Бирѳѳнүн тагдыры бирѳѳгѳ табышмак. Ошондуктан башкаларга сын айтуу дайым жеңил. Түркүн сыноону башынан кечирип келген айым ымандай сырын ачат. Бул адамды сындап чыгуудан мурда, буга окшогон тагдырлардын санын азайтууга салым кошуп, уулдарды туура тарбиялоо тууралуу ойлонгонубуз оң окшойт.
— Билесизби, менин балалыгым жомоктогудай эле. Кудум китепке кѳркѳмдѳп жазып койгондой бактылуу, кемчиликсиз болчу. Атам менен апамдын урушуп, үйүбүздѳ ызы-чуу болгонун эч эстей албайм. Атам аялга кол кѳтѳрүү дегенди билбеген жан. Алты баласын апама түртѳ салбай аябай камкор бакканын баары ушул кезге чейин айтышат. Ушундай ынтымактуу үй-бүлѳдѳ улуусу кичүүсүнѳ, эркеги кызына болушуп, кам кѳргѳн тарбияда ѳстүк. Ушундан улам бизде эртеңки күнгѳ тынчсыздануу, бир нерседен коркуу деген жок эле. Тилекке каршы, турмуш жолуна аттанган соң ар кимибизди ар кандай тагдыр тосуп, кѳзүбүзгѳ жаш алган күндѳр болду. Баарынан бак айтпаган шордуусу мен болдум. Ата-энем менен бир туугандарымды беймазага салганым үчүн азыр да ичим тызылдап, кѳкүрѳгүм эзилип кетет.
***
Кайрат менен ишим аркылуу таанышкам. Мен анын кардары элем. Мен издеген сапаттуу кагаздарды ошол адамдан таап, жакшы иштешип калдык. Кийин анын аракети менен жакындан таанышып, кыз-жигит болдук. Жаштыгым деле калган эмес. Улуу бир туугандарым эле эмес, иним үйлѳнүп, сиңдилерим да турмушка чыгып кетишкен. Ата-энем жалгыз бой жүргѳн менин гана бактымды тилеп калышкан эле.
Кайрат аябай сылык, камкор, баарын ойлонуштуруп турган жан экен. Мен үчүн кам кѳрүүсү адам суктанарлык эле. Жашоомдо ушундай жакшы адам пайда болгонуна кубанып, буга чейин сезип кѳрбѳгѳн кубанычтуу сезимге кабылып, бактылуу жүрдүм. Кѳп ѳтпѳй турмуш курдук. Мен үчүн күндѳр жомок болуп кеткендей эле болду. Тилекке каршы, жомогум ѳтѳ кыска болду.
***
Ал жумушка аябай эрте туруп кетчү. Жашаганыбызга жарым айдай болгон. Эртең менен жумушка бирде узатсам, чарчаган кээ күндѳрү узата албай калып жаттым. Ошол күнү да конок узатып кеч жатканга катуу уктап калыптырмын. Ичиме тийген катуу соккудан атып турдум. Аябай чочуп кеттим. Кайрат маңдайымда калчылдап туруптур, сѳгүнүп атат. Эмне болуп кеткенин эч түшүнбѳй алактап шашып калдым. Аңгыча:
— Эй, мобуну кантип кием? Кир экенин кѳрдүң беле? – айкырып туруп жаакка чаап жиберди.
— Кайрат, эмне болуп атасың?
— Атаңдын башы, уктуңбу? Тур, жуу! – Ак футболканы колума карматып сыртка түрттү.
Баары түшүм сыяктуу. Кайрат эмне үчүн мынчалык ачууланды? Ооба, ак футбалкасын аябай жакшы кѳрѳрүн айткан. Кирдеп калганын ѳзүм да байкагам. Бирок опур-топур киши келип, колум тийбей жуулбай калган. Бирок ал болбосо башка кийимин кийип турса болот го. Анан сѳзсүз чаап, тээп, сѳгүш керекпи? Ушул бир кийим үчүнбү? Мен эч качан мынчалык ыза болуп кѳргѳн эмесмин. Мени эч ким чапкан эмес. Керек болсо атам менен апам да чапкан эмес. Жаш балача озондоп ыйладым. Биздин ызы-чуудан ойгонгон кайненем баласын урушуп жатканын угуп аттым. Ал кеткен соң гана ваннадан чыктым. Кайненем мени күтүп отуруптур. Чынында, ал абдан жакшы адам. Мени сооротуп, уулунун ушундай ит кыялы бар экенин айтып капа болду. Эч кимге айтпай кечирип коюшумду суранды. Ыйлап-ыйлап калып калдым. Күн бою Кайраттын байланышып, кечирим суроосун күттүм. Жок. Кечинде эч нерсе болбогондой келип, кадимкисиндей жүрдү. Эртең мененки окуяны унутуп салгандай тим эле.
