Шоу-бизнестин болочоктогу жылдыздары
Балага жаштайынан шык берип, болочоктогу кесибин туура тандоого түрткү берүү — ата-эненин милдети. “Болор бала башынан” дегендей, мектеп курагынан эле келечекте ким болорун билип, азыртадан кесибинин үстүндө иштеген меймандар бизде конокто. Анда эмесе, алар менен тааныштырабыз.
Эрнар: “Ырдап тапкан каражатка өзүмө дары алам“
— Эрнар, “Суунун боюнда” ыры менен интернет колдонуучуларына тез
арада таанылып кеттиң. Канча убакыттан бери тойлордо ырдап
келесиң?
— Үч жыл мурун Балыкчыдагы Самат деген байкенин тоюнда биринчи жолу
“Ак кеме” аттуу чыгарманы ырдагам. Ошондон кийин мага ырдаган жагып,
чыгармачылыкты улантайын деп чечтим. Тойго чакыргандар да боло
баштады. “Ак кеме” чыгармасы мага көп жерден ийгилик алып келген ак
жолтой ыр болуп берди. А ырчылык талант мага тайларым тарабынан
берилген экен. Азыр Балыкчыдагы орто мектепте 8-класста окуп жатам. 9-
классты аяктаганда Бишкектеги музыкалык мектепке тапшырайын деп
жатам.
— 8-класста окуйсуңбу? Мен сени кичинекей бала деп ойлогом…
— Ооба, мен 15 жашка чыксам дагы кичинекей көрүнөм. “Муундардын өспөй
калышы” деген диагнозум бар. Курсактагы кезимде эле өспөй
калыптырмын. Оорума байланыштуу 10-15 миң сомдук дарыны ай сайын
Орусиядан алдырып турабыз, себеби бизде жок. Бул дарыны алганга чейин
104 сантиметр болчумун, эки жылдан бери ичип жүрүп 115 болуп өстүм.
Тойлордо ырдап тапкан каражатты да ушул дарыга жумшайм. Дүйнөдөгү
мыкты футболист Месси меникиндей оору менен ооручу экен. Футбол
ойнобо дегенге карабай үйүнүн жанындагы футбол талаасына чыгып
тырышып ойноп жүрүп азыркы деңгээлге жеткен. Экөөбүздүн тагдырыбыз
окшош, мен да футбол менен машыгам. Мессинин электрондук дарегин
таппай жатам, тапсам эле жардам сурап кайрылайын дегем.
— Бир күндө канча тойго чыгасың?
— Мен Балыкчы ичинде бир күндө төрт тойго барган күндөрүм болот. Ал
жерде 3 миң сомго чейин ырдасам, андан ары Чолпон-Ата, Бостериге жүз
долларга чейинки ставкам бар. Андан сырткары “жакшы ырдайт экенсиң,
өнөрүң өркүндөй берсин” деп акча кыстарып кеткендер болот. Азыркы
учурда Нарын, Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрүнүн тегерегинде ырдап жүрөм.
— Күнүгө тойдо жүрсөң мектептеги окууң эмне болуп жатат?
— Чынын айтканда, чыгармачылыкка аралаша электе жалаң “5” деген баага
окучумун. Азыр кичине начарлап баратам. Башкысы, Мураталы Күреңкеев
атындагы мектепте өтүлчү сабактарды жакшы окуйм. Башка сабактарды
кааласам окуйм, болбосо көңүл кошмун, тырышып окубайм. Мектептеги
мугалимдерим экөөнү тең бирдей алып кетүүмдү айтышат, бирок мен
жетишпей калам. Ошентсем да урушушпайт, мугалимдерим “класстын
сыймыгысың” дешсе, классташтарым “жылдыз” деп мага дем берип
турушат. Азыр мени көчөдөн таанышып, “интернетте ырдаган бала” деп
айтышат.
Эржан: “ Ата-энем тойлордо ырдоомо каршы”
— Эржан, ырчылыкка кызыгууңа эмне түрткү болду?
— Менин апам көп ырчылардын менеджери жана көпчүлүк шоу-бизнес
өкүлдөрүнүн концерттеринин уюштуруучусу. Апам уюштурган концерттерге
барганга ырчы байке-эжелеримди көрүп менде да кызыгуу пайда болгон.
Учурда Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатында 5-
кластта билим алып жатам. Алгачкы жолу сегиз жашымда сахнага чыккам.
Мен үчүн ырчылык жөн гана хобби эмес, буюрса, бул багытты
профессионалдуу түрдө алып кетким келет. Ошондуктан продюсер менен
иштешем, ал Канат Кадыржан байке. Менеджерим болсо өзүмдүн апам —
Назгүл.
