Негизгиге Пайдалуу кеңеш Организмди тазалоо менен оорулардын алдын алыңыз

Организмди тазалоо менен оорулардын алдын алыңыз

6464

Тамак менен суу — адамдын жашоосуна керектүү алмашкыс азыктардын бири. Аны адам өмүр бою канча ичип-жерин эсептөө мүмкүн эмес. Бирок окумуштуулар 70 жаштагы адамдын 70 жашка чейин канча тамак кабыл алганын орто эсеп менен эсептеп чыгышкан. Көрсө, адам өмүр бою 50 тонна азык, 42 тонна суу кабылдайт экен. Ушунча тамакты кабыл алган организмибиз тазалоого дуушар болот. Себеби организмге ар кандай шлактар толуп, ал таштандылардын жайына айланат да, адамды эрте картаюуга түртүп, аны менен катар оорулардын жаралышына себеп болот.

ИЧЕГИЛЕРДИ ТАЗАЛОО
Ичегилерге шлак толгондо адамда ар кандай оорулар, ашыкча салмактуулук пайда болуп, чачыңыз түшө баштайт. Ошондуктан биринчи кезекте ичегилерди тазалоо керек. Ичегилер тазалангандан кийин адамдын иммунитети көтөрүлүп, чачтын түшүүсү азайып, адам арыктай түшөт. Арыктаган адам ар дайым өзүн жеңил алып жүрөт эмеспи.

☑️Бал.1 стакан сууга 1 аш кашык балды аралаштырып тамактын алдында бир күндө 3 маал ичүү керек. Бул ыкманы 1-1,5 ай бир дагы күн калтырбай жылына 3-4 жолу жасаңыз. Балдын таасири менен ичегилердеги оорунун өсүшүнө шарт түзгөн микрофлоралар тазаланып, анын иштешин жөнгө салат. Жыйынтыгында витаминдер жетчү жерлерине тоскоолдуксуз жетип организмге пайдасын тийгизет.

☑️Сүт. 1 стакан сүттү бышырган соң аны бир сутка коюп коюңуз. Андан кийин ага 1 аш кашык күн караманын майын аралаштырып жатар алдында ичиңиз. Бул ыкманы жатар алдында гана ичүү сунушталат, ал эми эрте менен ач карын 1-2 даана алма же кызыл кызылчанын ширесин ичүү керек.

☑️Кефир. Бир жумада 3 күн бир гана кефир ичүү менен ичегилерди тазалаңыз. Ал үчүн күнүгө эрте менен ач карын клизма жасап, андан соң эртеден кечке жарым литрден 3 литрге чейин кефир гана ичүү керек. Курсагыңыз аябай ачып чыдабай баратсаңыз, 1-2 кесим кара нан жеп койсоңуз болот.

⬇️БООРДУ ТАЗАЛОО
Боорго туз уюп, шлактар толуп калган учурда адамдын тамакка болгон табити жоголуп, баш оору, уйкусуздук тынчыңызды алып, көздүн алдына кара тактар чыга баштайт. Боор тазалангандан кийин жүзүңүздөгү кара тактар кетип, калгандары акырындык менен калыбына келе баштайт.

☑️Ширелер. Сабиздин, кызыл кызылчанын жана алманын ширелерин бир күндө 5-6 маал бир стакандан эки жума ичиңиз. Биринчи жумада эле ал өз натыйжасын берет. Ширени ичип жатканда ичиңиз өтсө, анда таасирин берип жатат деп билсеңиз болот. Бул ыкманы бир жылда 3-4 жолу эки жумадан жасап туруу сунушталат. Боорду тазалап жаткан маалда муздак суу жана муздак тамак-аштарды ичпөө керек. Мындан тышкары жаныбарлардын майларын, сүт азыктарын, куурулган тамактарды жана кандайдыр бир дары-дармектерди ичпей туруу зарыл. Боорду тазалап бүткөн соң клизма жасап ашказанды тазалоо зарыл.

☑️Кара түрп. Бир жолку тазалоого 10 килограмм кара түрп кетет. Алгач түрптү эт майдалагычтан же шире чыгаруучу аппараттан өткөрүп алуу зарыл. Даяр болгон ширени муздаткычта кармаңыз. Ал эми ширесинен калган бөлүгүн 1 килограммына 300 грамм бал же 500 грамм кумшекерди аралаштырып бир күндө 3-4 маал тамактангандан кийин 1 аш кашыктан жеп турсаңыз болот. Ширесин бир күндө тамактангандан жарым сааттан кийин 1 чай кашыктан 3-4 маал ичиңиз. Эгер бооруңуздун ооруксунтуусун сезбесеңиз, анда анын кабыл алуу өлчөмүн күндөн-күнгө көбөйтүп олтуруп 1 стаканга жеткириңиз. Ширени ичкен күнү бооруңуз ооруса, анда боорго туздардын уюп калышынан кабар берет. Бирок ооруганына карабай иче берсеңиз, бооруңузду тазалап аласыз. Бул ыкманы 10 литр шире түгөнгөнчө кыласыз.

