Негизгиге Менин наристем Бала үчүн мектеп босогосун аттоо кубанычпы же стресспи?

Бала үчүн мектеп босогосун аттоо кубанычпы же стресспи?

289

Бала үчүн мектеп босогосун аттоо кубанычпы же стресспи?

Мектеп босогосун аттоо бала үчүн жашоосундагы эң маанилүү окуялардын бири. Ал баланын келечекке болгон алгачкы кадам таштоосу. Баласын мектепке жетелеп барган ата-энеде да баласынан кем эмес толкундоо, тынчсыздануу болот. Ата-энени тынчсыздандырган негизги маселе – «бала мектепти сүйүп, жан дили менен сабакка берилүүсү үчүн эмне кылуу керек?” деген суроо.

Психолог Ильдар Акбутин: «Баланын окууга көңүлү жок болсо, мектепте ага жакпаган бир нерсе бар»

— Көпчүлүк ата-энелер өзүнө жаккан же атактуу, атайын бир багыттагы мектептерди тандап алып, жети жашынан баштап баланын мойнуна ашыкча жүк жүктөп катачылык кетиришет. Эгерде балаңыздын буга жөндөмү болбосо зордобоо керек. Көп учурда ата-энелер баланын окуусуна шарт түзүп бербей эле окууну талап кыла беришет. Мисалы, күнкарама өсүүсү үчүн ага суу, аба, жылуулук, жарык керектелет, арасынан бир элементи жок болсо эле көңүлүбүздөгүдөй өспөй калат. Ушул сыяктуу эле эгерде балага мектеп, мугалимдери, классташтары жакса, эртең менен окуусуна шашат, дем алуу күндөн кийин мектебин сагынганын айтат, сизге айттырбай эле окууга өзү барат. Эгерде жакпаса, эртең менен эптеп турат, жалкоолук пайда болот, кокустан эле ооруп калат, айтор, мектепке барбоонун айласын издейт. Натыйжада ал баладан жакшы окуучу чыкпайт. Балага мектептеги атмосфера жакпаса өзүн жалгыз сезет, коркот, капалуу жүрөт. Бирок муну сизге түшүндүрө албайт. Окууга каалоосу болбосо, демек, мектепте баары жайында эмес дегенди билдирет. Чоң кишилер деле жумушунда жетекчиси же коллективи жакпаса башка жумуш издегендей эле, эгерде жакпай жатса башка мектепке которуу керек.

СоӊкуАйжан: Уятыма чыдабай ажырашууну каалап жатам
КийинкиНора Сүйүналиева: Темирдин кийимдерин бирөөгө бергенге ыраа көрбөй өзүм кийип алам