Белек кымбат эмес, көңүл кымбат
Белек тартуулоо, негизи, аябай жакшы. Ал эми өзүң бирөөдөн белек алсаң, андан да жагымдуураак. Белектер жүрөккө жылуулук тартуулап, адамдардын ортосундагы байланышты чыңдап, жакындыкты пайда кылат. Ошондуктан жакыныңызга белек тартуулоодо сөзсүз пайдалуу жагын эске алуу менен тандоону унутпаңыз.
Белек берүү маданияты
Эгерде жакыныңызга белек берүүнү чечсеңиз, ал адамдын жаш курагын, табитин, эмнеге кызыгарын эске алганыңыз туура болот. Анан да ага тартуулоочу нерсеңизди алдын ала эртерээк алып койгонуңуз оң.
Эркек кишиге ар кандай таттууларды: торт, момпосуй, печенье берүү туура эмес. Ушул эле принципке таянуу менен айымдарга спирт ичимдиктерин: шарап, коньяк, шампан тартуулоо этикет нормасына жатпайт.
Күчүк, мышык же кичинекей үй ташбакасын белекке берүүнү пландап жатсаңыз, анда сөзсүз түрдө ал адам менен кеңешип, макулдугун алышыңыз керек. Мүмкүн, ал жаныбарларды жактыра бербейт же аларды карап-багууга шарты жок.
Китеп белек кылууга ашыкпаңыз. Анткени, биринчиден, учурда китеп тартуулоо мурункудай актуалдуу эмес болсо, экинчиден, белек бере турган адамыңыз кандай адабияттарга кызыгарын так билишиңиз керек. Атыр белекке берүүдө дагы ушул жагдайларды эске алып койсоңуз ашыкча болбойт.
Кандай гана белек болбосун, сөзсүз жакшынакай кылып жасатып алууңуз абзел. Эгерде белекте баасы көрсөтүлгөн болсо, унутпастан аны алып коюңуз.
Эгерде үйүңүзгө меймандарды чакырып жатып «эч нерсе алып келбеңиз» деген фразаны айткан болсоңуз, өзүңүз дагы бул тартипти карманганыңыз оң. Аларга белек берип ыңгайсыз абалга калтырбаңыз.
Белек берип жаткан адамыңыздын ырым-жырымдарга болгон түшүнүгүнө маани бериңиз. Себеби туура эмес түшүнүп алып, таарынып калышы мүмкүн. Мисалы, бет аарчы – ыйлоону, бычак же вилка – араздашууну чакырат деп эсептелсе, капчык – акчасыздыкка алып келет деген ишенимдер бар.
Белек алуу маданияты
Белекти аларыңыз менен аны берген адамдын көзүнчө ачып, дароо ыраазычылык билдиришиңиз керек. Рахмат айтып жатып белекке эмес, аны тартуулаган адамга тике караганыңыз талапка ылайык. Эгерде туулган күнүңүз болуп бир канча адамдан белек алсаңыз, алардын ар бирине рахмат айтыңыз.
Сизге тартуу кылынган нерселерди салыштырбаңыз жана эмоцияңызды башкара билиңиз. Анткени куттуктап келген меймандарыңыз ар кандай белек алып келери талашсыз. Бирөө кымбатын, экинчиси арзанын, ал эми шарты жоктор куру кол деле келиши мүмкүн. Андыктан баалуусуна аша чаап сүйүнүп, жупуну белекке унчукпай койсоңуз, конокторуңузду таарынтып алышыңыз ыктымал.
Эгерде сиз айым болсоңуз, белекке берилген гүлдөрдү дароо суу куюлган вазага салып койгонуңуз туура. Жөн гана столдун үстүнө коюп коюу, биринчиден, гүлүңүздү соолутса, экинчиден, аны берген адамга карата туура эмес мамилеңизди билдирет.
Эгерде белек берүүчү өзү келе албай бирөөдөн берип жиберген болсо, дароо анын өзүнө байланышып ыраазычылык билдиришиңиз керек. Белегиңизди апкелип берген адамдан рахмат айттырып жиберүү маданияттуулукка жатпайт.
Кээде сизге эч пайдасы тийбей турган белек алып калышыңыз мүмкүн. Андайда «кереги деле жок болчу», «убара болбой эле койсоң болмок» деген сыяктуу сөздөрдү айта көрбөңүз. Жөн гана жылмаюу менен кабыл алып коё бериңиз.
Белек тууралуу кызыктуу фактылар
— Японияда Сүйүү күнүндө мырзалар гана белек алууга болот деген шарт бар.
— Америкадагы белгилүү «Эркиндик» айкелин 1881-жылы француздар америкалыктарга белек кылышкан.
— Эскимостор Жаңы жылга карата белекти өз колдору менен муздан чегип жасашат. Түндүктүн ызгаардуу суугунда алар көпкө чейин сакталат.
— Персияда жаңы үйлөнгөн жубайларга сөзсүз түрдө шахмат белек кылуу салтка айланган.
— Иранда жаңы үйлөнгөндө күйөөсү аялына үй, машина, анан алтын белек кылышы керек.
— Исландияда бир жыл бою тентектик кылган балага жаңы жылдык белек катары чийки картошка беришет.
Асел Эсенбек кызы