Эми эркек балага ата керек эмеспи?
— Менин атам – баламдын да атасы.
— Балким, мен ата болуп береттирмин?..
Уккан кулагыма ишенбей туруп калдым. Адилеттин аял алып кетиргенин уккам. Экѳѳ балалуу болгончо эле ажырашып кетишиптир. Балким, жашашса, күтүшсѳ балалуу болушмактыр. Кыскасы, турмуш кѳргѳн адам экенин билчүмүн. Эми анын минтип сѳз кыйытып турганына анча деле таң калбадым. Бирок уулумду кошуп айтканына ичим жылып калды. Антсе да оозум күйгѳн жаным жазылып-жайылып кеткен жерим жок. Анымды байкаган Адилет да кайталап кеп улабады. Айылда жүрүп Адилетти эсимден чыгара албадым. Анын мага кылган ар бир мамилесин эстеп, талдап, кѳптѳн бери эле ѳзгѳчѳ мамиле кылып жүргѳнүн билдим. Жумуштун кѳптүгү, толгон санаа менен ага маани бербей жүргѳн экенмин. Белгиленген убакыт бүтүп шаарга жѳнѳдүм. Адилет мени батиримдин алдынан кучак толгон гүл менен тосуп алды. Ошол күндѳн баштап мага деген сезимдерин жаадырып, максаттарын бѳлүшүп, эркимди бийлеп баратты. Баарынан да анын уулумду унутпай ал тууралуу да кеп козгогондору мени кайдыгер калтырган жок. Жарым жылдай убадалашып, сѳз бекиттик да, баш кошуп алдык. Балким, ушул жолу бактылуу болуп, тилектериме жетем деген үмүтүм бар эле.
«Балам боор бербеди»
— Апам турмушка чыгарымды укканда «баланы бизге калтыр. Ѳзүң бактың ачылып жашап кетсең эле болбодубу. Балалуу аял – балээлүү аял. Айрыкча эркек баланын батышы кыйын»,- деди санааркай. Бирок мен Адилетти мактап, жакшы сапаттарын санап такыр макул болбодум. Жаңы жашообуз жакшы башталды. Баарыбыздын караганыбыз эле менин уулум. Кайненемдин кандай адам экенин жогоруда айтып кетпедимби. Балада айып жок деп башында эле жакшы кебин айтып, бооруна тартканга, Адилет болсо убадасына турууга аракет кылышты. Балам алар менен ойноп-күлүп, кээде эркелеп кѳнүп баштады. Бирок Адилетти таптакыр ата деп айтпай койду. Канча жолу алдап да, суранып да кѳрдүм, бирок мелтиреп бир жерди тиктейт да, баш чайкап туруп берет. Сагынган маалында ата-энеме жиберип, кайра бизди унутуп калбасын деп алып келип, убарабыз да ушул бала болуп жүрдүк. Ар бир мүнѳттѳ балам күйѳѳм менен кайненеме жакпай калбаса экен, алар балама жакпай калбаса экен деп ойлогонум ойлогон. Анык маселе кызым тѳрѳлгѳндѳ башталды. Тѳрѳт үйүнѳн чыгып келген күнү ата-энем да үйүбүздѳ эле. Атам уулумдан «бѳбѳгүң кимге окшош экен?» деп сурап калды. Уулум «атасына окшош экен. Мен да атама окшошмун го. Ата, анан булардын баласы менин бѳбѳгүм болобу?» дебеспи. Денемден тер чыга түштү. Баламдын сѳздѳрү баарыбызды ыңгайсыз кылды. Адилет ошондо биринчи жолу «эркек бала баары бир боор бербейт окшойт?» деген эле мага. Кийин ал да мурдагыдай үзүлүп түшпѳй калды.
«Балам атасын издей баштады»
— Адилет «уулуңа ата болом» деген сѳзүнѳ турууга аракет кылганы менен иш жүзүндѳ кѳрсѳтѳ албады. Себеби балам буга мүмкүнчүлүк берген жок. Анда ал 3-4-класстарда окуп калса керек. Конок болуп келген аяштарыбыздын алдында «Адилет жаңы баласын аябай жакшы кѳрѳт. Кызын анча жакшы кѳрбѳй калды. Мени болсо такыр жакшы кѳрбѳйт. Анткени ал менин атам эмес да» деди. Бул сѳз Адилетке кандай оор тийгенин кѳрүп турдум. Эч нерсе дей алган жокмун. Уулумду жемелегенге да батынбайт элем, антсем эле долуланып ыйлап, айтпаган сѳзү калбайт. Мындайда апамдын баягы «балалуу аял – балээлүү аял» деген кебин эстеп улутунам. Башта жактырбай жатканын менден жашырып турган Адилет ошондон кийин ачык эле кагып-силкип ийчү болду. Бирин кѳрмѳксѳн болсом, биринде болуша кетип урушуп калабыз. Канча жолу айылга берип жиберүүнү ойлодум. Бирок карылыкка моюн сунуп калган ата-энемди кыйнагым келген жок. Келиним деле ага жакшы мамиле кылып жибермек беле. Андан кѳрѳ урушуп-талашсак да жанымда болсун деп келем. Балам эс тарткан сайын мени түшүнбѳй эле түңүлтүп баратат. Азыр ѳткѳѳл куракка да келип калды. Жакында атасы тууралуу түркүн суроо берип айламды түгѳттү. Атасын тапса таап кетип калсынчы деп да ойлодум. Анткени бул турмушумду ушул балам бузуп салабы деп коркуп кетем. Азыркы жашоомду болгон күчүм менен сактап тургандаймын. Аялдын чыдамы түгѳнбѳйт го, Адилеттин чыдамы түгѳнбѳсѳ экен деп тилеп жүрѳм.
(Маалыматты уруксатсыз көчүрүп алууга тыюу салынат. Редакция Леди KG)