Негизгиге Ден соолук Медицинанын күчү жетпеген ооруларга заара дааба болот

Медицинанын күчү жетпеген ооруларга заара дааба болот

1840

Медицина жардам бербеген ооруларды карапайым калк элдик ыкмалар менен дарылап келишкен. Элдик ыкмада эл баалабаган заараны Авиценна, Гиппократ, Байыркы Тибет менен Индияда жана Чыгыш мамлекеттеринде дары катары колдонуп келишкен. Заара менен бир топ ооруларды айыктыруунун рецепттерин сиздер менен бөлүшүүнү туура көрдүк.

Заара менен дарылоону медицинада уринотерапия деп атап коюшат. Уринотерапия (латындын urea — «заара» жана гректин therapeia — «дарылануу») заараны дары катары колдонуу дегенди түшүндүрөт. Нормалдуу зааранын өңү тунук сары болот. Зааранын өңү адамдын тамактануусуна жана курчап турган чөйрөнүн температурасына байланыштуу. Чоң адамдар бир күндө 1200дөн 1600 миллиграммга чейин заара бөлүп чыгарат. Заара менен кошо туз, суу, заара кислотасы жана башка химиялык заттар чыгат. Дары катары ден соолугу чың адамдын заарасы колдонулат. Түнкү 3төн баштап күндүзгү 3кө чейинки заара кычкылдуу заара болот. Дал ушул убакыт аралыгындагы заара дары катары колдонулат. Ал эми башка убакыттагы зааралардын дарылык касиети жок.

▶️Заара кайсы ооруларга дары?
Күйүккө, шишикке, чымын-чиркейлер чагып алган жерлерге, экзема, темир өткү, чакалай, астма, ич катуу, өпкөгө суук тийүү, кургак учук, эндокрин системасынын оорулары, диабет, ревматизм, боор, буттун подаграсы, залалдуу шишиктер, бөйрөк жана богок ооруларына пайдалуу.

▶️Заараны колдонуунун эрежеси
“Заара менен дарыланам” дегендерге компресс жасоо жана ичүү сунушталат. Ичиле турган заара жаңы эле бөлүнүп чыккан заара болуш керек. Ал эми компресс жасала турган заара жаңы бөлүнүп чыккан же кайнатылган заара болушу шарт. Денеге заараны шыбап массаж алгандан кийин самынсыз жылуу сууга бир ирет чайкануу сунушталат. Заараны кабыл алып жатканда туура тамактанып, тамактануунун эрежелерин сактоо зарыл. Тамак рационунда эт, жашылча жана жер-жемиштер, кактар, жаңгактар, картошка болушу зарыл. Ал эми заараны ичип жатканда суткасына жок дегенде бир литр суу кабыл алуу керек.

▶️Заараны компресс катары колдонуунун ыкмалары
☑️Компресске жаңы жана кайнатылган заараны колдонушат. Алгач заараны туура кайнатып алуу керек. Эмаль же айнек (алюминий идиш болбойт) идишине 400 грамм заараны (эски, жаңы, чоң киши, балдардыкы боло берет) куюп, аны жай отко 100 грамм калгыча кайнатуу керек. Анан жылуу кезде компресс жасоо сунушталат.
☑️Радикулит оорусунда: заараны ылайга аралаштыруу керек. Аралашма каймактын коюулугундай болууга тийиш. Ооруган жериңизге даки коюп, анын үстүнө даяр массаны 2-3 см кылып жабасыз. Даарат кагазы менен жаап, андан кийин жылуу моюн орогуч менен ороп коёсуз.
☑️Буттун муундарынын оорусунда: 1 чай кашык кургатылган же жаңы өсүп чыккан чалкандын майдаланган жалбырагы, 1 чай кашык каакым, 1 чай кашык шалфей жана 500 миллиграмм заара керектелет. Дарылык касиети бар чөптөрдү аралаштырып, аны ысытылган заарага салып, оозун жаап бир саат тыныктырып коюш керек. Даяр болгон соң аны таштекке куюп, 20-30 мүнөт бутуңузду салып олтуруңуз.
☑️Жарат алган жер шишип кетсе: кулап түшүп бир жериңиз кокусунан кесилип кетсе, жараттан соң бутуңуз шишип ыйлаакчалар пайда болуп айыкпай жатса, төмөндөгү ыкманы колдонуп көрүңүз, балким, сизге жардамы тийип калар. Ал үчүн сиз зааранын ортоңку бөлүгүн тосуп алып, ага кебезден жасалган чүпүрөктү салып нымдап алган соң жаратыңызды таңып коюңуз. Компресстен соң тери күйүп калбаш үчүн суу менен жууп, төө буурчак, өсүмдүк майы менен сүртүп коюңуз. Ушул ыкманы экзема, чакалай, темир өткү ооруларында 10-15 жолу жасоо зарыл.
☑️Чачы түшүп таз боло баштагандарга: чачыңыз күбүлүп түшүп, аны токтото албай жатсаңыз, кайнатылган заара жылуу кезде чачыңыздын тамырынан учуна чейин сүйкөп компресс жасаңыз. Андан соң башыңызга желим баштык кийип, сүлгү менен жылуулап ороп же баш кийим кийип алыңыз. Бир сааттан кийин башыңызды жылуу суу менен чайкап алыңыз. Эгер жыты сизге жакпай жатса, кайнатылган заарага 2 тамчы апельсиндин же лаванданын жыпар жыттуу майын кошуп койсоңуз болот. Бул ыкманы эки жума катары менен күн сайын жасаңыз, ошондо гана жыйынтыгын көрсөтөт. Аталган ыкма чачтагы какачтан арылтып, анын майлуулугун кетирет. Эгер чачыңыздын тез өсүшүн кааласаңыз, анда заараны 5-7 күн коюп, андан кийин жылытып компресс жасаңыз.
☑️Беттеги безеткини кетирүүдө: күнүгө эртең менен жаңы заарага кездемени нымдап алып беттеги безеткиге сүртүп, андан кийин бетти 10-15 мүнөткө чейин жуубай туруу зарыл. Ал эми кечкисин кайнатылган заараны колдонуу сунушталат. Бетти жууганда самынсыз жылуу суу менен гана жуу зарыл. Бул ыкманы үч жума катары менен калтырбай жасоо керек. Өзгөчө кайнатылган заара бетти безеткиден арылтып, бырыштарды кетирүүчү касиетке ээ.
☑️Буттагы жагымсыз жыттан арылууда: күн сайын эртең менен жана кечинде, эгер убактыңыз тар болсо, кечинде заараны эки жума катары менен бутуңузга сүртүп туруңуз. Бул ыкманы колдонуу менен белгилүү сулуу Мадонна да буттун жагымсыз жытынан жана анын тердей берүүсүнөн арылган.
☑️Көрүүнү калыбына келтирүүдө: бир күндө 5-10 тамчыга чейин 3-4 жолу мурдуңузга тамчылатыңыз. Эгер заара туздуу болуп мурдуңузду ачыштырса, анда ага кайнатылган жылуу суудан бир аз аралаштырып алыңыз.
☑️Рак ооруларында: жыл сайын бир ай үзгүлтүксүз өзүнүн заарасын ичип жүрсө, ал рак ооруларынын алдын алат. Себеби зааранын курамындагы антиген иммунитетти күчөтөт. Бирок бул илимде далилденген эмес.

СоӊкуКызганчаак адам менен кантип жашоо керек?
КийинкиМээни да азыктандыруу керек