Негизгиге Адамга адам тирек Тынчтык: Индияга келгенибизге төрт ай болду, каражаттын жетишсиздигинен операция токтоп турат

Тынчтык: Индияга келгенибизге төрт ай болду, каражаттын жетишсиздигинен операция токтоп турат

210

Тынчтык: «Индияга келгенибизге төрт ай болду, каражаттын жетишсиздигинен операция токтоп турат»

Үч жылдан бери оорукчан баласынын убайын тартып жүргөн Тынчтык эми өмүрлүк жарынын ден соолугу үчүн күрөшүп жатат. Жубайын бутка тургузам деп алыскы Индия өлкөсүндө төрт айдан бери жашап жаткан кези.

“Жубайымдын оорусуна алгач маани берген эмеспиз”

Мен Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун тургунумун. Өзүм 33 жаштамын, жубайым болсо 27де. Экөөбүздүн баш кошконубузга он жыл болду. Учурда 7,5 жана 3 жаштагы балдардын ата-энесибиз. Турмуш- шартка байланыштуу экөөбүз тең жогорку билимге ээ болгон эмеспиз. Мен Орусияда кара жумушта иштеп үй-бүлөмдү багам. Ал эми жубайым балдарыбыз менен үйдө. Өзүм беш бир туугандын улуусу болгондуктан, өз алдымча бөлүнүп кетүүм керек эле. Ошондуктан кичине тыйын таап жер алып, там салайын деген максатта балдарымдан алыс кара жанды карч уруп иштечүмүн. Кыргызстанга алты айда бир барып турчумун.
Жубайым үчүнчү баламды төрөгөндөн жарым жыл өтпөй алы кетип, буттары талып, башы айланып баштаган. Ал кезде мен кезектеги эс алууда айылда жүргөм. Алгач жубайымдын оорусун олуттуу деп деле ойлогон эмеспиз. Жөнөкөй эле чарчоо экен деп жүрдүк. Бир жумадан кийин оорусу басаңдабаганда ооруканага алып барсак, «каны түшүп кетиптир, шаарга баргыла» дешкен. Райондон облустук ооруканага барып текшертсек, кандын составындагы тромбоцит түшүп, каны кырк эки болуп калыптыр. Тиешелүү анализдердин негизинде «апластическая анемия» деген диагноз коюп беришти.

“Балдызым донор болот”

2016-жылдан бери алты ай сайын жубайыма кан куйдуруп турчубуз. Маал-маалы менен ооруканага жатып дарылоо курсунан да өтүп турчу. Абалы жакшы болчу. Эмнегедир акыркы жылдары дарыланса деле жакшы болбой, кыйнала баштаган. Ошондо бул ооруну Кыргызстанда толук дарылай албаганын билип, чет жерде дарылоонун айласын издей баштадык. Индияда дарыланып жакшы болуп кеткендерди таап, алардан жол-жоболорун сурадык. Оорукана менен байланышсак, «алгач Индияга келип көргүлө, өзүбүз текшерели» дешкенинен төрт ай мурун Индияга келгенбиз. Келгенде бир ай текшерип көрүп, анемиядан тышкары “чучук канды иштеп чыгып бере албай калган” деген экинчи диагнозду коюшту. “Донор таап, анын канынын составындагы клетканы куйса болот. Бул үчүн жакын адамдарынын бирөөсүн донор кылуу керек” дегенинен балдызым донор болуп берүү үчүн келген. Азыр жубайымды операцияга даярдап жатышат. Адатта операцияга даярдоодо организмди күчтөндүрүп, чыңайт го, биздики тескерисинче экен. Тактап айтканда, донордун каны өзүнүн канын жеңип кетүүсү үчүн атайын канды түшүрүп, алсызданткан дарыларды берип жатышат.

