Кызылча оорусунун алдын алуу — ата-эненин милдети
Кызылча — катуу кармаган жугуштуу оору. Өлкөбүздө бул оорунун вирусу кеңири кучак жайды. Ата-энелерге кеңири маалымат берүү максатында биз да бул ооруга кайрылдык.
Жуктуруп алуунун жолдору:
— Кызылча менен ооруган адамдан жугат. Ооруну вирустар козгошот;
— Оорулуу чүчкүргөндө, жөтөлгөндө анын шилекейи, какырыгы менен вирустар абага тарап, соо адамга өтө тез жугат;
— Вирус соо адамга жуккандан кийин анын иммунитетинде сакталып калат;
— Мурун, кийин кызылча оорусу менен оорубагандар, кызылчага каршы ийне албаган чоң адамдар кызылча оорусу менен 100 пайыз ооруйт;
— Жуктургандан 7 күндөн кийин оорунун алгачкы белгилери байкалат. Оору өзү жөнүндө белги берет;
Оорунун белгилери:
— Дене табы 38-40 градуска көтөрүлөт;
— Алы кетип шалдырайт;
— Тамагы кызарып шишийт, ичегилердин иштөөсү бузулат. Тамакка табити тартпай калат;
— Мурундан суюктуктар бөлүнүп чыгат, кургак жөтөл болот;
— Көздүн ыйлаакчалары жана ортоңку кулак сезгенет;
— Оору өзү жөнүндө белги бергенден 2-3 күндөн кийин бетке майда-майда агыш бүртүкчөлөр чыга баштайт;
— 3-күнү ал бүртүкчөлөр кызарып чекеге, бетине, кулагынын артына жайылып,андан ары бүт денени каптап кетет;
— Бүртүкчөлөр барган сайын ар кандай форма менен чоңоюп, жыш болуп жайыла берет. Бул учурда баланын температурасы 40 градуска чейин көтөрүлүшү мүмкүн;
— Оору өтүшүп кеткенде кулактары шишип, көздөрү чылпактап, ичи кызарып жарыкты карай албай калат;
Дарылоо медицина кызматкерлеринин көзөмөлдөөсү менен жүрүш керек.
Сиз же сиздин балаңыз ооруп калса эмне кылуу керек?
— Аймактык дарыгериңизди чакырыңыз же “Тез жардамга” чалыңыз.
— Дарыгер келгиче ооруп калган балаңызды соо балдарыңыздан оолак кармап,алар менен аралаштырбай туруңуз.
— Кайсы жакта болсоңуз да балаңыздын абалын телефон аркылуу дарыгерге маалымдап туруңуз.
— Кызылча оорусуна эмдөө, микробдорго жана вирустарга каршы дары-дармектерди кабыл алуу менен профилактика жүргүзүү керек.
Вакцина кимдерге сунушталбайт?
— Кош бойлууларга
— Баланы пландаштырып жаткандарга