Негизгиге Интервью Сыймык Бейшекеев: Америкада биротоло жашап калуу оюмда жок

Сыймык Бейшекеев: Америкада биротоло жашап калуу оюмда жок

387

«Биздин иш жаңы башталды, буюрса, чоң ийгиликтер алдыда, боордошторго амандык каалап коюңуздар. Кудай кааласа сентябрь айында биздин иш-чараны колдоп, 1 ай убакытка мастер-класс өтүү үчүн СССРдин эл артисткасы Самара Токтакунова эжебиз келип чоң кара күүлөрдөн үйрөтөт.
Мекен сенин кадырың кандай бийик,
Мээримиңе балкыйм төбөм көккө тийип.
Бөздөн жумшак болсо дагы шарты мыкты,
Бөтөн жерди, коё албаймын сендей сүйүп.
Менин өлкөм мөмө сымал жаңы бышкан, 
Мээрим төгүп сагынтат шагын ийип.

Сыймык агай, Америкадагы кыргыз жарандары үчүн комуз мектебин ачуу идеясы эмнеден улам жаралды?

Комуз мектебин ачуу идеясы мен алгачкы жолу Америкага келгенде, тагыраагы, 2013-жылы эле пайда болгон. Кыргыз балдарынын бөтөн элдин маданиятына, үрп-адатына таасирленбей, өзүбүздүн салт-санаабыз менен комуз үнүн угуп өсүшсө деп тилек кылгам. Идеямды ошол кезде кыргыз комьюнити борборунда иштеген Улук Болушев деген жигитке айтсам, «эң сонун идея, байке, качан келсеңиз колдойбуз» деп айткан эле. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип идеямды ишке ашыруунун убакты-сааты алты жылга аяк басканда чыгып отурат. Мектепти убактылуу «Сыймык Бейшекеевдин комуз, ыр үйрөтүү мектеби» деп атадык, эми расмий түрдө каттап, алгач Американын башка бардык штаттарына, анан Европанын шаарларына ачуу тилегибиз бар.

Мугалим катары жалгыз өзүңүз эле иштейсизби? Канча окуучуңуз бар?

Азырынча жалгыз эле үйрөтүп жатам. Виза маселеси чечилсе Кыргызстандагы профессионал комузчуларды ай сайын чакырып турабыз деген пландарыбыз бар. Учурда менин мектебимде 6 жаштан 63 жашка чейинки отуздай окуучум бар. Каалоочуларга эч кандай талаптар коюлбайт, жаш өзгөчөлүктөрү да чектелбейт, кимдин комуз үйрөнүүгө каалоосу күч болсо, бардыгына эшигибиз ачык. Окуучуларым төрт сабактан кийин эле комузду кадимкидей черте башташты. Алды төрттөн ыр-күүлөрдү үйрөнүп чертип, ырдап калышты. Орозо учурунда ооз ачарда 300 адамдын алдында чыгып чертишти, көргөндөр абдан жакшы кабыл алышты. Азырынча ар бир үйрөнүүчүгө жумасына эки жолудан сабак болуп жатат. Төлөмүн да көпчүлүк менен кеңешип, баарынын капчыгына туура келгидей кылып бул маселени чечип алганбыз. Мен дагы, алар дагы нааразы эмес.

 

Негизи Америкага акыркы жылдары тез-тез каттап калдыңыз эле. Сизди ал жакка эмне тартты?

Мени Америкада өткөн иш-чара, майрамдарда, Эгемендүүлүк күндөрүндө, дегеле бат-баттан чакырып турушат. Бул жакта өкүл балдарым, уулум Азамат да жашайт. Алар да кышкы эс алуу учурунда ар кайсы шаарларга чакырып турушат. Эми болсо мектептин иштери боюнча көп каттап калдым.

Ал жактан туруктуу жумуш таап алыпсыз, үй-бүлөңүздү да алып кетесизби?

Чет жерде жалгыз жүрүү кыйын экен. Алыста жүргөн адамды эл-жерге, үй-бүлөгө болгон сагыныч кыйнап коёт окшойт, бул нерсе мага эки айдын ичинде сезилип баштады. Буюрса, 20-июнда Кыргызстанга барып, бир айдан соң үй-бүлөмдү кошо алып келем. Бул учурда окуу убактылуу токтолгону менен, онлайн сабак өтүлүп турат. Улуу кызым быйыл мектепти аяктады, андан кийинки уулум 4-классты аяктаса, кичүүм 1-класска барат. Балдарымдын жакшы жерде билим алуусу келечегине чоң инвестиция да, ошондуктан, алгач алып келип тааныштырып көрөм. Эгерде жагып, окууларын алып кете алса окутам. Баары балдарымдын аракетинен көз каранды болот. Өзүм болсо мектеп бутуна турганга чейин ушул жакта болуп калышым мүмкүн болуп жатат. Бирок биротоло калуу оюмда деле жок.

Ал жактагы боордошторубуз кандай жашашат экен? Аябай ынтымактуу экени өткөндө Валентина Шевченконун жеңишин белгилегениңерден көрүнүп турду.

Биздин эл абдан эмгекчил келет эмеспи, Чикагодогу боордошторубуздун арасында компания башкарып иштеген да, жөнөкөй жумуштарда иштегендери да бар. Башкысы, жумушу жок отурган кыргыз жок. Анан да Америкада жашаган боордошторубуз абдан ынтымактуу. Валентина Шевченкону чоң сыймык, толкундоо менен тосуп алышты. Негизи эле бул жакта жүрүп деле ар кандай иш-чараларды өткөрүп турушат. Маселен, он жылдан бери Ынтымак кубогун өткөрүшөт. Быйыл да 31-август эгемендүүлүк күнүнө карата чоң спорттук иш-чара өткөрүү үчүн азыртадан кызуу даярданып жатышат. Бул иш-чара эки күн бою өткөрүлүп, ордо атуу, күрөш, кол күрөш, футбол, волейбол оюндары ойнотулуп, Кыргызстандагыдай эле жылкы союлат, биздин маданий чөйрөдөгү адамдарга да чакыруу жиберилет. Бул майрам жогорку деңгээлде өтөт деген ишеничтебиз.

Айгерим Токтобай кызы

СоӊкуАсел Осмонова: Кызыбыз эми жакшы болуп келатканда атасы кырсыктап калды
КийинкиАйжан Токтоболотова: Бир заматта беш неберем атасыз калышты