Негизгиге Адамга адам тирек Айнура: Небереме операция жасалса эле сүйлөп кетет экен

Айнура: Небереме операция жасалса эле сүйлөп кетет экен

127

Айнура: “Небереме операция жасалса эле сүйлөп кетет экен”

Алты балалуу эне беш жашар небересинин келечеги үчүн жардам сурап кайрылды. Себеби кызы да өз кызынын келечеги үчүн каражат табуу максатында чет жерге иштөөгө кеткен. Ансыз деле жашоосунда көп кыйынчылыкты башынан өткөргөн энеге небересинин оорусу дагы бир чоң сокку болду.   

“Курбум чыккынчылык кылып үйсүз калганбыз”

  • Мен Токтогулдан болом. Жолдошум нерв оорусу менен ооруйт, экинчи топтогу майып. Дарынын жардамы менен жашайт. Өзүм кант диабети менен ооруйм. Беш кыз, бир уулдун энесимин. Дагы бир уулум 12ге чыкканда көмүр басып каза болуп калган. Турмуш-шартка байланыштуу Бишкек шаарына көчүп келгенибизге сегиз жылдын жүзү болду. Учурда талаа иштеринде жер-жемиштерди сорттоп иштейбиз. Бул жумушта отуруп алып иштегенге ден соолугума жеңилирээк. А Токтогулда жашап жүргөндө дыйканчылык кылып эле балдарыбызды бакчубуз. Бир курбу кызым мени сатып коюп, үч жылдай түрмөдө отуруп чыккам. Ошонун айынан үйүбүздү сатууга туура келген. Түрмөдө отурганда катуу стресстен улам кан басымым 200гө чейин көтөрүлүп, “өлөт” болуп жатып араң калыбыма келгем. Азыркы ооруларым да ошол учурда пайда болду. Чыккан соң улам кан басымым көтөрүлүп, башым ооруп, айылдын климаты ден соолугума жакпай койгондуктан үй-бүлөбүз менен бул жакка келгенбиз. Үч кызым турмушка чыгышкан, кичүүсү мектеп окуучусу. Тилекке каршы, бир кызымдын турмуштан жолу болбой ажырашып кеткен. Уулум медреседе билим алып жатат. Үчүнчү кызымдын тун кызынын кулагы укпайт, сүйлөбөйт. Азыр ошого жардам сурап жүрөбүз.

“Неберемдин сүйлөбөгөнүн эркелик катары кабыл алчубуз”

  • Негизи, неберем эки жашына чейин угуп эле жүргөндөй туюлчу. Себеби уктап жатканда бир нерсе шылдыраса ойгонуп кетер эле. Андан кийин эле атынан чакырсак укпай баштады. Бир нерсе сураса колу менен көрсөтүп же үн менен түшүндүрчү. Башында укпай жатканына көп көңүл бурган эмеспиз. Бала да, оюнга алаксып жатат деп ойлочубуз. Кийин чалдыр-булдур сүйлөп баштаганда “бул курактуу балдар жок дегенде “ата”, “апа” деп так сүйлөшү керек эле” деген ой менен логопедге алып барсак кулагына ириң толуп, тешиги бүтөлүп калыптыр. Бул суу киргенден улам болуусу ыктымал экендигин айткан. Аны доктурга улам барып отуруп дарылатканбыз. Бирок неберем ошол бойдон уккан жок.

“Оюнда көп нерсе сүйлөйт, бирок биз анын бирин да түшүнбөйбүз”

  • Эми доктурлар неберемдин кулагына аппарат салып көрөлү деп жатышат. Бирок аны салганда эле угуп кетерине кепилдик беришкен жок. Себеби кулагы токсон пайызы укпайт экен. Эгерде аппарат жардамын бербесе тез арада Индиядан операция жасоо керек экен. Операцияны неберем кичинекей кезинде кылдырсак угуп кетүү мүмкүнчүлүгү көбүрөөк экен. Чоңоюп кетсе такыр эле укпай калуу коркунучу бар экен. Азыр беш жашка чыкты, биз кечигип жатабыз. Неберемдин кулагынан башка эч жери оорубайт. Өзү оюнда бир нерселерди эле кыңылдап айта берет. Ар кандай видеолорду телефонго тартып, бир топ нерселерди сүйлөйт. Аны кайра апасына жиберет. Апасы ал айткан нерселердин бирин да түшүнбөсүн кайдан билсин. Кээде колу менен көрсөткөндөрүн деле түшүнбөй калабыз. “Тамак ичебиз, балмуздак жейм” деген сыяктуу нерселерди эле жакшы түшүнөбүз. Супсулуу неберем бар, Кудай буюруп жашоосу да өзүндөй сулуу болсо болбойт беле. Неберемдин келечегин ойлосом жан дүйнөм жанчылып кетет.  

“Кызы үчүн Якутияга кеткен ата-энеси өздөрү талаада калышты”

  • Аппараттын эң эле арзаны 38 миң сом экен. Ал эми операциянын кызматы 5 миң долларга чейин болот дешти. Биздин азыр аппарат сатып алууга деле акчабыз жок. Кызым жолдошу экөө иштеп акча таап келебиз деп Якутияга кетишкен. Балдарын турмуштан ажырашкан кызым экөөбүз карап жатабыз. Якутияга барып бири куруучу болсо, экинчиси ошол куруучулардын тамагын жасап берип иштеп жатышкан. Ошентип, аз убакыт иштегенде эле карантин болуп кетпедиби. Анан Якутиядагы кыргыздар менен биргеликте жөө-жалаңдап Новосибирск шаарына келип 14 күн обсервацияда жатышты. Кызым мурда сарык менен ооруган, анысы учурда кайра кармап жатыптыр. Азыр кусуп, баса албай жөрмөлөп жүрөт. Кыргыз элчилигине барса кетчү рейсти күтүүнү айтыптыр. Азыр акчасы жок, ачка деле калып калган күндөрү болуп жатат. Бир мүлкүн саталы десек кызымдын жашоо-шарты начар. Кайын журту да батирде жашашат. Кызым менен күйөө балам билимсиз, картошка, сабиздерди сорттоп иштеп күнүмдүк жашоосуна, батирине эле араң каражат табышат. Бизде деле колго илинерлик эч нерсе жок, үйүм болсо неберем үчүн аны деле сатып бермекмин, тилекке каршы, арзанына карап Кантта батирде жашайбыз. Башка кыздарым деле батирлеп өп-чап турмушта жашашат. Ошондуктан акыркы үмүтүбүз карапайым калкта. Ушул кичинекей наристенин келечегине кайдыгер карабаган адамдар арабызда бар деп ишенебиз.

Элсом: 0705 63 89 76 

Сбербанк: 4817760209403454

Айгерим Токтобай кызы

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here