Негизгиге Кош келипсиз! Гүлнур Сатылганова, КРнын Эл артисти: Чет жерде жүргөндө патриоттук сезим өзгөчө күч...

Гүлнур Сатылганова, КРнын Эл артисти: Чет жерде жүргөндө патриоттук сезим өзгөчө күч алат экен

445

Гүлнур Сатылганова, КРнын Эл артисти: «Чет жерде жүргөндө патриоттук сезим өзгөчө күч алат экен»

Гүлнур Сатылганованын талантын, уккулуктуу үнүн жактырбаган адам жок болсо керек. Акыркы убактарда эжекебизди «Орто Азия таланттарды издейт» сынагында калыстар тобунун катарынан көргөнүбүз болбосо, жаңы чыгармалары менен сахнадан көп көрбөй калдык. Ушундан улам атактуу ырчынын акыркы жаңылыктарына кызыктык.

Саламатсызбы, Гүлнур эже? «Орто Азия таланттарды издейт» сынагынын калыстар тобуна мүчө болууга кандайча тандалып калдыңыз?

— Бул долбоордо калыстар тобунун мүчөсү болууга мага ушул жылдын июнь айында Казакстандын уюштуруучулары тарабынан «Тумар» радиосунун жетекчиси Алексей Сидоров аркылуу сунуш түшкөн. Албетте, Алексей мага долбоордун бүт шарттарын түшүндүрүп айткандан кийин мен көпкө ойлондум. Себеби шоу орус тилинде өтүп, үч ай бою тартуу иштери жүрөт экен. Ошол учурда башка жеке иштерим менен бошобой да жүргөн элем. Анын үстүнө мен кыргыз мектепти бүткөндүктөн, орусча өтө кооз, кенен сүйлөй албайм. Ошол себептүү башкы уюштуруучуларга да бул тууралуу айтсам, алар «сиз эле боло бериңиз, сиз бизге ылайыктуу экенсиз, ырчы болгондуктан вокал жагын гана карайсыз» дешти. Ошентип, аталган долбоордо калыстык кылууга дайындалып калдым. Алгачкы чыгарылыш Тажикстанда тартылды. Андан кийин Өзбекстанда болду. Үчүнчү чыгарылышы Кыргызстанда тартылышы керек эле, тилекке каршы, бизде долбоордун талабына ылайык келген бир гана Опера-балет театрынын залы бар экен. Ал учурда ал жайда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыктан, биздин таланттар өнөрлөрүн Алматы шаарында көрсөтүүгө аргасыз болушту. Бул долбоор, негизи, жайында эле тартылып, 1-2-3-турлары, жарым финалы болуп өткөн. Буюрса, эми 22-декабрда Нур-Султан шаарында түз эфирде сынактын финалы болот.

Орусча сүйлөөдөн кыйналган жоксузбу анан?

— Өзүңүздөр көргөндөй сүйлөп эле жаттым. Мен ойлогондой ал жакта андай деле чечендиктин кереги жок экен. Мага долбоор абдан жакты. Сахнанын жасалгаланышы, мыкты уюштуруучулук, анан ошол жерде отуруп миңдеген таланттуу адамдардын өнөрлөрүн байкап туруу өзүнчө бир ырахат тартуулайт экен.

А аталган долбоор Орто Азияга кандайча келип калганы тууралуу маалыматыңыз барбы? Мурун Батышта, Европа өлкөлөрүндө гана өткөрүлгөнүн көрчү элек…

— Аталган долбоор, негизи, британиялыктарга таандык, ошолор ойлоп табышкан экен. 14 жылдан бери бүт дүйнө жүзүндө өткөрүлүп келе жатат. Аталган шоу Гиннестин рекорддор китебине да кирген. Ал эми Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстанда өткөрүү үчүн казактар бул долбоордун лицензиясын сатып алып келишкен. Ошондуктан Орто Азия боюнча негизги уюштуруучулар казактар болуп эсептелет. Шоунун талабына ылайык, кастингден өткөн 3төн 70 жашка чейинки адамдар өз талантын көрсөтүүгө укугу бар.

