Негизгиге Интервью Султан Садыралиевдин жубайы Асел: Султан жакшы жакка өзгөрдү

Султан Садыралиевдин жубайы Асел: Султан жакшы жакка өзгөрдү

137

Султан Садыралиевдин жубайы Асел: “Султан жакшы жакка өзгөрдү”

Он беш жыл мурда бул ырчы жигит далай кыздардын түн уйкусун бөлгөн сүймөнчүгү эле. Султан менен сүрөткө түшүүнү, кол тамга алууну кыялданбаган бийкечтер саналуу болсо керек. Бүгүнкү күндө ырчы бир бүлөнүн ээси, үч баланын атасы. Ырчынын келинчеги жолдошу жана балдары тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди.

– Асел айым, балдарыңыз канча жашка чыгып калды?
Улуу балам Акмырза 9 жашка чыкты, 3-класска барат. Кызыбыз Айсанат 7 жашта, кичинекейибизге 1 жаш 7 ай болду. Кесибим боюнча юрист-экономистмин. Бирок азыр балдарымды карап үйдөмүн. Азыр онлайн жумуштун түрү чыгып жатпайбы. Карантин учурунда бир орусиялык компания менен иштештим. Андан сырткары 3 жылдан бери Тибет медицинасы менен иштеп келем.

– Султан менен кандай шартта таанышып, баш кошконуңар кызык?
– Экөөбүз мектептен таанышканбыз. Султан 1999-жылы Казакстандан келгенде  мен 6-класста окучумун. Ошол жылы “Мээрим” фонду уюштурган “Жаш таланттар” сынагына катышып жүрчүбүз. Ал дастан айтчу, мен бийлечүмүн. Биринчи жолугушуу ошол жылдары болгон.

Балалык сезимдер ошондо эле пайда болгонбу?

Ал менден үч жашка улуу. Бала кезде, тескерисинче, мамилебиз карама-каршы болчу. Мага тийишкени кыжырымды гана келтирчү. Азыр Султандан сурасам “сени ошондо эле жакшы көрчүмүн, сезимимди ошентип билдирчүмүн” дейт. Сезимдерибиз кийин бой жеткенде, мен 3-курста окуп жүргөн учурда тутанды.

– Ашынган күйөрмандарынын катарында эмес экенсиз да?
– Аны жолдошум деле жакшы билет, мен эч убакта анын, дегеле башка ырчынын күйөрманы болгон эмесмин. Жолдошумдун кулк-мүнөзүн атактуу болгонго чейин жакшы билчүмүн.

Балалыгында кандай бала эле? Мектептеги Султан эмнеси менен эсиңизде?
– Ошол жылдары эле спортко жакын болчу. Волейболду, теннисти мыкты ойночу. Эгер ырчы болбосо спорт жаатында ийгилик жаратмак. Быйыл кышында көлдө эс алып жүргөндө ошол жакта стол тенниси бар экен. 15 киши менен ойноп, баарын утту. Жолдошум үчүн сүйүнүп ыкчамдыгын жогото элек экен деп ойлоп калдым. Азыр балдарын спортко жакын тарбиялап жатат.

Үйдө канчанчы келинсиз?
– Жолдошум эки уулдун кичүүсү. Казакстанда улуу байкебиз ата-энебиздин колунда турат. Апам быйыл 67 жашка чыкты. Биз ал жакка тойго, туулган күндөргө жана жөн эле эс алуу күндөрү барабыз. Канчалык көп жүргүбүз келсе да шартка байланыштуу 5 күндөн ашык жүрө албайбыз. Себеби миграциялык кызматы мыйзам боюнча 5 күнгө жүрүүгө гана уруксат берет. Анын үстүнө Султандын да шаарда жумуштары көп. Болбосо ал жакта жүрө бергиң эле келет. Биз барганда үч кайнежем келет, кайнагам абдан тамашакөй адам. Алар менен тамак үстүндө сүйлөшүп отуруу өзүнчө эле ырахат. Жолдошум үйдө эрке бала, мен эрке келинмин. Мени эркелетип оюм менен болгон апама рахмат.

– Султан бир маегинде жер үй салып жатканын айткан эле. Ал үйүңөр бүткөнбү?
– Султан көп учурда эки жакка чыгат, балдар менен жалгыз калган күндөр болот. Ушундан улам биздин ыңгайыбызга карап жолдошум жер тамды сатып, шаардын борборунан батир алганбыз. Тапкан акчабызды улам акырындан чоңойтуп жатып акырында үйлүү болдук. Үйлүү болуу деле оңой мээнет эмес. Ал үчүн максатты туура койдук, эки жакка жөнү жок чачылбай тапкан акчабызды чогултуп жаттык. Буюрса, акыбети кайтып пайдубалыбыз куралып калды.

