Негизгиге Ден соолук Мээни да азыктандыруу керек

Мээни да азыктандыруу керек

1228

Эс алуусуз иштеген күндөрү мээге күч келип адам эске тутуу жөндөмдүүлүгүн жоготуп, маалыматты кабыл ала албай бат-баттан чарчай баштайт. Мындай мезгилде адам мээге жардам берип ага керектүү пайдалуу азыктарды жеп турушу керек.

☑️Кара карагат
Курамында антоциан заты бар кара карагат баш мээнин иштешин жакшыртып, эс тутумду жакшыртат. Мындан тышкары кем акылдуулук жана нерв ооруларынын алдын алат. Медицинада эс-акылын убактылуу жоготуп, өткөн жашоосун эстей албагандарга бул азык дары катары сунушталып келет. Кара карагаттын өзүн же тундурмасын 1 күндө 1-2 стакандан ичсеңиз болот.

☑️Сельдерей
Курамында лютеолин заты басымдуу болгон сельдерей картаюу жана унутчаактык процессин жайлатуучу касиетке ээ. Мындан тышкары сельдерей артериядагы холестеринди азайтат. Сельдерейди ашкөк салаттарына кошуп же өзүн зайтун майына аралаштырып жесеңиз болот.

☑️Жаңгактар
Жаңгактардын курамынан Омега-3 майлуу кислотасын, темирди жана фосфорду кезиктирүүгө болот. Бул заттар картаюу процессин жайлатып, мээнин иштөөгө жана окууга болгон кыймыл-аракетин тездетет. Унутчаактык менен ооругандар күнүмдүк рационуна жаңгак жана бадам жемиштерин киргизүү керек. Бадам жемиши нерв менен мээ системаларынын ишин жөнгө салат. Бир күндө 2-3 даана жаңгак жеген пайдалуу.

☑️Жумуртка
Бул азык мээни сергек кармап, эс тутумдун узакка сактоо жөндөмдүүлүгүн күчөтөт. Анын курамындагы холин заты жүрөктүн иштешин, мембраналык клеткаларды жана мээнин ишин жөнгө салып, жакшыртат. Адамдын жашы улам улгайган сайын анын мээси кичирейип баштайт. Анын кичирейишинин алдын алууда сунушталуучу азыктардын бири — жумуртка. Себеби жумуртканын курамындагы В12 витамини жана лецитин заты кем акылдык оорулардын алдын алып, мээни кургатпай кармап турат. Бир күндө 1-2 даана гана жумуртка жеш керек. Андан ашык жеген пайда эмес, зыян алып келет.

☑️Алма
Бул мөмө башка мөмөлөрдөн кверцетин жана антиоксидант затына бай болуусу менен айырмаланат. Бул заттар мээни нерв ооруларынан сактап, эс тутумду жогорулатат. Күнүгө 1-2 алма жеп туруу зарыл.

☑️Төө буурчак
Төө буурчактын курамынан адамга керектүү бардык витаминдерди жана минералдык заттарды кезиктире алабыз. Анын курамынан эс тутумду жакшыртуучу фолий кислотасын кезиктирүүгө болот. Аталган кислота маалыматты кабыл алып, ишке болгон жөндөмдүүлүктү күчөтөт. Бир күндө сууга бышкан 5-6 аш кашык төө буурчактан салат жасап жесеңиз болот. Өлчөмүнөн ашыкча кабыл алуу пайдасын эмес, терс таасирин тийгизет.

☑️Балык
Илимий изилдөөдө жумасына 1 ирет балык жеп жүргөн адам балык жебеген адамга салыштырмалуу унутчаактык оорусу менен 10-15 пайыз азыраак ооруй турганы аныкталган. Форель, лосось, сардина жана тунец балыктарында кезигүүчү Омега-3 майлуу кислотасы кем акылдуулуктун алдын алып, акыл-эс жөндөмдүүлүктү жөнгө салып, эс тутумду жогорулатат жана мээнин иштешин жакшыртат. Жумасына 1 балыктан жеп турсаңыз, кем акылдуулук же унутчаактык ооруларынын алдын аласыз.

☑️Пияз
Эс тутумду жакшыртуучу дары катары илгертен бери Индияда пияз колдонулуп келет. Пияз канды суюлтуу менен мээдеги кандын айланышын жакшыртып, стресстен чыгарат жана мээнин чарчоосун басаңдатат. Пияздан бөлүнүп чыккан заттар клеткаларды жашартып, аларды активдештирет. Мындан тышкары пияз жогорку кан басымы, рак жана кант диабети ооруларын болтурбоого аракет кылып, семирип кетүүдөн сактайт. Жумуртканын көлөмүндөй болгон бир даана пиязды экиге бөлүп, анын жарымын бир күндүн ичинде жеп түгөтүш керек.

☑️Ашкөк салаттары
Тамак-ашыбызга кошуучу ашкөктөрдүн пайдалуулугу жогору экенине көпчүлүгүбүз ынана бербейбиз. Мисалы, капуста жана шпинаттын курамындагы заттар биз унутуп калган окуяны эстөөгө жардам берет. Алардын курамындагы В6, В12 витаминдери жана фолий кислотасы адамды унутчаактыкка жетелөөнүн деңгээлин азайтат. Бул ашкөктөрдүн курамында организмге жетишсиз болгон темирди да кезиктирүүгө болот.

☑️Кара шоколад
Кара шоколад да мээнин ишин жөнгө салуучу азыктардын бири. Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө караганда шоколаддын курамындагы какаодо флавонол аттуу зат бар. Дал ушул зат мээнин иши начарлаганда, мисалы, адам чарчаганда, уйкусу канбаганда ага оң таасир этет экен. Шоколад адамга ырахат тартуулап, позитивдүү ойлорду ойлогонго түрткү берет.

СоӊкуМедицинанын күчү жетпеген ооруларга заара дааба болот
КийинкиАлма уксусунун биз билбеген сырлары