“Келиним алты жолу таажы вирусуна анализ тапшырып, баары таза чыккан”
— Кайним менен жубайы эгиз уулдарынын жарыкка келүүсүн чыдамсыздык менен күтүп жатышкан эле. Келинимдин кош бойлуулугу жакшы өтүп, убагында анализдерин тапшырып, жеңил эле жүргөн. Эгиздерди көтөрүп жүргөндөй деги бир кыйналган эмес. Анан эле сегизинчи айынан бир жума өткөндө кан басымы көтөрүлүп, ооруканага жаткырышкан. Доктурлар “эртерээк эле төрөй берүүсү керек” деп сегиз жарым айында эле кесарево жолу менен төрөтүп алышты. Тилекке каршы, ооруканада 14 күн жаткандан кийин эгиз балдарын таштап жарык дүйнө менен кош айтышып кете берди. Негизи келинибиз Бишкектеги 2-төрөт үйүндө көз жарган. Анан төрт күн өткөндөн кийин эле орун жоктугун айтып 4-төрөт үйүнө которуп коюшат. Ал жакта бир нече күн жаткандан кийин “бул биздин бейтап эмес” деп кайрадан экиге которушуптур. Бул убакта балдары 4-төрөт үйүндө калат. Келинибизди таажы вирусунан улам каза болду деп жатышат. Бирок ал андай оору менен ооруган эмес. Алты жолу аты жаман вируска анализ тапшырып, баары таза чыккан. Акыркысында гана пневмония деген анализ жыйынтыгын алганбыз. Менин оюмча доктурлардын эле кемчилиги болуп калды, алар келинибизди карабай коюшту. Себеби, өзү деле доктурларга “өзүмдү алсыз сезип жатам” деп айтса, алар “төрөгөндө ошентип алсыз болуп, акырындык менен жакшы болосуң” деп урушуп коюшуптур. Апасына да ыйлап айтыптыр. Кудагыйыбыз менен кайним оорукананы айланып эле жүргөнү менен, карантинге байланыштуу ичине киргизбей коюшкан. Айткан дарыларын сатып келип берип эле сыртта калып жатты.
“Кайнимдин күтүүсүз сунушунан баш тартпадык”
Жолдошумдун уругунда эгиздер бар. Менин кайнатам менен кайнимдин атасы бир тууган, эгиз ага-инилер. Жолдошум экөөбүзгө да Кудай эгиз бала берип, кайра алып койгон, экөө тең чарчап калган. Кайним менен келиним эгиз балалуу болорун билип абдан сүйүнүп жатышкан. Биз абысыным экөөбүз абдан жакын элек. Ал бизге 20 жашында келген, ошондон бери абысындардай эмес, эже-сиңдидей ынтымактуу болдук. Келинибиз жерге берилгенден кийин кайним тууган-туушкандарыбыздын, куда-сөөктүн көзүнчө “багып алабыз десе балдарды байкем менен жеңеме берем” деп оюн ортого салган. Мындай сунуш бизге күтүүсүз болду. Балдарды ойлоп жаман болуп, бир тууган болгон соң чогуу багабыз деп ойлоп жатканбыз. Анан кайнимдин сунушуна жолдошум экөөбүз дароо эле макулдугубузду берип, балдарды алып айылга келе бергенбиз. Анын эгиздерден башка бир кыз, бир уулу бар. Улуусу 5те, кичүүсү 3тө. Аларды атасы карап жатат..
“Балдарды бага албасаңар бизге бергиле” дегендер болду”
Биз Кочкор районунун Кара-Суу айылында турабыз. Жолдошум экөөбүз беш баланын ата-энесибиз. Балдарыбыздын улуусу 10-классты бүтсө, кичүүсү бир жашта. Бир ай мурда бүлөбүзгө эгиз балдар кошулуп, буюрса, жети балалуу болуп отурабыз. Бир жашар кызыбыз да эмчек эмчү да, азыр үчөөнү бирдей эмизип жатам. Анан албетте, кошумча тамаксыз болбойт. Айылдагы орто жашаган үй-бүлөлөрдөнбүз. Жолдошумдун туруктуу жумушу жок, бирин-экин мал менен эле тиричилик кылабыз.
Биздин келинибиз тууралуу маалыматты ырчы Анжелика угуп инстаграм баракчасына «жардам берсеңиздер болот» деп жазган эле. Ошондо элдер ар кандай сөздөрдү айтышты. «Акча керек болуп жатса бизге саткыла», «эгерде бага албасаңар эмнеге алдыңар» деген билдирүүлөр келди. Чалып да айтып жатышты. Мындай сөздөрдү укпаган жаным башында ыйлап жүрдүм. Ошол эле учурда жардамын аябай колунан келгенин берип жаткандар да бар. Албетте, балдарыбыз үчүн биз баарына даярбыз, баарын табууга аракет кылабыз. Келечекте эч нерседен кем кылбай өстүрүүгө умтулабыз. Эгерде араңыздарда балдар үчүн жардам бергиси келген кайрымдуу инсандар болсо жардам берсеңиздер балдарыбыз үчүн чоң салым кошкон болосуздар. Биз да балдарыбыз үчүн аракет кылуунун үстүндөбүз.