Беш күн ѳтпѳй тамагым жакшы болбой калган үчүн чыны менен далыга урду. Ал иштеп, чарчап келсе мен жакшы тамак кылбай коюптурмун. Ары карап турганымда урулган идиш жерге түшүп чачырап сынып кетти. Айнектерди терип атсам башка дагы бир чапты. Анан чаң соргучту алар иштеткендей иштетпегеним үчүн, гүлдѳргѳ суу куюлбай калган үчүн, катуу күлгѳнүм, акырын сүйлѳгѳнүм үчүн да кагуу жеп, ыгы келсе бир сокку алчу болдум. Кечээ эле мени айланчыктап, алаканына салып жүргѳн жигитимдин мындай күйѳѳгѳ айланып кетиши башымды маң кылды. Жарым жыл кайненемдин кийлигишүүсү менен чыдадым. Бир күнү да коноктон келген соң болбогон нерседен шылтоо таап босогону аттаарыбыз менен сабап баштады. Конокто бактылуу болуп, эркелешип жакшы эле отурганбыз. Элден бѳлүнѳрүбүз менен мындай мамиле кылганына ачуум кайнап, мен да албууттандым. Түн ортосу экенине карабай такси чакырып, ата-энеме кетүүгѳ камындым. Кайрат кебелбей: “Кетип эле кѳр. Ушулар тууралуу ата-энеңе айтып эле кѳр”, — деп чиренет. Баары бир тең да, ушул тоготпостугу бир тең болду. Кайненем болсо ортобузда күйпѳлѳктѳп бир жалынып, бир урушуп чуркап жүрѳт. Энесин деле тоготуп койгон жери жок. Кайненемдин кебин жерге калтырбайын деп ал түнү тынчып калдым. Кайрат жатып алган соң апасы ѳз тагдырын айтып ыйлап, зээнимди кейитти. Анын айтуусу боюнча, кызыл камчылык булардын канында бар экен. Ѳзү да ѳмүр бою, керек болсо куда-сѳѳк күтүп ак сакал болуп калганында да таяк жечү экен. Кайненемдин күйѳѳсү ѳлгѳнчѳ токмоктон кутулбаганын укканда мен да азап күнгѳ түшкѳнүмдү билдим. Кайрат эле эмес, агалары, иниси да кызыл камчы экен. Абысындарымды да кайненем калкалап, жашоосу бузулбаса экен деп тынчсызданып жүргѳнүн билдим. Сыртынан сыр бербей мага кыр кѳрсѳтүшкѳн абысындарымдын да мен сыяктуу ур-токмок менен жашашарын укканда аларга аябай боорум ооруду. Кайненем: “Мен да ушинтип токмок жеп жашадым. “Малдуу катын куйрук жейт, эрлүү катын таяк жейт”. Чыдап кой, кийин сен жеңесиң. Мына, мен деле чыдап жүрүп азыр уул-кыздарымдын тѳрүндѳ отурам”, — деп мени алдап-соолады. Жок, анын бир да сѳзү мени соороткон жок. Күйѳѳ сѳзсүз сабаш керек деген ушуларда эле болбосо, мен ѳз тарабымдан мындайды кѳргѳн эмесмин. Кайрат ишине кетери менен мен да чыгып кеттим. Атам менен апамдын алдына жетип буркурап ыйлап, болгонун айттым. Экѳѳ эки жерде эрдин тиштеп, ойго тунуп калышты. Аларга мындай кайгы алып келгеним үчүн ѳзүмдү аябай жек кѳрдүм. Эки күндѳн кийин Кайрат кайненем, улуу абысыным болуп келип кечирим сурап, убаданын түрүн айтып отуруп мени алып кетишти.
