Негизгиге Саамалык Рулдагы айымдардын адаттары

Рулдагы айымдардын адаттары

581

Рулдагы айымдардын адаттары

Мындан бир канча жыл мурун руль башкарган айымдарды көрсөк «аял
киши айдап баратат» деп таңыркай карачу элек. Бирок жыл өткөн сайын
машина айдаган айымдардын саны көбөйүп, муну кадимки эле көрүнүш
катары кабылдап калбадыкпы. Ал эми чыгармачылык менен алектенип,
кыргыз маданиятына опол тоодой салым кошуп келаткан айымдардын
дал ушул рулду башкарып бараткандагы кандай адаттары бар экенин
бирге баамдасак.

Гүнара Калдарова: «Рулда баратканда жакшы көргөн чыгармаларымды
угуп барам»

— Мен руль кармаганыма беш жылдын жүзү болду. Кудайга шүгүр,
профессионалдуу деңгээде эле айдап калдым. Машинамдын маркасы —
Тойота Сцион. Мен рулга отурарым менен дароо музыкасын коөм. Анан ар
кандай музыка эмес, өзүмө жаккан гана ырларды топтоп алгам флешкага.
Жолду катар ошол ырларды угуп баргандан кадимкидей ырахат алып, бир
күнгө жетерлик энергия алам десем болот.

Асел Турдалиева: «Рулга отурардан мурун сөзсүз Куран окуйм»

— Мен 2005-жылдан тартып руль башкарып жүрөм. Ошондон бери көп эле
жолу алмаштырдым унааларымды. Азыркы машинамдын маркасы Тойота
Кэмри. Ушул машинам менин көңүлүмдөн түнөк тапты десем болот.
Аялзатына ылайыктуу унаа экен деп калдым. Айдаганга абдан ыңгайлуу,
жумшак машина. Өзүмө кандай көңүл буруп карансам, машинама дагы
ошончолук маани берем. Анан сөзсүз түрдө ар бир рулга отурардын алдында
Куран окуп туруп анан жолго чыгам.

Дилшат Кангелдиева: «Машинада баратып макияж жасайм»

— 19-жылдан бери машина айдап жүрөм. Бул руль башкарган айым үчүн көп
эле стаж десем болот. Ушул жылдар аралыгында 5 машина
алмаштырыптырмын. Учурда айдап жүргөн унаамдын маркасы – Тойота
Харрьер. Чыгармачыл адам болгондон соң дайыма тыным албай эле
тойлордо, концерттерде жүргөн болобуз. Мындай учурда дайыма унаам
жардамга келет, бара турчу жериме өз убагында жеткирип. Анан кээде
пландалбаган мааракелерге дагы шашып барып калган учурларыбыз болот.
Андайда каяктагы профессионалдуу макияж, өзүм жолдо кетип баратып эле боёно калам. Жол чыракка бир токтогондо крем сүйкөнсөм, экинчи, үчүнчү
тыным алганда көз, кирпик, ооз боёп, айтор, барчу жериме жеткичекти
арыдан-бери сулуулана калам.

Назми Байзакова: «Кыздарымдын тапичкесин машинама тумар кылып
салып алам»

— 1999-жылдан бери машина айдап келе жатам, ошондо быйыл туптуура 20
жыл толуптур. Өзүмдүн апам дагы машина айдагандыктан, кичинекей эки
жаш курагымдан баштап апам конокко баратканда алдына отуруп алчу элем.
Ал учурда унаа айдаган айымдар дээрлик жокко эсе болчу. Ошондуктан
жолдо баратканда элдин баары таң калып карап калышчу эле. Ошондон
болсо керек, машина айдоого болгон кызыгуум бала кезимден эле
калыптанган. Учурда Лексус үлгүсүндөгү унаа айдап жүрөм. Бардык эле
айымдардын машинага тиешелүү адаттары болгондой эле, меники дагы бар.
Мисалы, улуу кызым ымыркай кезинде кийген алгачкы аябай тыпыйган
кызыл түстөгү тапичкеси бар болчу, аны кийин экинчи кызым дагы кийди.
Ошону машинама салып алууну салтка айланткам. Кыздарымдын ошол
тапичкеси мен үчүн ыйык тумардай.

Роза Шакирова: «Машинада ыр жаттап баруу – адатым»

— Унаамдын маркасы Range Rover. Мен 2006-жылдан тартып эле машина
айдап жүрөм. Бул чыгармачыл кишиге эң ыңгайлуу нерсе. Анан мен рулга
отурган кезде дайыма жаңы жаздырган ырларымды коюп ырдап барам.
Анткени концерттерде, тойлордо жакшы жаттабай калгандан улам
жаңылуулар болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан мен ушул нерсени адат
кылып алгам. Ырымды ырдап кете берем, бирок эки көзүм жолдо болот
дайыма. Коопсуздук маселесине абдан олуттуу мамиле жасайм.

Райхан Абдувалиева: «Унаамды дайыма арчалап турууну адат кылгам»

— Кудайга шүгүр, руль башкарып жүргөнүмө быйыл 26 жылдын жүзү
болду. Бул жылдар аралыгында бир канча унаа алмаштырдым.
Бардыгы тең жакшылыгыма кызмат кылышты. Машинага канчалык
көңүл буруп, бапестеп карасаң, сага ошончолук көпкө кызмат кылат
экен. Мен машинам менен сүйлөшөм, сырдашам дегендей. Анан, эң
негизгиси, жакшы ой-тилектерди айтуу менен ичин арчалап турам. Бул
көп жылдардан берки менин адатыма, дайыма сакталчу салтка
айланып калды десем болот.

Асел Эсенбек кызы

СоӊкуАла качуу салт эмес – оор кылмыш!
КийинкиАйнура Нурлан кызы: Намаз окууну үйрѳтүүчү жайнамазды ойлоп таптык