Татынакай жасалгалуу тырмак — аялзатын сулуу көрсөткөн атрибуттардын бири. Тырмакты жасалгалоо Европада жана Орусияда ХIХ кылымда эле пайда болгон. Бара-бара тырмакты жасалгалап жүрүү элиталарга, ак сөөктөргө таандык көрүнүшкө айланып, кымбат кызматты ак сөөктөр гана пайдаланышкан. Азыр болсо элиталар колдонуп келген кызматты ар ким колдоно алат.
▶️Маникюр — табигый тырмакты жасалгалоо жолу менен узартуу, ар кандай формага келтирүү жана аны атайын акрил жана гель каражаттарынын жардамы менен кооздоо. Жаратылышынан тырмак катуу болсо, аны өстүрүп табигый формасын жоготпой кооздоп алып жүрүү да маникюрга кирет. Учурда тырмакты жасалгалап өстүрүүнүн кеңири тараган эки түрү бар. Алар — акрил жана гель.
▶️Акрил тырмактары
Убакыттын өтүшү менен чеберлер акрил боёгунун жардамы менен фантазиясына жараша тырмактарга сүрөт тартып айымдарга кубаныч таруулап жатышат. Акрил боёгу сулуулук чөйрөсүндө жакында эле пайда болсо да, тез аранын ичинде популярдуулукка жетишти. Акрил тырмактарын акрил порошогун ликвид суюктугу менен жакшылап аралаштырып алып катырып жасайт. Тырмакты жасалма өстүрүү 1300 сом, ал эми ар бир тырмакка тартылган сүрөт 20 сомго бааланат. Акрил менен өстүрүлгөн тырмакты кайра ажыратуу 300-500 сом турат.
▶️Акрилдин жардамы менен өстүрүлгөн тырмактын оң жактары
— Акрил тырмагы бекем жана бышык болот.
— Акрил тырмагы ичиндеги табигый тырмактын өсүшүнө тоскоолдук жаратпайт.
— Боёкту бир учурда бир топ өңдөр менен аралаштырууга болот жана жагымсыз жыты жок.
⬇️Акрилдин жардамы менен өстүрүлгөн тырмактын терс жактары
— Акрилди тырмактан ажыратып алганда тырмактын үстүңкү катмары сыйрылып, ал жылтырап турган абалын жоготот.
— Ичиндеги тырмактын өсүүсүнө жолтоо болбогону менен анын дем алуусуна терс таасир этет.
▶️Гель тырмактары
Ультра көгүлтүр менен коюу гелдин аралашуусунан улам гель тырмактары жасалат. Тырмакты жасалма өстүрүү 1000 сом, ал эми ар бир тырмакка тартылган сүрөт 20 сомго бааланат. Акрил менен өстүрүлгөн тырмакты кайра ажыратуу 300-500 сомго чейин бааланат.
⬇️Гель тырмактарынын оң жактары
— Гель ичиндеги табигый тырмактын дем алуусуна мүмкүнчүлүк берип, абаны өткөрүп турат.
— Гель тырмактары табигый тырмактай тептегиз болот.
⬇️Гель тырмактарынын терс жактары
— Гель тырмагы бат сынат, морт болот.
— Аба алмашканда гель тырмактарында жарака пайда болот. Жарака кетип калган гель тырмакты кайрадан жасалгалоого туура келет. Себеби гель тырмактарын оңдоп-түзөөгө болбойт.
▶️Тырмак эмнеден бузулат?
— Акрил, гель менен тырмактарды өстүрүү тырмактын бузулушуна алып келет.
— Курамында ацетону бар каражаттар тырмактын жылмакай катмарын сыйрып, анын бекемдигин жоготот.
— Кир жана майды кетирүүчү каражаттар тырмакты жумшартып, морт кылат.
— Тырмактын учун тиштегилей берүү адаты да тырмактын бузулушун шарттайт.
▶️Тырмактарды чыңдоо
— Тырмактарыңыз морт, жумшак жана сынма болсо, күн сайын лимондун ширеси менен тырмагыңызды сүртүп, 10-15 мүнөт туздуу жылуу сууга салып, андан кийин зайтун же кастор майы менен сүртүп туруңуз.
— Тырмакты бекемдеп катуу кылгыңыз келсе, күн сайын гигиеналык помаданы тырмагыңызга сүйкөп турсаңыз жакшы натыйжасын берет.
— Тырмагыңыз бузулбаш үчүн идиш-аяк, кир жууганда, жер иштеткенде же сырт жумуштарын кылганда колуңузга чак, ыңгайлуу кол капты кийип алыңыз.
▶️Маникюр кийим менен айкалышуусу керек
— Лакты кийимиңизге жана аксессуарларыңызга ылайыктап тандаңыз. Мисалы, кызыл көйнөк кийсеңиз, тырмагыўызды жашыл өңгө боёп алсаңыз болот. Ошондой эле сумка, шарф же туфлиңиздин өңү тырмактын өңүнө окшошуп, аны толуктап турганы жакшы.
— Көк менен көгүлтүр, кызгылт көк менен сары, кызыл менен саргыч, көк менен жашыл өңдөр бири-бирин толуктап турат. Учурда бул өңдөрдүн бири-бирине айкалышуусу маникюрда гана эмес, кийинүүдө да мода.
— Ар бир өңдүн кошумча түстөрү бар. Алар дайыма бири-бирине айкалышат.
▶️Маникюрдун негизги эрежелери
— Бир өңдү чыгарам деп эки лакты бирдей кат-кат кылып боёбош керек, бул учурда тырмагыңыз көркүн жоготуп, жагымсыз көрүнүп калат.
— Лак өчпөй көпкө сакталсын десеңиз, боёрдун алдында колуңузду самындап жууп, жылуу сууга 10-20 мүнөт кармап туруңуз.
— Эреже боюнча тырмакты түбүндөгү эттен тырмактын учуна чейин бир тартып боёо керек. Ал эми эки кырын кичине калтырып коюу туура эмес. Ар дайым жаныңызга тырмак өгөөсүн, лак, кайчы же тырмак алгыч ала жүрүңүз.
— Тырмак түбүндөгү этти кеспей, күн сайын атайын аспаптын жардамы менен ичкери карай түртүп коюу керек. Ал эт сыртка кайрылып чыгып, ооруну пайда кылып ыңгайсыздык жаратпашы үчүн күнүгө кечинде колду жууп, андан соң майлап коюу абзел.