“Балам да Даун синдрому менен ооруйт”

Жубайым үчүнчү балам менен кош бойлуу болгондо бөйрөктөрү ооруп, анализдери жаман чыгып абдан кыйналган. Ошондо доктурлар «бул баланы төрөбө, эгерде төрөсөң өзүң да, балаң да оорукчан болуп калат» деп эскертишкен. Өз балабызды кантип өлтүрмөк элек? Болочоктогу балабыз кандай болсо дагы жарыкка келүүсүн чечкенбиз. Дарылануудан соң анализдеринин жыйынтыгы жакшы чыкканын угуп сүйүнүп калганбыз. Өзүн жакшы эле сезип жүрүп, ай-күнүнө жетип уул төрөдү. Бирок төрөт учурунда балам башка балдардай ыйлап түшкөн эмес, үнсүз төрөлгөн. Өз алдынча эмчек да эме албай койгон. Балам күндүзгү саат төрттө төрөлсө, ошол күндүн кечинен баштап эле дене табы көтөрүлүп чыккан. Райондон облустук ооруканага алып барсак, алар витаминдерди жазып берип, «мындан ары дене табы көтөрүлбөйт, бирок балаңар көп жашабайт» деп айтышкан. Ошентип, жакшы тыңып келүүсү үчүн жубайымды өз үйүнө жибергем. Ал учурда балам өз алдынча эмип баштаган эле. Он беш күндөн кийин денеси саргарып, кайра эме албай калганда ооруканага барсак, «башына эт өсүп кетиптир, тез арада операция жасоо керек» деп башына операция жасашкан. Ошондо гана уулубуздун Даун синдрому менен төрөлгөнүн билдик. Ошондон баштап төрт же алты айда бирден ооруканага жаткырып дарылатып, укалоого алып барып, дары-дармектерди берип турабыз. Мурда такыр эле баса алчу эмес, азыр бутун бир-эки кадам жылдырып калды. Бирок өз алдынча баса албайт, жамбашы менен жөрмөлөп жүрөт. Айткан сөздү түшүнөт, бирок сүйлөй элек. Оорусу баштапкы этапта болгондуктан, эгерде убагында дарылатып турсак, беш жашка чыкканча басып кетерин айтышкан доктурлар. Ал уулумду апам көп карайт, азыр да дарыланууга убактысы келип калып, Оштогу облустук балдар ооруканасында жатат.

“Балдарыбызды сагындык”

Бизге жалпы операцияга керектелүүчү сумманы 55 миң доллар деп, бул сумманын жарымын төлөп турсак болорун айтышкан эле. Аны ата-эне, ага-тууган, айылдаш, дегеле жалпы элдин жардамы менен таап келгенбиз. Эми 50 эмес, 80 пайызын төлөгүлө деп жатышат. Андан сырткары он миң долларга химиотерапиясын алды. Башында бир ай бою ооруканада жаттык, үч айдан бери үчөөбүз батирдебиз. Аптасына эки жолу ооруканага барып жатып, анализдерин текшерип турат. Калган күндөрү анализдин жыйынтыгына карап дары жазып берет, аларды үйдөн эле ичет. Бир күндүк дарысына эле 3000 сом кетет, андан сырткары батирге күндө миң сомдон төлөйбүз. Айтор, ичкен-жегенибиз, жол киребиз кошулганда алты миң сом бир күнгө сарпталат. Бияктагы доктурлар «акчаңарды чогултуп алып келгиле» деп да жатышат. Биз азыр 35 миң доллар төлөп койдук, эми дагы 30 миң доллар керек болуп жатат. Жакындарым кайрымдуулук концерттерди уюштуруп акча табуунун амалын кылып жатышат. Өзүбүздүн сатууга мүлкүбүз же жандыгыбыз деле жок. Орусияда иштеп жүргөндө жер тилкесин алып, үйдүн пайдубалын баштап койдук эле, жубайым ооругандан бери ал да токтоп калган. Аны сатыкка койсок да кардар чыкпай жатат. Балдарыбыз «качан келесиңер, апа, айыгып келиңиз» деп ыйлап жатышат. Биз да балдарыбызды сагындык. Балдарымдын тилеги орундалып жубайым айыгып кетсе экен. Бул үчүн сизден финансылык колдоо керек болуп турат. Бизге жардамыңызды бериңиз!

☑️Элсом: 0553 30 39 83
☑️КICB банк: 1280036052969253 сом;
1280036052969354 рубль;
1280036052969556 USD.
☑️Сбербанк: 89652113982

Айгерим Токтобай кызы

СоӊкуКерим Турапов: Мага кыянаттык кылгандар жакшылык көргөн жок
КийинкиДанияр Эрматов: Авиакасса ачуу оңой эмес экен