Негизгиге Психология Өспүрүмдөрдүн суицидке баруусуна ким күнөөлүү?

Өспүрүмдөрдүн суицидке баруусуна ким күнөөлүү?

322

Өспүрүмдөрдүн суицидке баруусуна ким күнөөлүү?

“Асынып каза болуптур, секирип кетиптир” деген сөздөрдү камтыган жагымсыз окуялар акыркы кездери көп боло баштады. Балдардын суицидке баруусуна ким күнөөлүү? Бул жаш өспүрүмдөрдүн көйгөйү эмес, бул алардын жанында жүргөн чоңдордун жетишпеген сүйүүсү, көңүл бөлүүсү, түшүнүксүздүгү.

Статистика:

2018-жылы: 88 өспүрүм өз өмүрүн кыйган. Алардын 54ү эркек балдар болсо, 34ү кыздар.

2019-жылы 46 өспүрүм өз өмүрүн кыйган. Алардын 26сы эркек балдар болсо, 20сы кыздар.

Акыркы учурларда катталган фактылар:

Бир шоколад үчүн кыйылган өмүр

11-октябрда Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн сегизинчи кабатынан 14 жаштагы Эмир боюн таштап каза болду. Окуя болгон күнү Эмир сабактан кийин достору менен ойногонго кеткен. Атасы “бир нерсе алып жегиле же компьютер ойногула” деп уулуна 500 сом карматкан. Анан үч дос шаардагы соода борборлорунун бириндеги гипермаркетке кирип шоколад уурдап кармалышат. Соода борборунун күзөтчүсү балдарды суракка алганда Эмир качып кетет да, атасы чалган учурда таттууларды уурдаганын моюнуна алып, ошол бойдон уюлдук телефонун өчүрүп койгон. Андан кийин көп кабаттуу үйлөрдүн бирине кирип лифт менен жетинчи кабатка көтөрүлөт. Аянтчадан ачык терезени көрөт, ага чыгайын десе кыры бийик болот. Ошондуктан жашоочулардын бирине кошунасы болорун, үйгө конок келип бир отургуч жетпей жатканын айтып, күрөө катары 100 сом сунуштайт. Бирок жашоочу акчасын албай отургучун берет. Ошентип өспүрүм терезенин кырына отургуч аркылуу чыгып, секирип кеткен.

Биринин артынан бири асынган сүйүшкөндөр

9-октябрда Аксы районунун Кашка-Суу айылындагы 9-класстын окуучусу Азимбек үйүнүн мал сарайында асынып каза болсо, 11-октябрда анын сүйлөшкөн кызы да асынып алган. Азимбектин апасы баласынын өлүмүнө мектептеги мугалимдерди күнөөлөйт. Анын айтымында, Азимбек мектептен үйгө келе жактанда алкоголсуз энергия берчү суусундугун ичкен. Ошондо мектеп инспектору көрүп калып телефонуна тартып алып, вотсаптан мугалимдерине, атасына да жиберет. Ошол окуядан 2-3 күн өткөндө Азимбек мектепке уюлдук телефонун алып келгени үчүн мугалимдеринен жеме угуп, телефонун алдырып коёт. Ошондон кийин бала түз эле үйүнө барып асынып алат. Ал эми артынан өз өмүрүн кыйган окуучу кыздын таенеси Азимбек жашаган айылда жашачу экен. Экөө каникул учурунда таанышкан. Кыз катында: “Азимбек жок болсо мен да жашай албайм” деп жазып кеткен.

4-класстын окуучусу асынып алган

1-ноябрда Дмитриевка айылында 4-класстын окуучусу сарайда асынып каза болгон. Окуучу окуган мектеп директорунун айтымында, бала буга дейре Беловодск айылында окуган, Дмитриевканын мектебине жыл башында кирген. Классташтары менен эч кандай карама-каршылыкка барган эмес, мугалимдердин айтканын аткарчу, жакшы окуучулардын катарын толуктачу. Өспүрүмдүн ата-энеси Москва районунун айылдарынын биринде жашайт, маркум окуучудан башка үч баласы бар. Азыркы учурда атасы Орусияда иштейт. Окуучу аталган айылда таякесинин үйүндө жашачу.

Айгерим Токтобай кызы

СоӊкуЖер-жемишти туура жеп пайдасын көрүңүз
КийинкиКыз сырын жакын курбу билет