– Убакыт өткөн сайын сүйүү өзгөрөт бекен?
–  Негизи, аял менен эркек эки башка жакшы көрөт. Аял жакшы сөздү, мамилени бааласа, эркек камкордукту баалайт тура. Он жылдын ичинде сүйүү деле өзгөрөт экен. Жаңы баш кошкондо каныбыз кайнап, сезимибиз башкача болсо, азыр токтоло түштүк. Бири-бирибизди аяп, көз карашты сыйлап, түшүнүү менен мамиле кылганды үйрөнөт экенсиң. Мурда “антпей койдуң, минтпей койдуң” деп жөнү жок таарына берсең, кийин ар бир кадамын сөзү жок эле түшүнүп каласың дегендей.

– Үйдөгү түшүнбөстүк силерде кандай учурда чыгат?
– Баланын тарбиясы биздин үйдө биринчи орунда турат. Ошонун айынан кээде түшүнбөстүктөр келип чыгат. Мен балдарды катуу тартипте кармайм. Кээде урушуп коём. Атасы, тескерисинче, ою менен болот. Айтканын алып берип, эркелетип жиберет. “Чектен ашып эркелетип жатасың, андай кылбаш керек” деп мен чыгам. Ал “балалыгы ойдогудай өтүш керек, эч нерседен кем болбош керек, балалыгын эсте каларлык кылалы да” дейт. Экөөбүз урушабыз. Кайра эле бат бир пикирге келебиз. Атасынын канчалык көп эркелеткенине карабай балдарыбыз андай деле эрке эмес. Уулубуз Акмырза эмгекчил болчудай. Бир жылдан бери атасынын жанын койбой “иштегим келет” дей берди. Башында атасы маани бербей “азыр кичинекейсиң” деп койчу. Бир ирет көлгө эс алууга барганда көл жээкте жүгөрү, май токоч сатып жүргөн өзүнөн кичүү балдарды көрүп алып “иштейм” деп туруп алды. Улам качан иштейм деп сурай бергенинен атасы досунун тигүү цехине киргизип койду. Цехтин ичинде өзүнө ылайыктуу жумуштарды жасап жүрүп бир жумада 140 сом таап келиптир, чогултуп дрон алам дейт. Уулума ичим жылып, ыраазы болуп калдым. Башынан эле акча чогултканды жакшы көрөт, келечекте сарамжалдуу болот окшойт деп ойлоп койдум.

– Жолдошуңуздун мүнөзүндө он жыл аралыгында өзгөрүү болдубу?
– Абдан өзгөрүү болду. Жаңы баш кошкон жылдары шашма, ачуусу бат келчү. “Эгиз жүрөк” деген ырынын клибине мен тартылмакмын. Баарын даярдап, көйнөктөрдү сатып берип съёмка болор күнү экөөбүз болбогон нерсеге чыртылдап уруша кеттик. “Тартылбасаң кой” деп салды, экөөбүз жаңы баш кошуп, Акмырза боюмда бар кез эле. Маанайым бат-баттан өзгөрүп турчу. Мен да тартылбайм деп салдым. Ошентип, башка кыз тартылды, кийин клипти көргөндө “каап, ачууга алдырбай эле тартылып койсом эстелик болуп калмак экен” деп калдым. Азыр токтоо, бир ишти жасаардан мурда көп ойлонот, жети өлчөп бир кесет. Кайсы убакта, кантип андай өзгөрүү болгонун өзүм да аңдабай калдым. Эч ким менен урушпайт, бирөө туура эмес сүйлөсө “макул, бир тууганым, сеники туура” деп коёт. Артынан бирөө жаман сөз сүйлөсө териштирбейт, жөн гана ылайыгы келген жерден акырын айтып коёт.

– Үй-бүлөлүк катыштагы эң жакын достору ким?
– Мирбек, Акбар менен үй-бүлөлүк катыштабыз. Мирбек Таласта болгондуктан көп бара албайбыз, бирок алар шаарга келгенде сөзсүз жолугабыз. Аяштарым менен дайыма телефондон байланышып турам. Узак жылдардан бери достугубуз ого бетер бекемдеди десем болот.

– Султанга эргүү кайсы убакта келет?
– Анын эргүүсү кайсы маалда келерин мен эмес, өзү деле билбейт. Кырдаалга, маанайына жараша болот окшойт. Эргүү келгенде “мага тийишпей тургула” дейт да, бир бөлмөгө кирип кетет. Биз да бул учурду түшүнүү менен карайбыз. Ошол убакта жакшы обон жаралуусу мүмкүн. Ар бир чыгармасын мага угузат, сындатат. Бардык эле чыгармачыл адам ошондой болуш керек. Чыгармачыл адам болбосом да он жылдан бери Султан менен жашап жатып көнүп калдым. Көбү “Султандын жаңы ыры чыгыптыр го, сага жактыбы?” деп сурап калышат. Эл угардан мурда мени менен кеңешип, кээ бир кайрыктарына “ушул сапты кошуп койбойсуңбу” деп ой бөлүшүп турам. Андыктан эл уга электе мен биринчи угам. Мага жолдошумдун репертуарындагы бардык чыгармалар жагат.

Анара Дүйшөналиева

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here