Негизгиге Адамга адам тирек Нурсултан: 30 эле жыл жашаарыма ишенип калган элем…

Нурсултан: 30 эле жыл жашаарыма ишенип калган элем…

448

Нурсултан: “30 эле жыл жашаарыма ишенип калган элем…”

30 жылдык гана өмүрү бар экендигин билген Нурсултан тагдырына моюн сунуп баштаган. Бирок кокустан интернеттен таап алган маалымат анын оюн түп-тамыры менен өзгөрттү.

“Апамдын курсагында жатканда эле майып болорум белгилүү болуптур”

Мен 1994-жылы Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунда төрөлгөм. Үй-бүлөдө беш бир туугандын ортончу баласымын. Менден улуу бир эжем, бир агам бар, алар азыр үй-бүлөлүү. Менден кичүү карындашым менен иним болсо студенттер. Мен карапайым эле адамдардын баласымын. Апам мектепте кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим болсо, атам бирде куруучу, бирде күзөтчү, айтор, мезгил талап кылган ар кандай жумуштарда иштеп кете берет. Кудайга шүгүр, менден башка бир туугандарымдын ден соолуктары жакшы, мен минтип майыптар арабасында отурганыма он жылдан ашык убакыт болду.
Апам мага кош бойлуу кезинде катуу токсикоз болуптур, бирок өзүнүн кош бойлуу экендигин билбептир. Тынымсыз эле куса бергенинен “тамакка ууландымбы?” деген ой менен ооруканага барса, доктурлар күчтүү дарыларды сайып беришиптир. Кийин гана текшерүүдөн өтүп, кош бойлуу экендигин билиптир. Доктурлар ошондо эле мүмкүнчүлүгү чектелген бала төрөлөрүн билишип, ата-энеме эскертишет. Байкуш ата-энем канынан жаралган баласын кыйбай “кандай болсо дагы багабыз” дешет.

“Баса албай калганымда гана ооруканага кайрылдык”

Ошентип, ай-күнүмө жетип бул жарык дүйнөгө келгем. Кудай жалгап алты саным аман төрөлүптүрмүн. Ошондо апам менен атам “доктурлар жөн эле айтып коюшкан турбайбы” деп бирде жини келсе, бирде кубанычтан көздөрүнө жаш алышат. Үч жашка толгондо катуу чуркай албай өзүм курактуу балдардан артта калып же оюн учурунда секире албай баштагам. Тилекке каршы, ал кезде буга көңүл бурган эмеспиз. Алты жашка чыкканча кайталана бергенде гана ооруканага барсак, бутумдун май таман экендигин, мындан улам ушул көйгөйлөр жаралып жатканын айтып, “убакыттын өтүүсү менен калыбына келет” деп жубатып үйүбүзгө жиберген. Биз да ошол бойдон тоого мал караганга кетип калдык. Ошентип, он жашка чыкканда басуудан кыйнала баштадым. Бишкекке келип ооруканага көрүнсөк, “миопатия Дюшена” деген диагноз коюшту.

“Чет жердеги клиниканы угуп үмүт пайда болду”

Мен мектепте төрт гана жыл окугам, андан кийин оорума байланыштуу бара албай калдым. Болбосо мектепте жалаң “4”, “5” ке окуган окуучулардан болчумун. Менин балалык күндөрүм көчөнү чаңытып чуркап же болбосо мектепте өткөн жок. Алгач досторумдан дайыма калып басып жүрсөм, андан кийинки күндөрүм дартыма даба издөө менен өтчү. Айыгуу үчүн табыптарга, бакшы, дары-чөптөр менен иштеген адамдарга, дегеле барбаган жерим калган жок. Себеби шаардагы ооруканадан айыгуума эч кандай кепилдик бере албастыгын кесе айтышкан эле. Интернет булактарынан оорум туурасында изилдеп жатып, меникиндей оору менен ооруган адам 30 жыл гана жашаарын билдим. Окуп алып аябай жаман акыбалда болдум, ызаландым. Акырында моюн сунуп “баары бир өлөт экенмин да” деп калгам. Дагы бир ирет интернетти барактап отуруп Польшада меникиндей диагноз менен ооруган адамдарды дарылаган клиника таап алдым. Аябай кубандым. Клиника менен байланышып көрсөм, айыгарыма 80 пайыз кепилдик беришти. Азыр ошол клиникага үмүт артып жатам. Бирок бекер оокат барбы? Кызмат акысы үчүн польшалыктар 10 миң евро сурап жатышат.

“Карапайым адамга чоң сумманы табуу кыйын экен”

Польшалыктар айткан каражат барып кайра келген билетке, визага, жатаканага дегеле бардык чыгымдарды камтыйт. Мындай сумма биздин түшүбүзгө кирген эмес. Атайын каражат табуу максатында үй-бүлөбүз менен шаарга көчүп келгенбиз, учурда батирде жашайбыз. Апам мугалимдик кесиби боюнча иш таап иштеп жатат, атам болсо фирмада иштейт. Бир туугандарым да болушунча иштеп, жардам берип жатышат. Өзүм майыптар арабасы менен эч жакка чыга албайм же мени эч ким жумушка албайт. Ошондуктан элдин кайрымдуулугуна муктажбыз. Бизге жардамыңыздар керек!

Элсом: 0705 94 63 48

РСН банк: 000001816522

Айгерим Токтобай кызы

СоӊкуЖамбыл Камчиев: Жубайым толук эркиндик берген үчүн мен Жамбыл болдум
КийинкиСезимай: Ѳзүм үчүн тѳрѳп алам дегендик – жеткен ѳзүмчүлдүк экен