⬇️БӨЙРӨКТҮ ТАЗАЛОО
Бөйрөккө туз толуп, шлактар менен бүтөлүп калган учурда адамдын кан басымы тез-тез көтөрүлүп, колу-буту жана көзүнүн алды шишип, тери кургап түлөй баштайт. Бөйрөк тазалангандан кийин кан айлануу жакшы жүрүп, кан басымы нормалдашат да, баш оору жоголот, көздүн алдындагы шишиктер кетет, тери жумшарып жылмакай болуп калат. Мурун тез-тез чарчоо болсо, эми тез чарчоодон арылат.

☑️Бадыраң. Организмди бадыраң менен тазалап жатканда бадыраңдан башка эч нерсе жебеш керек. Бир күндө 1,5-2 килограмм бадыраңды тузга малбай, өзүн гана таңкы 7ден түнкү 11ге чейин жеш керек. Эгер курсагыңыз ачып чыдабай баратсаңыз, сууга бышкан картошкадан 3-4 даана тузга салбай, өзүн эле жеп койсоңуз болот. Бул ыкманы бир айда 4 жолу 3 күндөн жасаңыз, тагыраагы, жума сайын жасоо сунушталат.

☑️Ит мурун
Бир түп ит мурундун тамырын майдалап кесип аласыз. 1 стакан майдаланган ит мурундун тамырына 6 стакан суу куюп, анын 2/3 бөлүгү калгыча жай отко кайнатасыз. Даяр болгон соң тундуруп алып бир күндө 1 стакандан 4 маал тамактанар алдында ач карын ичесиз. Бул ыкманы бир жылда бир жолу бир айдан ичип турасыз. Эгер ит мурундун тамырын таппасаңыз, анда анын мөмөсүн колдонуңуз. Ал үчүн 1 стакан кургатылган же жаңы үзүлгөн мөмөсүн жууп бир литрлик банкага салып, үстүнө кайнаган суу куюп оозун жаап коёсуз. Жарым сааттан кийин иче берсеңиз болот. Бул тундурманы суунун же чайдын ордуна ичкенди адатка айлантсаңыз да болот. Бул ыкма бөйрөктү майда таштардан тазалайт.

☑️Ширелер. Петрушка, сельдерейдин ширелерин бөйрөктөгү ташты тазалоодо жана заара чыгаруучу жерге кум сыяктуу таштар туруп калганда ичүү сунушталат. Бул ширелерди өзүн иче албайм десеңиз, анын теңине алманын ширесин же газдалбаган таза сууну аралаштырып бир күндө 4-5 маал тамактанарга жарым саат калганда ичип жүрсөңүз болот. Аталган ыкманы бир жума жасоо керек.

⬇️МУУНДАРДЫ ТАЗАЛОО
Муундардын буулуп калдыктарга толуп калышы адамды инфаркт, инсульт баш болгон бир топ ооруларга алып келгенден тышкары териге да бат бырыш түшүрө баштайт. Ал эми муундар тазалангандан кийин чачтын түшүүсү басаңдап, теринин абалы жакшырат. Себеби муундардын ар кайсы бурчунда турган майлар кетип, кан жакшы жүгүрүп организм кан менен толук камсыздала баштайт. Кан толук камсыздалып турса, анда оорулардын алдын алган болосуз.

☑️Сарымсак. 150 грамм сарымсакты майдалап банкага саласыз да, үстүнө 150 мл спирт же арак куюп оозун жакшылап жаап, күн тийбеген салкын жерге 10 күн коюп коюңуз. 10 күндөн кийин анын ширесин дакиден өткөрүп алып дагы 3 күн оозун жабык абалда муздаткычка же салкын жерге сактаңыз. Даяр болгон соң 50 грамм сүткө же сууга 20 тамчы тамчылатып күнүгө тамактанарга жарым саат калганда 3 маалдан бир ай ичиңиз. Эгер сарымсактын жыты жакпаса, анда анын ордуна грек жаңгагынын ичиндеги чел кабыгын колдонсоңуз болот.

☑️Лимон аралашмасы. Алгач 2 даана лимон менен 2 даана апельсинди майдалап туурап, ал эми кабыгын эт майдалагычтан өткөрүп алуу керек. Даяр болгон массага 2 аш кашык балды аралаштырып бир күндө 3 ирет тамактанарга жарым саат калганда 2-3 аш кашыктан бир ай жеп туруу керек.

ℹ️Эскертүү: организмди тазалоо учурунда газдалган суусундуктардан, фабрикаттардан, тез татымдардан, ун азыктарынан жасалган тамактардан баш тартыңыз.

СоӊкуДен соолукка пайдалуу ѳсүмдүк майлары
КийинкиКызганчаак адам менен кантип жашоо керек?