Тарбияга өзөк болчу хадистер
- Кайда болсоң да Аллахтан корк. Жаман ишиңдин артынан жакшы иш жаса, ал жамандыкты өчүрсүн.
- Арак күнөөлөрдүн энеси, ким аны ичсе кырк күн дубасы кабыл болбойт. Эгер ичинде болуп туруп өлүп калса, динсиздик өлүмү менен өлөт.
- Адам досунун дининде болот. Ошондуктан ким менен достошконуңарга көңүл бургула.
- Суу отту өчүргөндөй, садака да күнөө-каталарды өчүрөт. Кырсыкты тосот.
Мусулман мусулмандын бир тууганы, ага зулумдук кылбайт, кыйынчылыкта жалгыз таштабайт. - Кайсы бир адамдын үч кызы болуп, аларды ислам таалими менен жакшы тарбиялап өстүрсө жана момун адамга турмушка берип куттуу жайына кондурса, ал адам бейишке кирет.
- Эгерде мусулман бир тууганыңдын сөздөрүн жакшы жакка чечмелөөгө кичинекей эле мүмкүнчүлүгүң бар болсо, эч убакта анын сөздөрү тууралуу жаман күмөндө болбо.
- Сага таандык болбогон жакшы сапаттар менен сени мактаган адам, ачууланганда сенде болбогон жаман сапаттар менен сени шыбайт.
- Уят жана ыйман бир. Бири жок болсо, экинчиси да жок болот.
- Алла Таала бардык нерсеге жакшылык кылууну парз кылды. Андыктан эгерде сен өлтүрсөң да жакшылап өлтүр: малды сойсоң да аны кыйнабаш үчүн силердин ар бириңердин бычагыңар жакшылап курчутулган болсун.
- Силердин эч кимиңер өзүңөргө ыраа көргөн (өзүңөргө каалаган) нерсени башка бирөөгө да ыраа көрмөйүнчө толук момун боло албайсыңар.