Калыстар тобуна кандай шарттар бар экен?

— Башкы уюштуруучулар калыстар тобу үчүн эң сонун шарттарды түзүшкөн экен. Мисалы, мен Бишкектен Алматыга каттап жүрдүм, ошондогу жолго кеткен чыгымдын баарын төлөп беришти. Эң мыкты делген конок үйлөрүндө жашап жаттык. Визажист, стилисттер биз менен иштешип жатышты.

Кара кылды как жарган чыныгы калыстык бар бекен долбоордо? Дегеним, ар ким өз өлкөсүнөн келген катышуучуга жан тартып жатканы байкалып турду.

— Эч кандай терс көрүнүштөрдү байкаган жокмун. Кээде эле бирибиздин оюбуз экинчибизге жакпай калып бир пикирге келе албай калганыбыз болбосо, бардыгы ачык-айкын, ар бир катышуучунун дараметине жараша так, туура баа берилип жатты деп ишенимдүү айта алам. Чет жакта жүргөндө адамдын патриоттук сезими күч алат эмеспи. Менде деле ошондой сезим болуп Кыргызстандын булуң-бурчунан барган таланттууларга жан тартып жаттым. Чын дилимден кийинки турларга өтсө экен деп тилеп отурдум.

Мекендешибиз Чыпалак баатыр өнөрүн көрсөтүп жатканда сиздин астыңыздагы кызыл кнопканы Ситора Фармонова басып салганда ага нааразы болуп кайым айтышканыңар дагы бар эле. Азыр актриса менен мамилеңиз жакшыбы?

— Ситора абдан жакшы кыз, ачык, шайыр. Мүмкүн, ошондо менин кнопкамды тамаша иретинде басып койгон чыгар. Бирок сынактын эрежеси боюнча бирөөнүн кнопкасын басканга эч кимдин укугу жок. Андыктан мен анын бул жоругун туура көргөн жокмун. Мен кнопканы баскым келген эмес, чынында. Анткени ага чейин Чыпалак баатырдыкынан да коркунучтуу, килейген мыктарды мурдуна каккан, лампочканы чайнап туруп жуткан сыяктуу номерлер болгон. Аларды деле аягына чейин көрүп, анан чечим чыгарчубуз. Анан биздин мекендешибизге ошондой мамиле болуп калганына абдан жиним келди. Бирок Ситора экөөбүздүн эфирден тышкаркы учурларда мамилебиз абдан жакшы. Азыр бири-бирибиз менен байланышып, ал-акыбал сурашып турабыз.

Жалаң ушул долбоор менен жүрүү жеке иштериңизге, чыгармачылыгыңызга тоскоолдук жараттыбы?

— Албетте, бир аз кыйналдым. Анткени бул жакта да тойлор, концерттер абдан көп болот эмеспи. Мисалы, мен кечкисин тойлордо ырдап коюп түнү менен Алматыга жөнөйм. Ал жакта кечке чейин съёмкага катышам. Тартуу иштери 14-15 саатка чейин созулган учурлар да болуп жатты. Ушунча убакыт созулган эфирде отуруу деле бир топ оор болот экен. Анын үстүнө жаркыраган жарыктардан көрүүң дагы начарлап калат экен, бир чети уйкуң канбайт. Кыскасы, жай айы мен үчүн абдан оор, жоопкерчиликтүү учур болду. Чынын айтканда, өзүбүздүн Ысык-Көлүбүзгө барып эс алып келүүгө мүмкүнчүлүгүм болгон жок. Жай айында бир-эки клип тарттырам деп пландап койгон элем, аларды дагы артка жылдырууга аргасыз болдум. Бирок мунун баары артта калды. Долбоорго калыстык кылуу менен өзүмө жакшы нерселерди ала алдым десем болот. Ал эми чыгармачылыгымда баары жакшы. Дайыма изденүүнүн үстүндөмүн. Акыркы жолу жеке концертимди 2015-жылы берген экенмин. Эми, буюрса, жаңырган жылдын апрель айында күйөрмандарыма чыгармачылык кечемди тартуулайын деп пландап жатам. Учурда концерттин сценарийи иштелип чыгып, даярдануу иштерин баштадык.