Бир айдай тынч жашадык. Кайрат баягы адатын кайра баштады. Болбогон бирдемеге заматта ачууланат да, анысы адамды бир урмайын басылбайт. Бир урду дегенче токтоно албай калган жиндидей тепкилеп, колуна тийгенди талкалап жиберет. Анын бул кылыктарын жатка билип, чабарында буйтай качып, жеткирбей бекине калганга да үйрѳнүп бүттүм. Бара-бара булардагы кызыл камчылык тукум куубай эле, мээлерине сиңип калган чирик тарбия экенин билдим. Кайненемдин айткандарын угуп, абысындарым менен сүйлѳшүп, интернеттен маалыматтарды карап отуруп бул жѳн гана адамдын мээсине кирип алган бузук программа экенине ынандым. “Атам урчу, мен да урушум керек”, “агам деле уруп атат, менин да аялым токмок жеши керек”, “биз ушундай катуу эркектердин тукумубуз. Бизде чоң муштумдук башынан бар” деп аны сыймык кѳрүп алышыптыр. Ушуну билгенден кийин кайненемдин басса-турса “булар атасын тартышкан. Атасы да ушундай болчу” дей бергени кыжырымды келтирчү болду. Балдарына ушинтип тынымсыз айтып, кулактарына куя берип баарын апасы кызыл камчы кылыптыр деп калдым.
Кайраттын токмогу токтогон жок. Эки жылда үйүмѳ канча жолу качтым. Эки ирет боюмдан түштү. Ыйымдан ата-энем да чарчап, мындай жашоого “чыда” дешке түтпѳй калышты. Акыркы жолу барганымда атам биротоло ажыраш деди да, адатынча ээрчишип келген күйѳѳм менен кайын журтумду босогону аттатпай узатты. Ошол эле күнү бир туугандарым менен барып кийим-кечемди алып келишти. Ушул кадам мени кадимкидей эс алдырды. Бир балээден кутулгандай жүрѳгүм ылдыйлап, кѳңүлүм тынчыды. Артка кайтпаска ѳзүмѳ сѳз бердим.
***
Ушул учурда мени корей дүйнѳсү кызыктырды. Тилин үйрѳнүп, жеринен таанышууга аябай кызыкдар элем. Борборубузда корей дүйнѳсүн кѳрсѳткѳн бир ишканада иштечүмүн. Бир күнү корей улутундагы менден эки жашка кичүү кесиптешим чоң сюрприз жасады. Мен эч качан андан мындай кадам күткѳн эмесмин. Мени жактырарын айтып таң калтырды. Ал жигиттин жакшы аракеттери токтобогондуктан “эмнеге кайрадан турмуш баштоого болбосун” деген ой жандана баштады. Бул кезде жалгыз бой жүргѳнүмѳ тѳрт жыл болгон. Оюм бышкан кезде ата-энеме айтса алгач эч нерсе дешпеди. Каршылыктары ушул го деп жүргѳн бир күнү “эгер ѳзүң бул кадамды туура деп тапсаң биз каршы эмеспиз. Кыргыздан ачылбаган бактың ошол корейден ачылар” дешти. Чын эле, кыргыздын кызыл камчысына кор болгончо, башка улуттун уулуна эркелеп жашасам жаманбы? Ушул ой мени чоң үмүткѳ жетеледи. Кѳп ѳтпѳй ал ата-энемдин алдынан ѳттү. Салт-санаа, жѳрѳлгѳлѳрүбүздү толук аткарууга аракет кылдык. Байкемдин талабы менен ал биздин динди кабыл алды. Анан Кореяга учуп кеттик.
Ошол маалда биздин дарекке “кыргызда эр калбай калгансып”, “кыргызды чанып тапканы ушул экен, эми муну менен канчага чейин жашаар экен?”, “кызын ит жеген элге берип”, “кызына ээ боло албай” деген кептер айтылган. Мурунку жашоомду билбегендер айта берет деп баарына кулак жапырып, кѳз жумдум. Бирок мен үчүн ата-энемдин да жагымсыз сѳздѳрдү укканына капа болдум. Мага билдирбегенге аракет кылгандары менен болбой эле ичтеринде кыжалат болуп жатышты. Анда дагы бактылуу болуу менен алардын ак эмгек, ак сүтүн актайм деп чымыркандым. Бирок бул жолу да тилегимди таш капты. Мага жомок сезилип, кызыктырган корей дүйнѳсү учактан түшѳрүбүз менен кыйрады. Бул күйѳѳм бир сѳз менен айтканда эч кими да, эч нерсеси да жок итке минген жан экен. Кыргызстанда кыйратып ийген иши жок, улутташтарынын арасында бир кара жумушчу гана болгонунун себебин ошондо билип, бармагымды тиштедим. Кыялым кыйраган эле күнү артка, мекенге кайтуунун жолун ойлой баштадым. Бакыттан үмүт кылып отуруу акылы жоктун иши болмок. Тымызын кам кѳрүп жүрүп ыгы келген күнү токтоосуз ѳз жериме келдим. Жалгыздыкты биротоло тандадым.