— Сенин ырдап жатканыңа мектеп жамааты кандай карайт?
— Бардыгы эле жакшы дешет, ырдаганыма каршы эмес. Эгерде ырдап
жатканда окуумду таштап же бааларым төмөндөп калса каршы болушмак.
Азыр мен төрт музкалык аспапта кол ойното алам, бирок алар менен
сахнага чыгуума мектептегилер каршы, ушундай талап бар.
— Өзүң жаш болсоң да Спорт ордосунда концерт бердиң эле. Кыйын
болгон жокпу?
— Ооба, “Балдар күнүнө” арнап 1-июнда концерт бердик. Концертке алты ай
даярданганбыз. Бул концертке эч ким демөөрчү болгон эмес, бардыгын ата-
энем көтөргөн. Миң билетти балдар үйүнө берип, келип кайра кеткенге
транспорт менен камсыз кылып, келген 2200 кишинин бардыгына
балмуздак, суусундук таратканбыз. Концертте 14 ыр аткарсам, анын сегизин
жандуу үн менен ырдагам. Концертимдеги дагы бир өзгөчөлүк, сахнанын
үстүнөн түштүм. Муну апам көп ырчыларга сунуштап жүрчү экен, көбү
коркуп баш тартып коюшчу экен. Мага айтканда дароо эле макул болдум.
— Эмнеге тойлорго көп чыкпайсың?
— Мен биринчи орунга окууну коём. Мектепте эртең мененки сегизден кечки
жетиге чейин окуйм дебедимби, ошондуктан чакыруу болсо дем алыш
күндөрү гана барышым мүмкүн. Тойлорго чакыруулар көп болот, бирок апам
“оңой акчага көнүп алат” деп буйрутмаларды кабыл албайт. Бир жолу
Токтогулдан бир эже чалып 500 доллар сунуштаптыр, апам “ жок дегенде 16
жаштан өтсүн, анан каалаган жерине бара берет” деп жооп бериптир.
Малика: “Мени баары Инабат дешет”
— Малика, ыр дүйнөсүнө болгон кызыгууңду ким ойготту?
— Мен 7 жаштамын, учурда Оштогу мектептердин биринде 1-класста окуйм.
Беш жашымдан бери ырдайм. Ата-энем үнүмдү текшертип көргөндө “азыр
тиштери түшүп жатат, кичинекей, бара-бара үнү ачылат” деп айтышыптыр.
Буюрса, 7-класстан баштап музыкалык мектепте окуйм. Мен Анжеликага
окшоп сулуу ырчы болгум келет. Аны менен дуэт ырдагым келет.
— Бир гана Ошто ырдайсыңбы же башка облустарга да чыгасыңбы?
— Бир жумада эки жолу, башкача айтканда, дем алыш күндөрү гана тойго
барам. Ош, Кызыл-Кыя, Баткен, Жалал-Абаддарга чейин чакыруулар болуп
турат, апамдын машинасы менен бардык жакка барабыз. Мен барган
жерлерге чоң ырчылар да келишет, алар менен бир дасторкондо отуруп тамактанабыз. Карап көрсөм алар газдалган суусундук ичишпейт экен,
көрсө, үн жоголот турбайбы, муну уккандан берип мен да ичпей калдым.
— Тойлорго барганда ырчылар кезек күтүшөт, ал эми тойлор түнкү 12, 1ге
дейре уланып кетүүсү ыктымал. Эртеси уйкуң канабы?
— Мен барганда улуу эже-агалар “биринчи Маликаны ырдаткыла. Эртерээк
барып уктасын” деп айтышат. Негизи эле көп тамадалар “биринчи
кичинекейлер ырдасын” дешет. Ошондуктан кечки тогуз же онго чейин үйгө
келип калам.
— Баракчаңды карап көрсөм казак ырчысы Инабаттын образын алып
жүрөт экенсиң?
— Ооба, мага Инабат жагат, ал кайсы ырды ырдаса, мен ошол ырды ырдайм.
Ошондуктан жалаң казак ырларын ырдасам керек. Формаларым, чач
жасалгам да окшош. Тойлорго барганда баары Инабат дешет. Көчөдө
баратсам дагы Инабат деп сүрөткө түшүшөт.
— Тойлорго ставкаң канча?
— Менин ставкам жок, чакыргандар өздөрү ыраазы кылышат. Алар берген
акчага кийим-кечек сатып алабыз, жаңы ырларды жаздырабыз.
Айгерим Токтобай кызы