Күнүмдүк жашоодо ар кандай майларды көп кездештиребиз. Бирок кайсынысы анык кайсы ооруга керек экенин баамдай бербейбиз. Андыктан ар кандай өсүмдүктөрдөн алынган майлар тууралуу макала сиз үчүн.
☑️Күн карама майы
Курамы майлуу кислоталардан турган күн карама майында 19 % белок, 27% углевод жана А, Р жана Е витаминдери бар. Күн карама майы менен уйку безин, холецистит жана холангит ооруларын дарылашат. Мындан тышкары бул майды медицинада акушер-гинекологдор төрөт алдында жана төрөттөн кийин жатындан кан токтобой жатканда колдонушат.
☑️Рецепт: Уйку без, табарсыктын сезгенүү ооруларын жана холангит оорулары барлар күнүгө 2 аш кашык күн карама майын ачкарын ичип, андан соң оӊ капталы менен 20 мүнѳттѳй жатуусу керек. Бул ыкманы 10-15 күн кайталоо менен оорудан арылууга болот.
☑️Оливка майы
Оливка майы башка майларга караганда сиңимдүү. Бул майдын курамын майлуу кислоталар жана холестерин түзөт. Аталган май жүрөк ооруларынан, диабеттен жана семирип кетүүдөн сактайт. Мындан тышкары астма, жөтөлдү дарылайт. Оливка майы бардык жытты тез эле өзүнө сиңирип алат. Ошондуктан анын оозун жаап, салкын жерде сактоо зарыл.
☑️Рецепт: Астма жана жөтөлдөн кутулуу үчүн бир күндө эки ирет 3 аш кашык оливка майынан ичүү керек. Бул ыкманы эки-үч күн кайталоо жетиштүү.
☑️Зыгыр майы
Зыгыр майынын курамында майлуу кислоталар жана Е витамини бар. Чачты жана бет терисинин абалын жакшыртып, нерв клеталарын бекемдейт. Мындан тышкары бөйрөктүн жана калкан бездеринин иштешин жөнгө салып, иммунитетти көтөрөт. Өтү жана ичегилери ооругандарга зыгыр майын колдонууга болбойт.
☑️Рецепт: Иммунитетти көтөрүүдө жана организмдин калыбына келүүсүнө зыгыр майы чоң жардам берет. Ал үчүн эки ай күнүгө 3 ирет 1 аш кашыктан зыгыр майын ичүү керек. Калкан бези жана бөйрөгү ооругандар да ушул ыкманы колдонушса болот.
☑️Грек жаңгагынын майы
Грек жаңгагынын майы эӊ пайдалуу майлардын сап башында турат. Анда цинк, йод, кальций, магний, темир жана А, В, Д, К, Е, С, РР витаминдери бар. Эң башкысы эркектердин ден соолугун чыңдап ага таасир берүүчү ферменттерге бай.
☑️Рецепт: Грек жаңгагынын майын бүйлө канталап жатканда колдонсо эң сонун натыйжа берет. Пахтаны майга малып алып канап жаткан бүйлөгө койсо ал акырындык менен жакшы болуп кетет. Майы жок болсо жалбырагын майдалап этке басуу да пайдалуу.
☑️Күнжүт майы
Күнжүт майы өз курамына темир, кальций жана бир топ витаминдерди камтыйт. Аталган майды дем алуу органдары ооруганда, жөтөлдө колдонуп келишет. Мындан тышкары күнжүт майы калкан безинин ишин жөндөп, стресстен арылууга жардам берип, эрте картаюуну алдын алат.
☑️Рецепт: Күнжүт майын кант диабети менен ооругандар бир күндө 5 миллиграммдан эки ирет ичүү керек. Бул ыкманы 10-15 күн жасаса кандагы канттын деӊгээли азаят.
☑️Ашкабак майы
Ашкабак майынын курамын майлуу кислоталар жана А, Е витаминдери түзөт. Аталган май простатит оорусунун алдын алары иш жүзүндө аныкталган. Мындан тышкары ашкабак майы зат алмашууну нормалдаштырып, ич катканды, уйкусуздукту, баш ооруну дарылайт.
☑️Рецепт: Уйкусуздуктан жабыркагандар бир күндө 3 жолу тамакка бир саат калганда 1 аш кашык ашкабак майын ичүү керек. Майдын өзүн иче албайм десеңиз бир кесим нан менен аралаштырып жесеӊиз болот. Бул ыкманы бир ай калтырбай жасоо менен уйкусуздуктун түйшүгүнөн кутуласыз.
Ошондой эле ич катканда бир күндө 3 жолу тамакка жарым саат калганда 2 чай кашыктан ичүү зарыл. Бул ыкманы 10-15 күн жасайсыз.
☑️Жүгөрү майы
Жүгөрү майы атеросклероздун өсүшүнө тоскоолдук жаратып, ооруну алдын алат. F жана Е витаминге бай жүгөрү майы боордун, уйку бездин, ичегилердин жана нерв системасынын иштешин жакшыртып жөнгө салат. Мындан тышкары аз кандуулукту дарылоодо жана семирип кетүүдө жүгөрүнүн талканы менен майы колдонулат.
☑️Рецепт: Атеросклероздо тамакка 30-40 мүнөт калганда бир күндө эки жолу 1 же 2 аш кашыктан жүгөрү майын ичүү керек.
Аз кандуулукка каршы пайдалануу үчүн 1 аш кашык жүгөрү талканына 1 стакан ысык суу куюп тыныктыруу керек. Эми аны бир күндө 3 жолу тамактангандан 2 саат өткөндөн кийин 2 аш кашыктан ичип туруу зарыл.
☑️Уйгактын майы
Уйгактын майын канча жылдан бери косметикалык каражат катары колдонуп келишет. Ал чачтын жана кирпиктин тез өсүшүнө гана жардам бербестен кан айланууну жакшыртып, жара жана кесилип кеткен жерлердин айыгышын тездетет.
▶️Сулуулукта: Тырмакты катуу кылып, түптөрүн бекемдейт. Ал үчүн атайын идишке жылуу суу даярдап ага уйгактын майынан 3-4 тамчы кошуп аралаштырыңыз. Даяр болгон массага колуңузду 15-20 мүнөт салып туруңуз. Бул ыкманы бир жумада эки жолу жасаш керек. Мындан тышкары уйгактын майын бетке жасалуучу ар кандай маскаларга кошуп да колдонсо болот. Дерматокосметологдор безеткини кетирүүдө жана башка тери ооруларына уйгактын майын сунуштап келишет.
☑️Кастор майы
Кастор майы ич катканда тез арада жардам берүүчү эң сонун каражат. Чоң адамдар бир аш кашык, балдар бир чай кашык кабыл алышса болот. Медицинада кастор майын теринин кератозу, чакалай, темир өткү жана сөөлдү дарылоодо колдонушат.
Сулуулукта: Чачка коюлуучу бардык маскаларга кастор майын колдонсоңуз болот. Ал эми кирпикти өстүрүү үчүн күнүгө кечинде кирпигиңизге атайын кичинекей щетка менен кастор майын сүйкөңүз. Мындан тышкары кастор майын бетке коюлуучу бардык маскалардын курамына кошуп колдонсоңуз болот.