Кулпунайдан эмнелерди жасоого болот?
Пирог
Кандай азыктар керек?
Кулпунай: 600 г
Ун: 500 г
Сүт: 300 мл
Шекер упасы: 400 г
Каймакмай: 200 г
Жумуртка: 4 даана
Көптүргүч (разрыхлитель): 10 г
Кантип жасалат?
Идишке сүттү муздак бойдон, жумуртка, эритилген каймакмай жана шекер упасын кошуп жакшылап аралаштырасыз.
Ун менен көптүргүчтү кошуп дагы аралаштырасыз. Бүдүрлөрү жок коюу камыр пайда болот.
Калыпты майлап, камырды куясыз.
Кулпунайды жууп, чөптөрүн алып, тең ортосунан экиге бөлүп камырдын үстүнө тизесиз.
Пирог 180 градустагы духовкада 35 мүнөттө бышат. Пирогдун көтөрүлгөнүн эске алып чуңкурураак калыпты пайдаланыңыз.
Мармелад
Кандай азыктар керек?
Кулпунай: 300 г
Суу: 100 мл
Желатин: 15 г
Кантип жасалат?
Кулпунайды жууп, тазалап блендерде пюре кылып майдалайсыз.
Желатинди 100 г сууга 30 мүнөт салып коёсуз.
Кулпунай пюресин отко коюп тынымсыз аралаштырып турасыз.
Анан желатинди кошуп жакшылап аралаштырып, калыптарга куюп коёсуз.
Муздаган соң муздаткычка салып коёсуз.
Пастила
Кулпунай: 1 кг
Шекер: 200 г
Жарты лимондун ширеси
Кантип жасалат?
Кулпунайларды жууп-тазалап, кургатуу үчүн кагаз майлыкка жайып коёсуз.
Андан кийин блендерге салып майдалайсыз.
Шекер менен лимон ширесин кошосуз. Шекердин өлчөмүн кулпунайдын таттуулугуна карап азайтып же көбөйтсөңүз болот. Лимон ширеси болсо пастилага жагымдуу кычкыл даам гана бербей, ачык түс да берет.
Калыпка пергамент кагазын салып, анын үстүнө пюрени тегиз кылып жаясыз. Калыңдыгы болжол менен 0,5 см болсун.
Калыпты 60-80 градустагы духовкага коёсуз.
Даяр болуу убактысы болжол менен 3 саат. Бул убакыт аралыгында ашыкча нымдуулук чыгып кетиши үчүн духовканын эшигин маал-маалы менен ачып туруңуз.
Даяр болгон пастила колго да жармашпагыдай, өтө катып кетпегендей да болууга тийиш.
Бир аз муздаган соң пастиланы алып, рулет кылып ороп коёсуз.
Повидло
Кандай азыктар керек?
Кулпунай: 1 кг
Шекер: 0,5 кг
Кантип жасалат?
Кулпунайды жууп-тазалап, блендерге салып майдалайсыз.
Шекерди кошуп, жай отто бир саат кайнатасыз.
Коюу болушун кааласаңыз шекерден көбүрөөк кошсоңуз болот.
Коктейль
Кандай азыктар керек?
Кулпунай: 100 г
Сүт: 1 стакан
Ваниль балмуздагы: 4 чоң кашык
Кантип жасалат?
Кулпунайды таза жууп, чөптөрүн алып блендерге саласыз.
Үстүнө сүттү куюп, балмуздакты салып майдалайсыз.
Эгерде кычкыл болуп калса бир аз бал же шекер упасын кошуп койсоңуз болот.