Сиздин эң кирешелүү концертиңиз качан болгон? Жана аны эмнеге жумшаганыңыз эсиңиздеби?

— Негизи жакшы, сапаттуу концерт тескерисинче көп каражатты талап кылат. Киреше түшпөйт. Мисалы, мен көп эле жолу концерт бергем. Бирок бир дагы концертимден мага ашыкча акча түшкөн эмес. Анткени түшкөн каражаттын баарын мен концерттин чыгымын жабууга, башка маанилүү иштерге жумшайм. Мисалы, 2008-жылы жеке концертимден түшкөн, демөөрчүлөр берген акчаны кошуп туруп, ошол кезде курулуп жаткан “Камбар-Ата” ГЭСине бергенбиз. Анан ал жакта иштеген миңдеген жумушчуларга бекер концерт, тамак уюштурганбыз. 2007-жылы болсо Кыргызстанды кыдырып турне жасагам. Ошондо концерттен түшкөн каражатты жергиликтүү балдар үйлөрүнө которгонбуз. Негизи, мен концертти акча кылыш үчүн, акча топтош үчүн жасабайм. Ошон үчүн дагы бат-баттан концерт бербейм. Концертти мен өзүмдүн имиджим, күйөрмандарым, элим үчүн уюштурам.

Ушул күндөрү арыктаптырсыз. Ашыкча салмактан арылуу үчүн кандай натыйжалуу ыкмаларыңыз бар?

— Мындан 3-4 жыл мурун ден соолугума байланыштуу гормоналдык таблеткаларды ичүүгө туура келген. Ошондон улам абдан толуп кеткениме байланыштуу спорттук залга барып машыгып жүрдүм. Ортодон машыгуумду токтотуп коюп кайра толуп кеттим. Бирок учурда туура тамактануунун, көп кыймыл-аракет жасоонун жыйынтыгында өз калыбыма келип, ден соолугум, Кудайга шүгүр, жакшы. Ал эми арыктоо боюнча айта турган кеңешим, албетте, бул – туура тамактануу, көп кыймылдоо, көп басуу, көп суу ичүү керек. Мына ушунун баарын карманса, адам эч убакта толбойт дээр элем. Анан жанагы интернеттеги ар кайсы сайттарда менин сүрөтүмдү фотошоп менен жасап арык көрсөтүп, баланча таблетканы ичип арыктады деген сөздөрдүн бардыгы калп. Бул жеке фирмалардын адамдын атын колдонуп өздөрүнө жарнама кылууга болгон гана аракети. Мындай көрүнүш бир нече жолу кайталанганынан мен аларга эскертүү берип, дагы кайталанса сотко береримди айткан элем. Негизи эле мен дары ичип арыктоонун өзү туура эмес деп ойлойм, анткени анын организмге зыяны болушу толук мүмкүн.

Уулуңуз азыр кайда, эмне менен алек? Келиндүү болчу күнүңүз да жакындап калгандыр?

— Уулум азыр мамлекеттик жумушта иштеп жатат. Азырынча үйлөнө турган ою жок. Кудай буюрган күнү үйлөнөт.

Маегиңизге рахмат!

Асел Эсенбек кызы

(Маалыматты уруксатсыз көчүрүп алууга тыюу салынат. Редакция Леди KG!)

СоӊкуМүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн заманбап шарттар
КийинкиДары ордуна азыктар