Негизгиге Ааламда Өзүнүн колун өзү кескен альпинист

Өзүнүн колун өзү кескен альпинист

568

Кудайдын кудурети менен өлүмдөн аман калгандар

Өзүнүн колун өзү кескен альпинист

Америкалык альпинист Арон Ралстон Юта штатындагы каньондо жүргөндө оң колун чоң таш басып калат. Ал өзү жалгыз болчу жана бул жакка келерин эч кимге айткан эмес. Андыктан эч ким өзүн издебесин жана жардамга келбесин билип, колун өз алдынча чыгаруунун аракетин көрө берген. Бирок аракетинен эч кандай майнап чыкпайт. Төртүнчү күн дегенде суусу түгөнүп, өзүнүн заарасын иче баштайт. Бешинчи күнү коштошуу видеосун тартып, ташка атын жазып, туулган жана өлө турган күнүн чегип түшүргөн.
Жогото турган эч нерсеси калбай калган кезде Арон жашоо үчүн акыркы аракетин кылып көрүүнү чечет: таштан бошонуу үчүн колун чыканагынан кесет. Жан чыдагыс оору менен коштолгон бул “операция” бир саатка созулат. Кандын шорголоп акканына карабай чөл менен 13 километрдей жүргөн. Качан гана алдынан адамдар чыкканда алар Аронго жардам көрсөтүшкөн. 2003-жылы өз башынан өткөн бул окуя тууралуу альпинист “127 саат” аттуу китеп жазат. Бул китептин негизинде аталышын да өзгөртпөй режиссёр Дэнни Бойл фильм тарткан. Кинодо башкы Арондун ролун Джеймс Франко аткарган.

 

СоӊкуАйымкүл Аманбаева, апасы: Балам келгенде ырдап , бир жылдык бугубузду чыгарып алабыз
КийинкиЖубайымдын мамилеси неге өзгөрдү?